БУУӨП Кыргызстанга ишкердик ишмердүүлүктө адам укуктарын илгерилетүү боюнча көмөк көрсөтөт

2023-ж., 31-October

 

2023-жылдын 30-октябры, Бишкек 

 Кыргызстандагы БУУӨП адам укуктарын бардык чөйрөлөрдө илгерилетүүдө активдүү кол кабыш кылып келет, ал эми 2022-жылдан тарта бизнести жоопкерчиликтүү жүргүзүүгө көмөктөшүүдө. Мында глобалдык жеткирүү чынжырчаларында адам укуктарын тиешелүү сактык менен илгерилетүүгө жана БУУнун 2011-жылдагы Ишкердик ишмердүүлүктөгү адам укугу аспектисиндеги жетектөөчү принциптерин (БУУЖП) ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат. 

 

БУУнун Жетектөөчү принциптери ишканаларга "адам укуктарынын таанылган эл аралык принциптерин" сыйлоого жоопкерчилик жүктөйт. Ишкердик ишмердүүлүктө адам укуктарын сыйлоо кандайча көрсөтүлөт?

 

  1. Адам укуктары боюнча милдеттенмелер. Адам укуктары чөйрөсүндөгү ички документти иштеп чыгуу жана аны жарыялоо, аны кызматкерлердин, жеткирүүчүлөрдүн, кардарлардын жана башка тышкы кызыкдар тараптардын назарына жеткирүү.
  2. Адам укуктары чөйрөсүндөгү тийиштүү сактыкты жүргүзүү (АУЧТС): адам укуктарына жана айлана-чөйрөгө терс таасирлерин аныктоо, алдын алуу жана азайтуу, ошону менен аларга потенциалдуу жана реалдуу тобокелдиктерди башкарууга жардам берүү. 
  3. Алардын адам укуктары бузулган учурда укук ээлерине укуктук коргоо чараларын камсыз кылуу.

 

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгынын алдында, биз Кыргызстандагы БУУӨПтүн “Бизнес жана адам укуктары” долбоорунун негизги жетишкендиктерин белгилеп өтөлү: 

 

  1. Кыргызстанда адам укуктары аспектисиндеги бизнес жүргүзүү боюнча контексттик изилдөө жүргүзүлдү.
  2. Кыргызстандык жана япониялык 53төн ашуун компаниялардын өкүлдөрү жана алардын өнөктөштөрү өз ишмердүүлүгүндө адам укуктары боюнча тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо боюнча көндүмдөрдү алышты.
  3. Кыргыз Республикасындагы БУУӨП базалык изилдөө жүргүзүү жана улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча негизги колдонмолорду жана методологияларды орус жана кыргыз тилдерине которууга көмөк көрсөттү. Долбоор бизнес жана адам укуктары темасында маалымат кампаниясын өткөрдү. Долбоордун алкагында бизнес өкүлдөрүнүн жана мамлекеттик негизги өнөктөштөрдүн катышуусунда бир нече маалыматтык видеоматериалдар чыгарылды. Коомчулукка, жеке жана мамлекеттик секторлорго маалымдоо максатында бизнес жана адам укуктары концепциясынын негизги жоболору камтылган ар кандай темадагы 15тен ашык макалалар жана репортаждар жарык көрдү. 
  4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен колдонуудагы ишкердик практиканын БУУнун Жетектөөчү принциптерине ылайык келүүсүн аныктоо үчүн биринчи жолу Улуттук базалык баалоо өткөрүлдү.      
  5. Бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндө биринчи Улуттук иш-аракеттер планын иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, Улуттук иш-аракеттер планынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

2022-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын “Кыргыз Республикасында 2021-жылы адам жана жаран укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” доклады жөнүндө” № 307-VII токтомунун 2-пунктун ишке ашыруунун алкагында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү демилгесин көтөргөн. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндө Улуттук иш-аракеттер планынын долбоорун иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Бул ишке Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү активдүү катышууда.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун алдында Бизнес жана адам укуктары боюнча күн тартибинин Улуттук базалык изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча бизнес жана адам укуктары жаатындагы Улуттук иш-аракеттер планынын долбоорун даярдоо тапшырмасы турат. Ведомстволор аралык жумушчу топтун катчылыгы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ишкердик чөйрө саясаты башкармалыгына төмөндөгү иштер жүктөлгөн:

– ведомстволор аралык жумушчу топтун иши жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтына үзгүлтүксүз жайгаштыруу;

– Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин расмий сайтына бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндөгү иш-аракеттердин Улуттук планынын иштелип чыккан долбоорун жарыялоо;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин макулдашылган чечиминин долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жөнөтүү.

Долбоордун экинчи фазасында Кыргыз Республикасындагы БУУӨП ведомстволор аралык жумушчу топко Улуттук иш-аракеттер планынын долбоорун бардык кызыкдар тараптар менен макулдашууга көмөктөшөт, ошондой эле япон жана кыргыз компанияларынын жана алардын өнөктөштөрүнүн бизнес жана адам укуктары чөйрөсүндөгү потенциалын жогорулатууну улантат.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн «Бизнес жана адам укугу» долбоору тууралуу кенен видеосу: Business and Human Rights - YouTube

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн «Бизнес жана адам укугу» темасындагы бардык видеолору: BHR - YouTube 

                                                                                   ***

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы уюмдардын бири. 1993-жылдан бери биз Туруктуу өнүгүү максаттарына биргелешип жетүү үчүн инклюзивдик өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кризиске каршы туруу, гендердик теңчиликти илгерилетүү сыяктуу көптөгөн тармактарда иш жүргүзүүдөбүз.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз: www.undp.org/ru/kyrgyzstan же социалдык тармактардагы биздин баракчаларыбызга жазылыңыз: @undpkg.

 

 

ЖМК үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси

Nurzhan.alymkanova@undp.org