Кыргыз Республикасында аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы чара көрүү үчүн жабырлануучунун гендердик аспекттерин жана кызыкчылыктарын эске алган сот адилеттигинин системасын чыңдоо

2022-ж., 5-December
Louise Chamberlain gives her opening remarks

Луиз Чемберлен

Азиза Мурзашова / ПРООН Кыргызстан

2022-жылдын 6-декабры, Бишкек – «Теңдик нуру» демилгесинин алкагында БУУӨП Кыргыз Республикасында аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун (АККЗ) алдын алуу жана ага каршы чара көрүү үчүн жабырлануучунун гендердик аспекттерин жана кызыкчылыктарын эске алган укук коргоо жана сот адилеттиги органдарынын практикалык ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган улуттук деңгээлдеги иштин жүрүшүн сунуштады. Анда АККЗ боюнча эл аралык стандарттарга жана Аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча комитеттин (АБЖК) сунуштарына ылайык Жогорку сотто, Адвокатурада, Башкы прокуратурада жана Ички иштер министрлигинде реформаларды жүргүзүүгө мелженген иш-чаралар планын жана 40 сааттык окуу программаларын иштеп чыгуу камтылган.

Тегерек столдо ошондой эле гендердик маселелер, аялдардын укуктары жана АККЗ стандарттары боюнча юрист-студенттердин билимин жана көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн төрт университеттин юридикалык факультеттери тарабынан кабыл алынган гендердик трансформациялык модулдар сунушталды.

Министрлер Кабинетинин, Парламенттин, эл аралык уюмдардын жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү АККЗ учурлары жана курмандыктары менен иш алып барууда адам укуктарына жана гендердик аспеттерди эске алган практикага негизделген мамилелерди колдонууну камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарында жана бүткүл сот адилеттиги системасында гендердик жаңыланууну алдыга жылдыруу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Өзүнүн ачылыш сөзүндө Луиз Чемберлен дүйнөдөгү эң кеңири жайылган адам укуктарынын бузулушун токтотуунун эң маанилүү фактору катары аялдардын укугун коргоочу уюмдарды колдоону күчөтүүнүн жана күчтүү жана таасирдүү  феминисттик кыймылдарды илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө аялдар уюмдарынын маанилүү ролу Европа Биримдиги колдогон Бириккен Улуттар Уюмунун “Теңдик Нуру” глобалдык өнөктөштүгү демилгесинин контекстинде да таанылды, биз ЕБнын дүйнө жүзү боюнча гендердик теңчиликти жана аялдардын укуктарын илгерилетүүдө маанилүү салымы үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деди Луиз Чемберлен.

Кыргызстандын судья-аялдар ассоциациясынын эксперти Чынара Мусабекова белгилегендей, судьялар, прокурорлор жана укук коргоо органдары үчүн жаңы колдонмолор, ошондой эле окуу программаларына киргизилген өзгөртүүлөр кызмат көрсөтүүнү жана жазыктык сот адилеттигин ишке ашыруу үчүн адамга карата жүктөлгөн милдеттердин ролун жакшыртууга багытталган.

«Гендердик аспекттерди эске алган система жабырлануучуларды коргоо үчүн гана эмес, кылмыштын кайталанышынан же андан аркы тобокелдигинен сактануу үчүн зомбулукчуларды жоопкерчиликке тартуу үчүн абдан чечкиндүү мааниге ээ. Жабырлануучулардын системага болгон ишеними башка көптөгөн адамдардын чындыкты айтуусуна түрткү берет жана потенциалдык кылмышкерлердин сот жоопкерчилигине тартылуудан коркуусуна талап коёт, бул акыры үйлөрүбүздөгү жана коомубуздагызомбулуктун ийри сызыгын тегиздейт».

Гендердик эксперт Римма Султанова төрт алдыңкы университеттин: Кыргыз улуттук юридикалык университетинин, Кыргыз улуттук университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын юридикалык факультеттерине гендердик билимди жана гендердик-сезимталдык мамилени киргизүү боюнча акыркы тажрыйбасы менен бөлүштү.

«Биз аялдардын жана кыздардын укуктары жана гендердик теңчилик концепциясын окуу пландарына киргизүү үчүн келечектеги сот адилеттиги, укук коргоо органдары жана адам укуктары жаатында адистерди даярдаган төрт алдыңкы университеттин окутуучулар курамы менен иштештик. Зомбулукту аялдардын укугун кубаттаган бардык деңгээлдеги жүрүм-турумду өнүктүрүү билим берүү программаларын өнүктүрүүгө инвестиция салуу аркылуу олуттуу кыскартууга болот. Университеттер жаштардын билимин, көз карашын жана ишенимин калыптандыра алат»,-деди Гүлмира Расулова.

Юридикалык окуу жайлардын окутуучулары жана профессорлору юридикалык психология, гендердик саясат, кылмыш-жаза укугу жана кылмыш-жаза процесси сыяктуу негизги предметтер боюнча интерактивдүү окутуу усулдарына негизделген «Гендердик трансформациянын моделдери» жыйнагын түзүүгө алып келген «Гендердик аракеттер» окутуу системасынын методологиясын изилдеп чыгышты. Билим берүү жана илим министрлиги бул жыйнакты укук жана социалдык иш багытында иштеген жогорку окуу мекемелери үчүн өздөрүнүн окуу программаларына сунуштайт.

Мындан тышкары, эксперттер жакынкы аралыкта Ички иштер министрлигинде, Адвокаттар коллегиясында, Жогорку сотто жана башка соттордо, ошондой эле Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде жүргүзүлгөн гендердик аудиттин тыянактары жана сунуштамалары менен бөлүшүштү. Сунуштамалар Кыргызстандын улуттук гендердик саясатын жана эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча Иш-чаралар планына киргизилген.

«Бул бардык кызыкдар тараптарга – бул пландардын аткарылышын мониторингдөө жана баалоонун негизинде – гендердик басмырлоону жоюу, гендердик зомбулукту болтурбоо жана коомдун туруктуу өнүгүүсүн колдоо үчүн мамлекет тарабынан кепилденген бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга коомдук контролдун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет», - деди «Инновациялык чечимдер» коомдук фондунун жетекчиси Анара Ниязова.