БУУӨП менен Финляндия Кыргызстанда адилеттүүлүккө жеткиликтүүлүктү бекемдейт

2022-ж., 30-November

30-ноябрь, Бишкек – Бүгүн БУУӨП «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана сот адилеттүүлүгүнө тегиз жетүүнү күчөтүү» долбоорунун үчүнчү этабын баштады. Ушул үчүнчү этаптын алкагында БУУӨП улуттук өнөктөр жана жарандык коомдун кызыкдар тараптары менен бирдикте мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, аялдар жана айылдык калк үчүн сот адилеттүүлүгүнө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасында укуктук жардам жана сот адилеттүүлүгү реформасынын учурдагы программасын колдоого умтулат.

Өзүнүн кириш сөзүндө БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал мындай деп белгиледи: сот адилеттигине жеткиликтүүлүк инклюзивдүүлүктү колдоо жана кысымга алуучу практикаларга каршы күрөшүү үчүн, ошондой эле талаштарды тынч чечүүнү арттыруу үчүн жана бүтүндөй алганда мамлекеттин, коомчулуктар жана адамдардын социалдык ынтымагына көмөктөшүү үчүн чечүүчү мааниге ээ. «Бүгүнкү күндөгү адилеттүүлүк талаптары шашылыш жана демейдегиден башкача жоопторду талап кылат: биз сот адилеттүүлүгүн аңдап-түшүнүүгө жана адамдарга трансформациялык өзгөрүүлөрдү камсыз кылуу үчүн адилетсиздикти түшүнүүнүн жана жоюунун жаңы ыкмаларын кабыл алууга тийишпиз», - деп айтты Моника Ризал.

БУУӨП Юстиция министрлиги, Омбудсмен институту, Жогорку сот, Башкы прокуратура; Парламент жана Министрлер Кабинети; Экономика жана соода министрлиги; жарандык коомдун уюмдары; адвокатура Орхус борборлору; майыптардын уюмдары (ОПИ), илимий чөйрөлөр, юридикалык клиникалар жана ЖМКлар менен кызматташат.

Биринчиден, долбоор «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» Мыйзамга жана эл аралык стандарттарга ылайык мамлекетке жана мекемелерге ашкере багыт алуудан адамдарга карай багыт алууга өтүү үчүн, атап айтканда, аялдар, алыскы райондордун тургундары жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн сот адилеттүүлүгүн колдоого жана юридикалык жардамдын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрүнө багытталат.

Бул этапта майыптардын алда канча активдүү жана таламдаш катышуусу менен БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ишке ашырууну алга илгерилетүү боюнча күч-аракеттер көрүлөт.

Мындан тышкары, БУУӨП юридикалык укуктарды алга илгерилетүү жана аларды кеңейтүүнүн мониторинги жана улуттук деңгээлде сот адилеттүүлүгүнүн жана адам укуктарынын стандарттарын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн укуктук маалыматка жана көзөмөлдөө механизмдерине инклюзивдүү жеткиликтүүлүктү чыңдайт.

2021-жылы Кыргызстандын Аялдарга карата кысымга алууну жоюу боюнча комитетинин Корутунду эскертүүлөрүндө өздөрүнүн укуктары бузулушуна даттанууларды берүү үчүн жеткиликтүү болгон укук коргоо каражаттары жөнүндө кыз-келиндердин, анын ичинде айыл жериндеги кыз-келиндердин маалымдар болушун арттырууга катуу талап камтылган. Бардык кыз-келиндер кымбат эмес жана, зарылчылык болгон учурда, акысыз юридикалык жардамга, адекваттуу финансылоого жана юридикалык жардам борборлорунун имараттарын жана коммуналдык чыгымдарын субсидиялоого ээ болушун камсыз кылуу жана айыл жерлеринде алардын санын көбөйтүү артыкчылыктуу милдет болуп саналат.

Атыр Абдрахматова, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени): «Мен катышып олтурган бардык тараптарды Кыргызстанда адамдардын кызыкчылыктарына багыт алган жана адам укуктарына негизделген акысыз юридикалык жардам системасын түзүүгө чакырам. Бул Адам укуктары боюнча кеңешке 2023-2025-жылдарга Кыргызстандын жакындагы шайланышынын өңүтүндө ого бетер актуалдуу».

«Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана адилеттүүлүккө тегиз жетүүнү күчөтүү» долбоорун (III фаза) Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги финансылап жатат.

Иш-чаралардан фотосүрөттөр: https://flic.kr/s/aHBqjAhh4m

***

ЖМКлар үчүн байланышуу: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org