“Голосуй//Шайла” аттуу Жаштар лабораториясы алкагында уюштурулган сынактын биринчи этабы аяктады

2020-ж., 5-August

Шайлоо - жарандарга өз өкүлдөрүн тандоо жана мамлекетти башкаруу мүмкүнчүлүгүн берген маанилүү демократиялык институт. Шайлоодогу бузуулар шайлоо процессинин калыс экенинен шек туудуруп, жыйынтыктарына ишенбөөнү жаратат; натыйжада шайланган органдардын мыйзамдуулугуна (легитимдүүлүгүнө) ишенбестикти жаратышы ыктымал. Адатта добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, административдик ресурстарды колдонуу менен өтчү - шайлоочулардын добушун сатып алуу көпчүлүк өлкөлөрдө кеңири тараган бузуулардын түрү болуп саналат. Кыргызстан берилген бузууларга каршы ырааттуулук менен күрөшүүгө аракет кылып келе жатат, жакында кабыл алынган ушундай сыяктуу бузууларга жоопкерчиликти аныктаган мыйзам буга мисал.

Мурунку шайлоолордун статистикасын карасак, калктын көпчүлүгү, айрыкча, жаштар шайлоо системасындагы өзгөрүүлөрдү, ошондой эле шайлоого катышуунун маанилүүлүгүн билбегендей, бул өз кезегинде пассивдүүлүктү жаратып же болбосо жаштар шайлоого таптакыр катышпай калышына себеп болушу мүмкүн. 2017-жылы өткөн Президенттик шайлоого 18 жаштан жогору жаштагы жаш шайлоочулардын жалпы санынан болгону 42% гана катышкан.  Мындан тышкары, маалыматты жаштарга түшүнүктүү тилде алардын чөйрөсүндө кеңири таанымал технологиялар аркылуу жайылтууга зор муктаждык бар.

“Голосуй//Шайла” аттуу Жаштар лабораториясы сынагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук Коммиссиянын БУУнун Өнүктүрүү Программасы менен Кыргыз Республикасында шайлоо процессин колдоо Программасынын алкагында кызматташуусунун негизинде Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосунда уюштурулуп жатат. Сынак шайлоочуларга шайлоо мыйзамдары жөнүндө маалымат берүү жана аларды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырууда жаштардын катышуусун камсыздандыруу максатында уюштурулган.

Сынактын биринчи этабына 200 талапкердин ичинен 18 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары болгон 44 катышуучу өттү. Комиссия тарабынан тандалган катышуучулар онлайн форматта уюштурулган Жаштар лабораториясынын ишине активдүү катышып, шайлоо укугу, дизайн ой-жүгүртүүсү боюнча мыкты деп таанылган серепчилерден сабак алышты жана SMM, телефонго видео тартуу, жолугушууларды алып баруу жана графикалык дизайн боюнча адистердин чебер-класстарына  катышты. Онлайн Жаштар лабораториясынын ишине Кыргыз Республикасынын БШК Төрайымы Шайлдабекова Нуржан активдүү катышып, алдыда өтчү парламенттик шайлоо боюнча катышуучулардын бардык суроолоруна  жооп берди. 

Кыргыз Республикасынын БШК Төрайымы Шайлдабекова Нуржан активдүү катышып, алдыда өтчү парламенттик шайлоо боюнча катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берди. Фото: Махабат Мурзаканова/БУУӨП Кыргызстан

Онлайн-тренингдин катышуучулары учурда өз долбоорлорунун мазмунун жакшыртуунун үстүндө эмгектенип, уюштуруучулар сунуштаган темалардын бирин же бир нечесин чагылдырган креативдүү продуктуларын ийине келтирип жаткан чагы.

Катышуучуларга сунушталган темалар:

●     Эмне үчүн добуш берүү ушунчалык маанилүү?

●     Добушуңузду сатпоо эмне үчүн ушунчалык зарыл?

●     Административдик ресурс деген эмне, аны шайлоодо эмне үчүн колдонууга болбойт?

●     Добуш берүүнүн купуялуулугун сактоо эмне үчүн ушунчалык маанилүү?

Долбоордун жеңүүчүлөрү экинчи этаптын жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан тандалып алынат жана эң ийгиликтүү деп табылган 5 долбоордун авторлору 24-август күнү атайын байгеге ээ болушат.

Уюштуруучулар сынактын жүрүшүндө иштелип чыккан маалымат каражаттары жана башка агартуучулук иш-чаралар шайлоочуларды шайлоо процессине катышууга шыктандырып, добуш сатып алууга жана шайлоочуларга кысым көрсөтүүгө каршы аракет болуп, ошондой эле 2020 жана 2021-жылдары өтчү шайлоого активдүү катышууга негиз болот деп эсептешет. 

Иш-чаранын даталары: 2020-жылдын июль-октябрь айлары; айрым материалдар 2021-жылы жергиликтүү шайлоолор учурунда шайлоочуларга маалымдоочу каражат катары колдонулушу мүмкүн. Сынактын алкагындагы бардык иш-чаралар онлайн режиминде өтөт.

Сынак тууралуу толук маалымат төмөнкү байланыштар аркылуу берилет:

-       БУУнун Өнүктүрүү Программасынын сайты жана социалдык тармактарындагы баракчалары;

-       shaila.kg2020@gmail.com дарегине кат жазуу.

Жарыяланган материалдардагы ой-пикирлер сөзсүз эле Германия өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун  Өнүктүрүү Программасынын, анын программа/долбоорлорунун же өкмөттөрүнүн көз карашын туюндурбайт. Колдонулган белгилөөлөр тигил же бул өлкөнүн, территориялар же райондун, же алардын чек араларынын укук статусу тууралуу пикир билдирүү дегенге жатпайт.