КР ИИМ Академиясы – аялдар менен балдарга карата зомбулукка жооп кайтаруу жаатындагы окуу курсун өркүндөтүү боюнча аянтча

2022-ж., 1-September

26-28-августта БУУнун Өнүктүрүү программасы КР Ички иштер министрлигинин Академиясынын жетекчилиги менен биргеликте Академиянын Алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана ага жооп кайтаруу боюнча окуу курсун иштеп чыгуу боюнча жумушчу тобуна көчмө тренинг өткөрдү.

Тренинг БУУӨПтүн Сеул шаарындагы Саясий изилдөөлөр борборунун колдоосу менен «Гендердик зомбулукка каршы күрөштөгү өнөктөштүк» долбоорунун алкагында уюштурулган.

Академиянын Жумушчу тобу Корея Республикасы (Түштүк Корея) жана Казакстан Республикасы сыяктуу өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбасын эске алуу менен жогорку окуу жайынын окутуучулары менен кызматкерлеринин гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү жаатындагы  кесиптик даярдыгын андан  ары өркүндөтүү боюнча ишин улантууда. Окутуунун машыктыруучуларынын бири – Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Шыракбек Кабылбаев атындагы Костанай академиясынын доценти, кафедра башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты Нурлан Тулкинбаев болду.  

Тренингдин программасына сессиянын практикага багытталган ыкманы күчөтүү боюнча теориялык жана практикалык бөлүктөрү, ошондой эле Корея Республикасынын жана Казакстан Республикасынын алдыңкы тажрыйбалары изилденген материалдардын негизинде иштелип чыккан усулдук колдонмонун презентациясы камтылган.

Окуу колдонмосунун материалдары Академиянын профессордук-окутуучулук курамынын жана КР ИИМинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринен турган тренингдин катышуучуларынын арасында чоң кесиптик кызыгууну жаратты.

Тренингдин катышуучуларын Корея Республикасынын жана Казакстандын укук коргоо органдарынын гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү жаатындагы ишмердигин жөнгө салуучу укуктук ченемдерге байланышкан маселелер өзгөчө кызыктырды.

Тренингдин катышуучулары Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын укук колдонуу практикасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукка каршы иш алпаруу жаатында көптөгөн жалпы багыттар бар экендигин, ушуга байланыштуу натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча сунушталып жаткан ыкмалар дал жана шайкеш келе тургандыгын белгилешти.

Тренингдин практикалык бөлүгүндө «Зомбулукка кабылган жашы жете элек балдарды сурамжылоо» баяны боюнча интерактивдүү роль бөлүштүрүүчү оюн өткөрүлдү. Тренингдин катышуучулары тергөөчүнүн, жашы жете электердин иштери боюнча инспектордун (ЖИИ) жана эксперттердин ролун аткаруу менен сурамжылоо жүргүзүштү.

Бул көнүгүү сурамжылоону даярдоо жана өткөрүү процессинин психологиялык өзгөчөлүктөрүн,  ошондой эле зомбулуктун курмандыгынын моралдык-психологиялык абалын сезүүгө мүмкүндүк берди. Роль бөлүштүрүүчү оюндун жүрүшүндө сурамжылоо жүргүзүүнүн укуктук өзгөчөлүктөрү да, жабырлануучу менен маектешүү процессинде кетирилген каталар да аныкталды.

Практикалык ишти бекемдөө максатында катышуучулар Корея Республикасынын жана Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан колдонулуп жаткан Балдардын ден-соолугу жана адамды өнүктүрүү улуттук институтунун (NICHD)* Протоколунун сунуштамаларын колдонуу боюнча өз сунуштарын киргизишти.

Мындан тышкары, окуу колдонмосуна балдар психологиясынын негиздери боюнча атайын бөлүмдү киргизүү сунушталды, бул милиция кызматкерлерине жашы жете элек өспүрүмдөрдү баланын тили менен когнитивдик өнүгүүсүн эске алуу менен сурамжылоо техникасын өркүндөтүүгө көмөктөшмөкчү.

Тренингдин жүрүшүндө эл аралык эксперт Н.Тулкинбаев Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлерин аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана аны жоюу боюнча окутуу программаларына Корея Республикасынын алдыңкы тажрыйбасын, аны укук колдонуу практикасында ишке ашыруунун негизги принциптери менен ыкмаларын киргизүү туурасында пикири менен бөлүштү.

Эл аралык эксперт ошондой эле үй-бүлөлүк жана гендерге шартталган зомбулукка жооп кайтаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын координациясын баалоо боюнча жаңы усулдук жнүндө да сөз кылды. Гендердик зомбулуктун курмандыктары менен мамлекеттик жана өкмөттүк эмес органдардын, уюмдардын жана мекемелердин субъектилеринин ролун аткаруу менен баарлашууга байланышкан практикалык роль бөлүштүрүүчү оюн дагы бир жолу бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик эмес уюмдардын, кризистик борборлор менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын гендердик зомбулуктун алдын алуу, аныктоо, жоюу, укуктук, медициналык, социалдык, психологиялык жардам көрсөтүү жана реабилитациялоо боюнча иштерди координациялоодо өз ара иштешүүсүнүн маанилүүлүгүн далилдеди. 

Тренингдин катышуучулары зомбулуктан жапа чеккен жабырлануучу ар кандай түрдөгү жардамга муктаж экендиги, ошондуктан мындай жагдайга туш болушу мүмкүн болгон ар бир адамга комплекстүү кызмат көрсөтүү абдан маанилүү экендиги жөнүндө жалпы пикирди колдошту.

Гендердик маселелер жана милициянын дараметин жогорулатуу боюнча долбоордун эксперти Гүлсара Алиева менен жумушчу топтун жетекчиси – Академиянын начальнигинин орун басары, юридика илимдеринин доктору, профессор Арзыгүл Жоробекова тренингдин катышуучуларынын жемиштүү иштерин жогору баалап, конструктивдүү ой-пикирлери жана окуу колдонмосунун мазмунун даярдоо боюнча сунуштамаларына ыраазычылык билдиришти жана окуу колдонмосун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун ишинин кийинки этабы жөнүндө маалымат беришти.