«Кыргыз жараны» концепциясын илгерилетүүдө диний ишкерлердин орду

2022-ж., 29-September

Бишкек, 2022-жылдын 29-сентябры – Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, КР Президентинин Администрациясындагы изилдөөлөр, саясаттарды иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмү, КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, бейөкмөт уюмдар жана Кыргыстандагу БУУ агенттиктеринен өкүлдөр катышкан  «Кыргыз жараны» концепциясын илгерилетүүдө диний ишкерлердин орду» деген координациялык жолугушуу болду.

Кыргыз жараны – бул этникалык, диний, социалдык жана аймактык таандыгына көз карандысыз Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктарга жана жоопкерчиликтерге ээ жаран. «Кыргыз жараны» өлкөнүн Кыргыз Республикасы деген аталышынан келип чыгат жана өз этномаданий иденттүүлүгүн сактоосу менен бардык этникалык коомчулуктарды бириктирген жалпы жарандык иденттүүлүк.

Жолугушууда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын диний абалды изилдөө Борборунун «Кыргыз жараны Концепциясын илгерилетүүдө имамдардын дарамети», “Жаштардын жалпы жарандык иденттүүлүгүн калыптоодогу диний ишкерлердин орду”, жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Борбор Азияны изилдөө борборунун «Кыргыз жараны» Концепциясынын этностор аралык жана диний мамилелерге тийгизген таасири» изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары берилди. Андан сырткары, ЮНИСЕФтин глобалдуу демилгесинин алкагындагы жаштардын Концепция туурлауу маалымдуулугу боюнча U-Report (Ю-репорт) сурамжылоосунун тыянактары ачыкталды.

Нургүл Эсенаманова, саясый илимдеринин кандидаты, изилдөөчү: «Кыргыз жараны концепициясын диний коомчулуктар жакшы кабыл алып, ынтымак, биримдик сыяктуу негизги диний принциптер менен шайкеш келиши даана байкалат жана дин тутуу эркиндиги жана укуктарын орундатууда өбөлгө деп кабылданат. Ошол эле учурда, Концепцияны ишке ашырууда инклюзивдүүлүктү, диний жан этникалык топтордун жаштарын тартууну кармануу абзел» - деп белгиледи.

Изилдөөлөрдүн жыйнтыктары боюнча «Кыргыз жараны» Концепцисын жүзөгө ашырууга катышкан бардык институттарга социомаданий, руханий жана жалпы жарандык өзүн таануу менен социалдык биримдикти арттыруу үчүн сунуштамалар берилди.

БУУ Кыргызстан «Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн инклюзивдик башкаруу жана жалпы жарандык иденттүүлүк» долбоорунун алкагында БУУӨП, ЮНИСЕФ, АУЖКБнын техникалык колдоосу жана БУУнун Тынчтык куруу фондунун каржылоосу жана “Азияда зомбулуктуу экстремизмге туруктуулукту бекемдөө (STRIVE Asia, ЕБ-БУУ биргелешкен өнөктөштүгү) долбоорунун алкагында колдойт.

Иш-чаранын сүрөттөр: https://flic.kr/s/aHBqjA96tu

Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org