Кыргызстанда CREATE4 креативдүү индустриянын төртүнчү фестивалы өтөт

2024-ж., 18-April

КРЕАТИВДИВДҮҮЛҮКТҮ  КИЙИНКИГЕ КАЛТЫРУУГА БОЛБОЙТ!

2024-жылдын 20–21-апрелинде Кыргызстандагы БУУӨП жана креативдүү индустриялар ассоциациясы 50 чыгармачыл өнөктөштөр менен биргеликте Create4 #жаратманКыргызстан фестивалынын алкагында Кыргызстандын 7 облусунда аймактарда гана 13 жерде, Бишкек шаарында 12 жайда 36 иш-чара өткөрөт.

 Фестивалдын максаты - #жаратманКыргызстан жарандардын өздөрү тарабынан курулганын, билимге, технологияны түшүнүүгө ошондой эле кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду курууга умтулганын билдирүү.

Быйыл Create4 #ЖаратманКыргызстан урааны астында өтүп, ар бирибизди ичибиздеги жаратуучуну таанууга үндөйт. #жаратманКыргызстан – бул өз ишин жана жерин сүйгөн,ар күн сайын эмгектен тажабаган адамдардын биригиши.

21-апрелде Кыргызстандан жана Борбор Азия мамлекеттеринен жогорку деңгээлдеги спикерлер сөз сүйлөшөт.

Негизги баяндамачылар:

  • Асел Шерниязова, Asian World Film Festival директору, Кыргызстан

  • Сабина Рейнгольд, Jolbors фестивалынын негиздөөчүсү, Кыргызстан

  • Еркебулан Куришбаев, Qara Studio башкы продюсери, Oyu Fest жаштар фестивалынын негиздөөчүсү, Казакстан;

  • Наиль Муратов, Seed агенттигинин креативдик директору, Казакстан

  • Фархат Норбаев – Lokals жарнамалык агенттигинин негиздөөчүсү, Өзбекстан

Бул жердеги шилтеме аркылуу катталыңыз https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSf2jDFx7Y9wC7K9fSNGRFseRdAh3NRXYFQdVmAgB5h6R9Jxpg/viewform 

21-апрель, саат 11:00, ololoPlanet Юнусалиев, 80 дарегинде башкы хедлайнерлер сөз сүйлөшөт.

Фестивалдын программасы сайтта жана социалдык тармактарда жеткиликтүү.

https://create4.co/

https://www.instagram.com/create4kg/

https://www.instagram.com/creative.kyrgyzstan/

Иш-чара: кыргыз, орус жана англис тилдеринде өткөрүлөт.

 

ЖАНДАН

20–21-апрель күндөрү сизде сонун чыгармачыл коомчулуктун мүчөсү болуу жана биз менен бирге #жаратманКыргызстанды  куруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк бар!  Келе албагандар үчүн Фестивалдын уюштуруучулары БУУӨП менен КИА бирге жаратман жарат4cast  24 сааттык подкастты ишке киргизүүдө!  Подкаст берүү https://www.youtube.com/@lights_podcast каналында жеткиликтүү болот.

КРЕАТИВДҮҮЛҮК  ҮЧҮН ЧЕКТӨӨ  ЖОК

Быйыл Create4 фестивалы өлкөнүн бардык аймактарында өтүп жатат!

  • Чүй облусу: Бишкек шаары, Күн-Туу айылы, Шабдан айылы

  • Ош облусу: Ош шаары

  • Баткен облусу: Баткен жана Кызыл-Кыя
  • Ысык-Көл облусу: Бөкөнбаев айылы, Жеңиш айылы, Каракол, Тосор айылы

    Талас облусу: Огонбаев айылы 

  • Нарын облусу: Ача-Кайын айылы 
  •  

ПРООН креативдүү экономиканын адамдык өнүгүүгө тийгизген таасирин изилдеп жатат, анткени адамдык өнүгүүнү баалап, кубаттаган коомдор адамдарды чыгармачылыкка шыктандырары белгилүү. Мындан тышкары, чыгармачыл тармактар ​​социалдык пайдаларга жана социалдык пайдалуулукка таасирин тийгизген дисциплиналар аралык тармактарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.  Ошентип, санариптик технологиялардын жана жасалма интеллекттин пайда болушу менен, адамдын жөндөмдүүлүктөрүн, таланттарын жана өзгөчөлүгүн ачып, адамдын өнүгүүсүнө көмөктөшүүчү чыгармачыл иштин жөндөмдүүлүгү Кыргызстандын эбегейсиз зор маданий мурасын интеграциялоо аркылуу креативдүү экономиканы өнүктүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт.

БУГА ЧЕЙИНКИ ТАРЫХЫБЫЗДА

Create4 Кыргызстандын жана Борбор Азиянын ийгиликтүү жаратуучуларын жана чыгармачылык кесипте өзүн издеп жүргөндөрдү бириктирген Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын эң ири фестивалы.

Креативдүү индустриянын фестивалы Create4 2022-жылы Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү Программасы жана креативдивдүү Индустрия Ассоциациясы тарабынан демилгеленген өлкөнүн креативдүү экономикасын жана бүткүл ишкерлер менен инноваторлор коомчулугун өнүктүрүүнү колдоо үчүн уникалдуу масштабдуу платформа болуп саналат.

Биринчи фестиваль 2022-жылдын апрель айында креативдүү индустрия паркы жөнүндөгү мыйзамды колдоо максатында чыгармачылык жумалыгынын алкагында уюштурулган.  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров миңден ашык адамдын катышуусундагы фестивалдын расмий ачылышына катышып, «Жаратман экономиканы өнүктүрүү жана экономиканы прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлганын расмий билдирген.

Экинчи Күз фестивалы 2022-жылдын 5-ноябрында болуп өттү, анда креативдивдүү жөндөмдөрдү жана кесиптерди өнүктүрүүгө кызыккан 2000ге жакын адамды чогулду.  Экинчи фестивалдын расмий өнөктөшү Борбордук Азиядагы Америка университети болду. Фестивалдын спикерлери Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн профессионалдар, искусство, музыка, IT, санариптик кесиптер жана башка чыгармачыл тармактардын ийгиликтүү өкүлдөрү болгон эле.  Фестивалдын алкагында тематикалык, пленардык сессиялар ошондой эле кичи жана чоң топтордо талкуулар, кол өнөрчүлөрдүн, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жарманкелери, мастер-класстар жана презентациялар өткөрүлдү.

Үчүнчү Create4 фестивалы 2023-жылдын 29-апрелинде #ЖаратманТой деген ураан астында өтүп, жүздөгөн ийгиликтүү креативдивдүү кесиптин өкүлдөрүн чогултуп, өз тажрыйбалары тууралуу айтып беришти.  Фестивалдын мейкиндиги креатив жаратуунун концептуалдык деңгээлдерине бөлүнгөн: « өзүңдү креативде тап» («ойгон»), «шыктануу» («шыктан»), «өзүңүздү чыгармачыл тармактарда сынап көрүңүз» («тай-тай»), «жарат жана тап»(«жарат»). Фестивалдын расмий өнөктөштөрү Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ) жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсеси болушту.