Терроризмдин алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү маселелеринде сот адилеттиги субъекттеринин потенциалын чыңдоого көмөктөшүү

2022-ж., 3-November

Бишкек, 2022-жылдын 2-ноябры – 27-28-октябрда Кыргыз Республикасынын он сегиз судьясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот адилеттигинин Жогорку мектебинде өткөн “Террористтик жана экстремисттик багыттагы кылмыштар боюнча иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү” аттуу эки күндүк семинарга катышышты. Тренингдин максаты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин террористтик жана экстремисттик багыттагы кылмыш беренелери боюнча кылмыш иштерин кароону соттук практикада өркүндөтүү болду.

Жергиликтүү соттордун судьялары үчүн семинар төмөнкү темаларда өткөрүлдү: «Алдын ала угуу. Террористтик, экстремисттик багыттагы кылмыштар боюнча иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү. Кылмыш иштери боюнча апелляциялык инстанциядагы сот өндүрүшү. Жазаны аткаруу. Жаза аткарууга байланышкан маселелерди кароо жана чечүү боюнча өндүрүш. Адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары жана механизмдери, дискриминацияга жана теңсиздикке жол бербөө. Укуктук терминдер, кылмыш иштери боюнча кыргыз тилиндеги документтер».

Окуу куралы экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө байланыштуу кылмыштар боюнча соттук практиканы изилдөөнүн негизинде иштелип чыккан жана Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин 2021-жылга карата окуу планына киргизилген. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн милдеттүү иш-чаралардын комплексин бул окуу куралына киргизүүгө негиз болгон. Бул колдонмо 2021-жылдагы мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык жаңыртылган жана биздин сайтта орус тилинде жайгаштырылган.

Төмөндөгү тренерлер окутушту: Бишкек шаардык сотунун судьясы Жамиля Сабитова, Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков, Ленин райондук сотунун төрайымы Кымбат Архарова, Аламүдүн райондук сотунун судьясы Аида Жээнбекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуучусу Гүлнара Дүйшөнбекова, юридика илимдеринин кандидаты, доцент, «Кыргызстандын юристтери ассоциациясы» коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Нургүл Салпиева.

Семинар “Кыргыз аял-судьяларынын ассоциациясы” коомдук бирикмеси жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот адилеттигинин Жогорку мектеби менен биргеликте БУУӨПтүн “Азияда зомбулуктуу экстремизмге туруктуулукту бекемдөө (STRIVE Asia) долбоорунун колдоосунда өткөрүлдү жана Европа Биримдиги жана БУУнун биргелешкен өнөктөштүгүнүн алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланды.

Иш-чарадагы сүрөттөр төмөнкү шилтемеде: https://flic.kr/s/aHBqjAdgM7

***

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси nurzhan.alymkanova@undp.org