The monitoring trip showed the interest of NGOs in the implementation of small grants

2021-ж., 6-October

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Борбор Азиядагы уран калдыктарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар тараптарды тартуу. II этап» долбоорунун алкагында БУУӨП максаттуу жамааттарда чакан гранттарды ишке ашырат. Бүгүнкү күндө уран калдыктарынын жанында жайгашкан жергиликтүү жамааттардын жети өкмөттүк эмес уюмдары чакан грантка ачык конкурс аркылуу тандалып алынды. Мониторингдик сапар тандалган бейөкмөт уюмдар чакан гранттарды ишке ашырууга канчалык кызыкдар экенин көрсөттү.

Бүгүнкү күндө Орловкада чакан грантты ишке ашыруу ийгиликтүү аяктады.

Мониторинг сапарынын жүрүшүндө БУУӨПтүн Табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу программасынын кызматкерлери: долбоордун координатору Назгүл Шаршенова жана административдик жана финансылык жардамчы Мээрим Сеитова беш өкмөттүк эмес уюмга финансылык жана баяндамалык отчетторду даярдоо жана тапшыруу боюнча тренингди өткөрүштү, ошондой эле Шекафтар айылында чакан гранттын ишке ашырылышынын жүрүшүн текшерди.

Тандалган бардык өкмөттүк эмес уюмдарга чакан гранттарды ишке ашырууда ийгилик каалайбыз.

Долбоор жөнүндө:

Мурда Кыргызстан СССР үчүн урандын жана сейрек кездешүүчү металлдардын эң маанилүү булактарынын биринин ролун аткарган. Тоо-кен иштери 1940-жылдары башталган. Натыйжада 6500 гектарга жакын жер радиацияга жана уулуу булганууга дуушар болгон. Учурда коркунучтуу өтө уулуу калдыктар үчүн 92 полигон бар.

«Борбор Азиядагы уран калдыктарына байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар тараптарды тартуу. II этап» долбоордун ишмердүүлүгү маалымдуулукту жогорулатуу жана жамааттык деңгээлде гендердик жана тобокелдикке сезимтал болгон социалдык-экономикалык жана социалдык багытталган чечимдерди колдоо аркылуу урандын калдыктарынын адамдарга, жашоо-тиричиликке жана айлана-чөйрөгө терс таасиринин коркунучун азайтууга багытталган.