Кыргызстанда жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлордун концепциясын киргизүү боюнча жигердүү кадамдар жасалууда

2023-ж., 18-September

Бишкек, Кыргызстан – 2023-жылдын 14-сентябры  – Бишкекте БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен Кыргызстандын токойлорун туруктуу башкаруу жана Жаратылышты коргоо баалуулугу жогору токойлордун концепциясын киргизүү боюнча улуттук семинар болуп өттү. Анда Кыргызстанда экологиялык жактан таза жана экономикалык жактан пайдалуу токой чарбасын түзүүнүн жетишкендиктери жана келечеги тууралуу талкуу болду.

Семинарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, экологиялык уюмдардын, токой чарба ишканаларынын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын өкүлдөрү катышты. Семинардын катышуучулары Кыргызстанда токойду башкаруунун туруктуу практикасын, ыктыярдуу сертификацилоонуну мүмкүнчүлүктөрүн жана Баалуулугу жогору токойлордун концепциясын андан ары ишке ашырууну талкуулашты.

Катышуучулар Кыргызстанда Баалуулугу жогору токойлордун ыкмасын ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү, токойду туруктуу башкаруунун артыкчылыктары жана Батыш Тянь-Шандын максаттуу токой чарба ишканаларында пилоттук колдонуунун артыкчылыктары менен таанышты. Эксперттер ыктыярдуу токойлорун туруктуу башкаруу сертификациясын киргизүү боюнча эл аралык тажрыйба менен бөлүшүп, Токтогул токой чарбасында Баалуулугу жогору токойлордун концепциясынын ишке ашыруусунун пилоттук иштери кандай жүрүп жатканын айтып беришти. Токойду жоопкерчиликтүү башкаруунун инструменттеринин бири катары токойлорду туруктуу башкаруунун ыктыярдуу сертификациясынын Улуттук стандарттарынын иштелип чыккан долбоору өзгөчө кызыгууну жаратты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын токой чарба кызматкерлеринин күнүн белгилөөгө арналды. Семинардын коноктору токой кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн жашыл байлыктарын сактоо жана көбөйтүү боюнча мындай жооптуу аракеттер үчүн ыраазычылык билдиришти.

 

БУУӨП Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлүнүн орун басары Моника Ризал айым өлкөнүн токой тармагын туруктуу өнүктүрүүдө БУУӨП негизги ролун баса белгилеп, “Акыркы он жылда БУУӨП өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүүдө, Кыргызстандын коомдук-саясий системасына жана калктын күнүмдүк турмушуна экологиялык нормаларды жана стандарттарды киргизүүчү тармактык мыйзамдык базанын иштелип чыгышына колдоо көрсөттү».

 

Быйылкы жылы БУУӨП Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы менен биргелешип, Баалуулугу жогору токойлордун концепциясын жана токойлорун туруктуу башкаруунун алкагында ыктыярдуу сертификацияны андан ары ишке ашыруу боюнча бир катар талкууларды өткөрдү. 

 

Кошумча маалымат үчүн:

Мирлан Дыйканбаев

БУУӨП, биоартүрдүүлүктү сактоо жана коммуникациялар боюнча адис

Электрондук почта: mirlan.dyikanbaev@undp.org

Телефон: +(996) 779 66-55-99

БУУӨП/ГЭФ долбоору жөнүндө

БУУӨП тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо» долбоору биоартүрдүүлүктүн негизги аймактары, буфердик зоналар, коридорлор, ошондой эле токойлорду жана жайыттарды туруктуу башкаруу маанисин эске алып, биоартүрдүүлүктү сактоого жана токой жана жер ресурстарын туруктуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган.