Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Сендай алкактык программасын ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары талкууланды

2022-ж., 13-October

Кыргыз Республикасында табигый Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасын ишке ашыруунун орто мөөнөттүү баяндамасын талкуулоо боюнча кеңейтилген жыйындын катышуучулары

Мээрим Русланбекова

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, БУУнун Кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча башкармалыгы жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын техникалык жана финансылык колдоосу менен Кыргыз Республикасында табигый Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасын ишке ашыруунун орто мөөнөттүү баяндамасын талкуулоо боюнча кеңейтилген жыйын өткөрдү. Бул жыйынга Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, илимий мекемелердин өкүлдөрү катышты.

2015-2030-жылдарга кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасы – бул глобалдык, ыктыярдуу жана милдеттүү эмес келишим, жана мамлекет кырсык коркунучун азайтууда борбордук ролду ойноорун моюнга алуу менен, бирок бул жоопкерчилик башка кызыкдар тараптар, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жеке сектор менен бөлүшүлүшү керектигин белгилеген ырааттуу, келечекке багытталган жана кырсык тобокелдигин азайтуу үчүн 2015-жылдан кийинки аракеттерге багытталган негиз.

2023 Сендай алкактык программасынын ишке ашыруунун орто чекити болуп саналат. Ушуга байланыштуу БУУнун Башкы Ассамблеясы кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселесин карап, 2020-жылдын 21-декабрындагы резолюцияны кабыл алуунун негизинде Сендай алкактык программасын натыйжалуу ишке ашырууга чакырды жана бардык деңгээлдеги саясаттарга, программаларга жана инвестицияларга кырсык коркунучун азайтуу боюнча прогрессти баалоо, мыкты тажрыйбаларды, кемчиликтерди аныктоо үчүн Сендай алкактык программасын ишке ашырууга орто мөөнөттүү кароо жүргүзүүнү жана 2030-жылга чейин Сендай алкактарынын максатына жетүү жолун тездетүүнү чечти.

2015-жылдын март айында Кыргыз Республикасы Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча III Бүткүл дүйнөлүк конференциясынын ишине жигердүү катышып, анда 2015-2030-жылдарга Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай негиздерин практикалык ишке ашыруу боюнча ыктыярдуу милдеттенмелерди өзүнө алды жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнүн контекстинде табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу жана кырсыкка туруктуулукту камсыздоо приоритеттүү маселе катары каралышын камсыз кылууга өзүнүн умтулуусун ырастады.

Кыргыз Республикасынын Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Улуттук платформанын катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев климаттын өзгөрүп жаткан шартында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселелерин чечүү келечектеги коркунучтарды эске алуу менен, жаңы божомолдоо жана жооп кайтаруу ыкмаларын иштеп чыгуу комплекстүү болушу керектигин баса белгиледи: «Сендай алкактык программасын колдоо менен биз өлкөнүн мыйзамдарын жана саясатын өзгөртө баштадык, Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасына кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселелерин киргиздик, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн ордуна тобокелдиктерди башкарууга өтүү процессин активдештирип алдык. Бул абдан чоң иш».

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасынын максаттарына, милдеттерине, күтүлгөн натыйжаларына жана артыкчылыктарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кадамдуу иш-чаралар планынын Концепцияларынын негизинде ишке ашырылган «Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясын» кабыл алган. Бул Концепция бардык кызыкдар тараптардын, атап айтканда, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана жеке сектордун ишмердүүлүгүнө таасир этет, ошондой эле кырсыктардын коркунучун азайтуу маселеси жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик саясаттын негизи болуп жатканын расмий ырастоо болуп саналат.

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасынын ыктыярдуу орто мөөнөттүү кароосу 2022-жылга карата Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай негиздерин ишке ашырууда конкреттүү натыйжаларды, жетишилген прогрессти жана кыйынчылыктарды чагылдырат.

Алдын ала баалоонун жыйынтыгы боюнча жетишкендиктер катталды – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасы тарабынан сунушталган 7 максаттын 6 индикатору боюнча прогресс байкалууда, бул Кыргызстандагы кырсыктардын тобокелдигин азайтуу саясатында жана практикасында оң жылыштарды көрсөтөт.

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасын ишке ашыруунун ыктыярдуу орто мөөнөттүү кароосу мындан ары ведомстволор аралык жумушчу топ, эл аралык уюмдар жана академиялык институттар менен талкууланат. БУУ бул процессте Өзгөчө кырдаалдар министрлигине колдоо көрсөтүүнү улантат.