Кыргызстандык журналисттер бизнестеги адам укугу үчүн

2022-ж., 28-November

 

 

Бишкек, 2022-жылдын 25-ноябры, БУУӨП ЖМК өкүлдөрү, анын ичинде аймактык журналисттер, Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жана Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкерлери үчүн «БУУнун адам укуктарынын аспектинде бизнес ишмердүүлүгүндөгү жетектөөчү принциптери» темасындагы тренингдердин сериясын өткөрдү. Бул иш-чара БУУнун бизнес жүргүзүүдөгү адам укуктары аспекттериндеги жетектөөчү принциптери жана бизнес жүргүзүүдө адам укуктарынын эл аралык стандарттарын сактоо боюнча ЖМК кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. Бизнесте адам укуктарынын бузулушу боюнча маселелер жергиликтүү ЖМКлардын кунт коюп көңүл буруусунун объектиси болуп саналбайт. Ал тургай укук бузулган учур баарына белгилүү болгон күндө деле журналисттер дайыма эле тиешелүү иликтөөлөрдү жүргүзүшпөйт, мындай мыйзам бузууларга болгон бизнестин реакцияларына көңүл бурушпайт жана кызыкдар тараптардан интервью алышпайт. БУУнун Жетектөөчү принциптери компаниялардан адам укуктарын коргоо механизмдерин түзүүнү жана аларды иш жүзүндө колдонууну талап кылат.

Бул тренинг Кыргызстанда бизнестеги адам укуктары тууралуу коомчулукка маалымдоо боюнча аябай кеңири, өзгөчө кампаниянын бир бөлүгү болуп саналат. Жетектөөчү принциптер 2030-жылдын Күн тартибине жана анын 17 Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) өз салымын кошууга бизнеске мүмкүнчүлүк берет. Алсак, бул иш-чаранын алкагында Ош жана Бишкек шаарларынан отуздан ашык журналист практикалык сабактарда ишкердик иште, анын ичинде Кыргызстандын контекстинде адам укуктары жаатындагы абалды чагылдырган контентти түзүүнү үйрөндү. Катышуучулар бизнес тарабынан адам укуктарын бузуу учурларын аңдап-түшүнүү жөндөмдөрүнө ээ болду, ар кандай кызыкдар тараптардын көз караштарынын маселелерин (жергиликтүү коомдордун, бизнес-компаниялардын, инвесторлордун, кесиптик бирликтердин, жеткирүүчүлөрдүн жана башкалардын пикирлерин) иликтөөнү окушту.

Оштон келген журналист Сахира Назарова тренинг ага эки ар башка чөйрөнүн: адам укугу менен бизнестин жана алардын өз ара байланышын жакшы түшүнүүгө жардам бергендиги жөнүндө айтты. Ал өз тажрыйбасындагы бир мисал менен бөлүшүп өттү: «Бул чөйрө журналисттер жана укук коргоочулар үчүн өтө актуалдуу. Иштер али көп. Адамдар жумуштан мыйзамсыз бошотууларга даттанышат. Эгерде иш берүүчү жеке ишкер болсо, ортодо келишим, социалдык төлөмдөр жок болсо, алар өздөрүнүн эмгек укуктарын кантип коргойт? Кызматкерлер өз укуктарын, жумуштан бошотуп койгондон кийин аларда сотко кайрылууга 2 ай убактысы бар экендигин биле беришпейт. Алар жардам алуу үчүн кайда кайрылуу керек экенин да билишпейт. Көптөгөн маселелер бар. Тренингден кийин Кыргыз Республикасынын кесиптик бирликтеринин иши жөнүндө материал даярдоо пландаштырылып жатат, бул эмгек укуктарын коргоодо алар кандай маанилүү роль ойной турганын көрсөтүү үчүн зарыл».

Бул семинарлардын тренери, бизнес ишмердигиндеги адам укуктарын коргоо жаатындагы адис Уланбек Шамшидин уулу компаниялар адам укуктарына өздөрүнүн таасирин тийгизе турганын аңдап-түшүнүүгө, аларды бузууга жол бербөөгө жана бул маселелерге байланышкан бардык мүмкүн болгон кесепеттерди чечүүгө тийиш деп түшүндүрдү. «Эгерде компаниялар зыян келтиргенин же зыян келтирүүгө катышканын байкап калса, анда алар зыяндын ордун толтуруу жол-жоболорун аткарууга тийиш. Жетектөөчү принциптерде түшүндүрүлгөндөй, компаниялардын адам укуктарын камсыз кылуу боюнча милдеттери адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттин милдеттерине же кудуретине байланыштуу эмес».

Бул тренингдер Япониянын өкмөтү каржылап жаткан БУУӨПтүн «Бизнес жана адам укуктары» (B+HR) долбоорунун алкагында Кыргызстанда ишкерлик ишмердүүлүгүндөгү аспекттеринде адам укуктарынын маселелерин илгерилетүү боюнча кеңири масштабдуу маалыматтык кампаниянын элементтери болуп саналат. Бизнес жана адам укуктары же ушул сыяктуу саясаттар боюнча Улуттук планын иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга багытталган долбоорду 17 өлкөнүн өкмөттөрү жана мамлекеттик органдары колдоп жатат. Долбоор төмөнкүдөй негизги эки максатка жетүү үчүн кызмат кылат: адам укуктары менен байланышкан (HRDD) абалды баалоо, жагымсыз кесепеттердин алдын алуу жана жеңилдетүү үчүн комплекстүү сактык чараларын иштеп чыгууга компанияларга жардам берүү, ошондой эле максаттуу 17 өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга бизнес тарабынан адам укуктарын бузууларга каршы күрөшүү боюнча саясатты иштеп чыгууга жардам берүү.  

Фотоальбомдорго шилтеме: Бишкек, Ош.

ЖМКлар үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org