Алина Руссу «Айымдардын саясатка катышуусунда акчанын таасири» аттуу онлайн талкуу учурунда. Фото: Аданбаев Улукбек/БУУӨП Кыргызстан
Айымдардын саясий турмушка катышуусун жогорулатууга арналган иш-чаралар топтомунун уландысы катары бүгүн, 2020-жылдын 13-августунда, «Айымдардын саясатка катышуусунда акчанын таасири» аттуу тема боюнча онлайн-талкуу болуп өттү. Талкууну Молдова БШКсынын мурдагы төрайымы Алина Руссу алып барды. Онлайн-талкуунун башкы максаты – Молованын тажрыйбасы мисалында айымдардын саясатка катышуусундагы акчанын таасири тууралуу талкуулоо болду.
Алина Руссу Молдова, Румыния жана Украинадагы айымдар лидерлиги боюнча мисал келтирип жатып, онлайн - талкуунун катышуучулары менен тажрыйба бөлүштү:
«Айымдар тарабынан башкарылган коомчулуктардын өнүгүүсүн байкаса болот. Бул жагдайды түшүнгөндөн кийини биз айымдардын саясатка катышуусун күчөтүшүбүз керек. 2019 жылы Моловада айымдар квотасын 40 пайызга жогорулаткандан кийин терс билдирүүлөр көп болуп, айрым саясатчы-эркектер партиянын тизмесин потенциалдуу саясатчы-айымдар менен толтурууну көздөп калышкан. Бирок Молдовада айымдар калктын 50 пайызын, ал эми ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн арасында болсо айымдар 60 пайызды түзүшөт. Алдыда гендердик стереотиптерге каршы күрөшүү жана айымдардын саясатка катышуусун күчөтүү аракетинде көптөгөн иш бар».
Иш-чарага 22 адам катышып, алардын көпчүлүгү активдүү суроо беришти. Фото: Аданбаев Улукбек/БУУӨП Кыргызстан
Иш-чарага 22 адам катышып, алардын көпчүлүгү активдүү суроо берип, жолугушуудан алган таасирлери жана айрым ой-пикирлери менен бөлүштү. Талкуу учурунда катышуучулардын бири өз оюн билдирди:
«Талкуунун темасы абдан актуалдуу, анткени Кыргызстанда айымдар үчүн 30 пайыздык квота кабыл алынганын эске алсак, 226 партиядан келе жаткан шайлоолордо катышуу ниетин билдирген 44 партия квотанын талабын аткарышы керек».
Онлайн-дискуссия Facebook баракчасы аркылуу да жеткиликтүү болуп, көбүрөөк көрүүчүлөрдү камтуу максатында жаздырылып алынды.
Бул иш-чара БУУӨП тарабынан Швейцариянын, Япониянын жана Германиянын өкмөттөрүнүн колдоосу менен жүзөгө ашырылып жаткан Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго жардам берүү программасынын алкагында уюштурулган. Программа Кыргыз Республикасынын Шайлоолор жана референдум боюнча борбордук комиссиясынын 2020-2021-жылдардагы жергиликтүү жана парламенттик шайлоолорду технологияларды колдонуу менен өткөрүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн анын дараметин өнүктүрүүгө жардам берүүгө багытталган. Бул жабдуулар биометриянын негизинде шайлоочуларды идентификациялоонун моделин туруктуу пайдаланууну камсыздоого жана эркин, таза, адилет, ишеним жараткан жана ачык-айкын шайлоолорду жүзөгө ашырууга, ошондой эле аялдардын шайлоочу жана талаптарга шайкеш келген талапкер катары укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган башка факторлорду колдоого алууга жардам берет.
Биографиялык маалымдама:
Алина Руссу 2016-2019-жылдарга чейин Молдованын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын экс-төрайымы болгон, ал шайлоолорду башкаруучу жогорку органды жетектеген тарыхтагы жалгыз аял.
Дипломдуу юрист, 1998-жылы Молдованын Мамлекеттик университетин, ал эми 2004-жылы Молдованын президентине караштуу Жалпы элдик администрация академиясын аяктаган. Алина Европа Кеңешинин, Венеция Комиссиясынын жана ЕККУ АУДИБдин электрондук суроолор боюнча таанылган эксперти болуп саналат. 2016-жылга чейин Руссу айым Молдова Республикасынын Парламентинде МРКП (Молдова Республикасынын Коммунисттер партиясы) Фракциясынын Төрагасынын Аппаратын жетектеген, Борбордук шайлоо комиссиясында жыйынга добуш берүү укугу менен мүчө-өкүл жана Молдова Республикасынын Президентинин Администрациясынын Башкы башкармалыгынын башчысы болуп келген. Алина ЕККУ-АУДИБдин долбоорлорунда иштеген, БУУӨП, БУУ жана башка уюмдар менен биргеликте аялдардын шайлоо процесстерине катышуусун кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашырган жана 2018-жылы расмий түрдө катталган Аялдардын шайлоолордогу бүткүл дүйнөлүк ассоциациясын (women in elections) негиздеген.

