Пилоттук жамааттарда социалдык биримдикти чыңдоо боюнча иш-чаралар башталды

2022-ж., 21-July

Activities to strengthen social cohesion commenced in pilot communities

Akyn Bakirov

Бишкек, 2020-жылдын 21-июлу – Айдаркен, Ош, Ноокат, Өзгөн, Сузак, Токмок жана Балыкчы шаарларындагы пилоттук жамааттарда жаштар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларда Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Концепциясынын алкагында тынчтык, адам укуктары жана гендердик теңчилик боюнча идеяларды илгерилетүү аркылуу жалпы жана инклюзивдик жарандык иденттүүлүктү бекемдөөнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

Эске салсак, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргыз Республикасында 2021-2026-жылдардагы мөөнөттө Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Концепциясы бекитилген. Пилоттук жамааттардагы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө БУУнун биргелешкен «Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана жалпы жарандык иденттүүлүк» долбоорунун колдоосунда жүзөгө ашырылууда. Долбоорду БУУнун Тынчтык куруу фонду каржылап, ал БУУӨП, ЮНИСЕФ жана Адам укугу боюнча жогорку комиссар башкармалыгы тарабынан ишке ашырылууда.

Бардык жолугушууларда мамлекеттик да, жарандык да уюмдар менен тыгыз өнөктөштүк тууралуу макулдашуулар жетишилди. «Долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен «Кыргыз жараны» концепциясын жайылтуу боюнча кызматташа турганы жакшы кубандырат», - дейт жолугушуу учурунда Сузак районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты Чынара Жусупова. Ошондой эле, Сузакта жаштар лидерлери активдүү талкуу жүргүзүп, долбоордун алкагындагы мүмкүнчүлүктөр боюнча кызыктырган суроолорун беришип, социалдык маанилүү процесстерге тартканы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. «Долбоордун бет ачары тууралуу маалымат Сузак районунун жаштар лидерлери аркылуу таратылганы жакшы болду. Бул жолугушуу тууралуу ар түрдүү адамдар кабардар болуп, катышууга мүмкүнчүлүк алышты», - дейт жаш активист Шерзод Умарбеков.

ЮНИСЕФтин өспүрүмдөр жана жаштарды өнүктүрүү долбоорунун координатору Нурия Каракулова, төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: «Бардык калктуу конуштардагы жолугушуулардын катышуучулары долбоордун алкагында күчтөрдү бириктирип, “Кыргыз жараны” мамлекеттик концепциясын ишке ашырууга салым кошууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жаштардын ачыктыгы мени абдан таң калтырды, алар өз жамааттарындагы маселелери жана көйгөйлөрү тууралуу айтышып, аларды биргеликте чечүүгө боло турган жолдору менен бөлүшүп өтүштү. «Кыргыз жараны» биздин өкмөт үчүн биринчи кезектеги артыкчылык болгондуктан, биз Концепция бардык деңгээлде ишке ашырылышын камсыз кылышыбыз керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул мамлекет өспүрүмдөр менен жаштарга баарынан жакын боло турган жер, анда кырдаалды анык баалап, алардын көйгөйлөрүн чечүү, алардын укуктарын ишке ашыруу жана өнүктүрүү үчүн тез жана максаттуу чараларды көрүүгө болот».

БУУнун бул биргелешкен долбоорунун алкагында да кеңири маалыматтык кампания жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү менен координациялык жолугушуулар өткөрүлүүдө.

***

Аймактардагы жолугушуулардан сүрөттөр: https://flic.kr/s/aHBqjzWnEB

уникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org.