Кыргызстанда Бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планын даярдоо боюнча биринчи Улуттук базалык баалоо аяктады

2023-ж., 17-May
Today, the results of the first National Baseline Assessment on Business and Human Rights in Kyrgyzstan were presented

Кыргызстанда Бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планын даярдоо боюнча биринчи Улуттук базалык баалоо аяктады

Нуржан Алымканова, БУУӨП Кыргызстан

2023-жылдын 18-майы / Бишкек, Кыргызстан - Бүгүн "Адилет" Укуктук клиникасы” коомдук уюму Бизнес жана адам укуктары боюнча биринчи Улуттук базалык баалоонун (Б+АУ) жыйынтыгын жарыялады. Ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бизнес жана адам укуктары боюнча БУУнун жетектөөчү принциптеринин (БУУ ЖП)  жергиликтүү жана трансулуттук бизнестеги практикасынын шайкештигин карайт. Бул ишмердүүлүк өлкөдөгү Бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук аракеттер планын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну колдоо максатында демилгеленген.

“БУУӨПтүн жана Япония өкмөтүнүн бул демилгеси адамдарды жана планетаны урматтоо үчүн адам укуктарын коргоо жана бизнеске стимул берүү боюнча мыкты саясатты жана мыйзамдарды колдогон күчтөрдү бириктирет. Бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук аракеттер планын иштеп чыгуу менен биз бир нече максаттарга, анын ичинде адам укуктарын ишке ашырууга, Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү жана баалуулуктарды түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын бизнес чөйрөсүн дүйнөлүк чынжырчыларда чыңдоого салым кошо алабыз», - деп БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал өз куттуктоо сөзүндө айтып өттү.

Тегерек стол Кыргыз Республикасында Бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун (ВЖТ) мүчөлөрүнүн, анын ичинде министрликтердин жана мамлекеттик ведомстволордун, бизнес коомчулуктун жана жарандык сектордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Иш-чаранын катышуучуларын КР Экономика жана коммерция министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси Айнура Үсөнбекова куттуктап, туруктуу келечек үчүн Бизнес жана адам укуктары боюнча Улуттук иш-аракеттер планынын маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү: “Азыркы ааламдашкан рынокто коомдун бакубаттуулугу үчүн камкордук кыла ала турганын далилдей алган компаниялар юридикалык, операциялык, каржылык жана абройлук тобокелдиктерге мыкты туруштук берип, узак мөөнөттүү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн туруктуу деңгээлин камсыздашууда».

Баалоонун жыйынтыгы БУУнун принциптерин мыйзамдарга жана ишмердик практикага киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишканаларга жөнөтүлгөн 40тан ашуун негизги сунуштарды камтыйт. Баалоонун жыйынтыгынын негизинде Улуттук иш-аракеттер планынын биринчи долбоору сунушталды.

Документти окуу үчүн төмөнкү шилтеме менен кириңиз: Кыргыз Републикасынын бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндөгү Улуттук базалык баалоосу

Кошумча маалымат:

Япония Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) “Бизнес жана адам укуктары” глобалдык программасын 13 өлкөдө, анын ичинде Кыргыз Республикасында да илгерилетүү үчүн кызматташууда. Иш-чара бизнес чөйрөсү жана адам укуктары боюнча улуттук саясатты илгерилетүүгө жардам берүүгө багытталган. Ошондой эле максаттуу өлкөлөрдөгү ишкердик ишмердүүлүгүндө адам укуктарын тиешелүү деңгээлде сактоодо япон компанияларынын жана алардын жеткирүүчүлөрүнүн жоопкерчиликтүү бизнес тажрыйбасын бекемдөө аркылуу улуттук бийлик органдарынын, япон ишканаларынын, жеткирүүчүлөрдүн жана өнөктөштөрдүн түшүнүгүн жогорулатууга багытталган. 

Глобалдык долбоор тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтеме менен кириңиз (англис тилинде): Business and Human Rights 

*** 

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org