БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргыз Республикасындагы өнүктүрүү кызматташтыгын белгиледи

2022-ж., 24-November

 

Бишкек – 24-ноябрь, 2022-жыл – Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргыз Республикасында улуттук өнөктөштөр, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана эл аралык коомчулук, жарандык коомдун өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттары менен өнүктүрүү боюнча кызматташуунун 30 жылдыгын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө БУУӨП, Кыргыз Республикасы жана анын өнөктөштөрүнүн ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүк, ошондой эле Кыргызстандын Өкмөтү жана эли ушул жылдардын ичинде жетишкен өнүгүүдөгү ийгиликтери белгиленди.

Мындан 30 жыл мурун, 1992-жылдын 14-сентябрында жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУӨПтүн ортосунда кызматташууну баштоо келишимине кол коюлган. Ошондон бери БУУӨП 430 миллион доллардан ашык гранттык каржылоо менен 200дөн ашык долбоорлорду ишке ашырды.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айым отуз жылдын ичинде Кыргызстан кирешеси ортодон төмөн болгон бир катар өлкөлөргө өтүп, көптөгөн реформаларды ишке ашырганын баса белгиледи. БУУӨП өлкө менен бирге жакырчылык менен күрөшүүдө, аялдардын укуктарын жана статусун жогорулатууда жана жарандардын маанилүү мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууда ийгиликтерди белгилейт.

Луиз Чемберлен айым мындай деп белгилеп кетти: «Көптөгөн кризистерге жык толгон азыркы туруксуз дүйнөдө, биз адамдардын кайрадан жакырчылыкка түшүшүнө жол бербөө үчүн дагы көп күч-аракет жумшашыбыз керек; биз негизги эркиндиктерди камсыз кылуу жана адам укуктарын коргоо боюнча институттардын потенциалын бекемдөөнү улантышыбыз керек; теңсиздикке жана дискриминацияга каршы күрөштө көбүрөөк иш алып барышыбыз керек. Бүгүнкү күндө БУУӨП өнүгүүнүн татаал проблемаларына жалпы системалык чечимдерди табуудагы, структуралык реформаларды колдоодогу жана туруктуулукту жогорулатуудагы ролу менен белгилүү. Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн биргелешкен аракеттерибизге дагы бир жолу ыраазычылыгыбызды айтууга уруксат этиңиз».

Расмий аземде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов адилет, ачык жана атаандаштыкка жөндөмдүү шайлоо системаларын түзүү, электрондук өкмөт, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо ж.б. жаатында ийгиликтүү кызматташууну белгиледи. «Биз БУУӨП менен кызматташуубузду, өзгөчө жашыл, санариптик жана креативдүү экономикага басым жасоо менен улантабыз. Кыргыз Республикасы жана анын эли БУУӨПтүн инновациялар, санариптик трансформация жана жашыл технологиялар боюнча тажрыйбасынан пайда көрөт», – деди Байсалов мырза.

 

БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве айым куттуктоо сөзүндө БУУнун Өнүктүрүү программасынын БУУ системасы жана өлкө үчүн маанисин баса белгиледи. «БУУнун реформаларынын аркасында БУУӨПтүн техникалык лидерлигинин ролу дагы бекемделди жана социалдык-экономикалык (жашыл) өнүгүү, санариптештирүү, климаттык аракеттер, башкаруу жана тынчтык орнотуу сыяктуу тармактарга багытталган. БУУнун адистештирилген мекемелеринин, фонддорунун жана программаларынын ишин жана тажрыйбасын бириктирүүгө жардам берген күчтүү БУУнун Өнүктүрүү программасы БУУнун бүткүл системасынын натыйжалуулугу жана салымы үчүн маанилүү бойдон калууда».

БУУӨП 1993-жылы жергиликтүү өкүлчүлүгү ачылгандан бери кыргыз элине жакырчылыкка каршы күрөштө колдоо көрсөтүп келет.

Маалымат үчүн: БУУӨП – БУУнун өнүктүрүүнүн глобалдык тармагы, өзгөрүүлөрдү жактаган жана өлкөлөрдү билимге, тажрыйбага жана ресурстарга байланыштырып, адамдарга жакшы жашоо курууга жардам берген уюм. Биз 170ке жакын өлкөдө жана аймактарда глобалдык жана улуттук өнүгүү көйгөйлөрүн чечүү жолдорун иштеп жатабыз. Жергиликтүү потенциалды жогорулатуу менен алар БУУӨПтүн кызматкерлерин жана биздин көптөгөн өнөктөштөрдү тартууда.

БУУнун өнүктүрүүнүн глобалдык тармагы, өзгөрүүлөрдү жактаган жана өлкөлөрдү билимге, тажрыйбага жана ресурстарга байланыштырып, адамдарга жакшы жашоо курууга жардам берген уюм. Биз 170ке жакын өлкөдө жана аймактарда болуп, алар менен глобалдык жана улуттук өнүгүү көйгөйлөрүн чечүү жолдорун иштеп жатабыз. Жергиликтүү потенциалды өнүктүрүүдө алар ПРООНдун элине жана биздин кеңири чөйрөдөгү өнөктөштөрүбүзгө тартылышат.