БШК Россия менен Казакстандагы кыргыз диаспоралары менен алдыдагы шайлоого байланышкан маселелерди талкуулоодо

2020-ж., 7-August

БШК төрайымы Н. Шайлдабекова Орусия жана Казакстандагы Кыргыз диаспоралары менен онлайн жолугушуу учурунда. Фото: Махабат Мурзаканова/БУУӨП Кыргызстан.

Кыргыз Республикасынын Шайлоолор менен референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК) 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого даярдык көрүү менен катышуунун алкагында чет жактардагы кыргызстандыктардын диаспоралары менен онлайн жолугушууларды өткөрүүдө.

Мындай мүмкүнчүлүк БУУӨПтүн КР БШК жана Миграция боюнча эл аралык уюм менен кызматташтыкта жүзөгө ашырып жаткан Кыргыз Республикасындагы шайлоолорго жардам көрсөтүү программасынын көмөгү менен жаралды.

Бул жолугушуулар парламенттик шайлоого даярдык көрүү, учурдагы жол-жоболор жөнүндө маалымдоо, ошондой эле чет жактарда жашаган шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусунун укуктук жана техникалык аспектилери маселелери боюнча пикир алмашуу жана талкуулоо максатында өткөрүлүүдө.

Кезектеги жолугушуу бүгүн, 2020-жылдын 5-августунда, өткөрүлүп, ага КР БШК төрайымы Шайлдабекова Нуржан Кармабековна, Миграция боюнча эл аралык уюмдун, БУУ Өнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү Тилек Орунбаев менен Юлия Шипилова жана Россия Федерациясы менен Казакстан Республикасындагы кыргызстандыктардын диаспоралары катышты.

КР БШК төрайымы Нуржан Кармабековна белгилегендей:

«Боршайком шайлоочулардын тизмеси боюнча платформа даярдаган, ал жерде ар бир жаран өз шайлоо участогун тактап, тизмедеги өзүнүн маалыматтарын текшерип алса болот: tizme.gov.kg. Андан тышкары, talapker.shailoo.gov.kg өзүнчө платформасы ачылып, анда катталып жаткан партиялар боюнча толук маалымат жайгаштырылмакчы».

Жолугушуу учурунда диаспоралардын өкүлдөрү бир катар маселелер боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Фото: Махабат Мурзаканова/БУУӨП Кыргызстан.

Жолугушуу учурунда диаспоралардын өкүлдөрү бир катар маселелер боюнча тынчсыздануусун билдиришти, анын ичинде азыркы тапта консулдуктар карантинге жабылгандыктан, онлайн каттоодон өтүүнүн татаалдыгын, добуш берүү үчүн шайлоо участокторунун санынын жетишсиздигин, пандемия учурунда коопсуздук чараларын сактоо боюнча көйгөйлөр белгиленди.

КР БШК төрайымы Н.Шайлдабекова онлайн каттоо ишке киргизилгендигин, бардык тийиштүү жол-жоболор сүрөттөлгөн атайын видео бериле тургандыгын кабарлап, шайлоочулардын каттоодон өтүшүн өтүндү, анткени шайлоо участкаларын ачуу маселеси катталган шайлоочулардын санына түздөн-түз көз каранды болот. Андан тышкары, шайлоо компаниясынын ар бир этабында коопсуздук боюнча атайын алгоритм иштелип чыкмакчы. Добуш берүү күнүндө жарандарды, байкоочуларды жана УШК мүчөлөрүн коргоо боюнча чаралардын толук комплекси көрүлүп, жарандардын дене табын көзөмөлдөө, бөлмөлөр менен эмеректердин үстүлөрүн дезинфекциялоо, бир ирет колдонулуучу колкаптар жана  беткаптарды берүү камсыздалмакчы.

Россия Федерациясында эң көп сандагы кыргызстандык диаспора бар экендигин жана алардын саны 600 000ге жакын экендигин эске алуу менен жолугушуу үч саатка созулду. Суроолордун көпчүлүгү биометрикалык каттоо жана консулдук эсепке алууга байланыштуу болгондуктан, бул маселелер боюнча видео-роликтер көрсөтүлдү, жолугушуу учурунда аларга шилтемелер жөнөтүлдү: кыргыз тилинде жана орус тилинде. Ошондой эле июль айынын аягынан тартып Россия Федерациясында 8 800 3018 318 номери боюнча, ал эми Казакстан Республикасында 8 10 800 0000 5727 номери боюнча түз байланыш ишке киргизилди, бул номерлерге байланышып, шайлоо боюнча суроолорду берсе болот. Ушул эки өлкөдөн чалуулар акысыз болмокчу. 

2020-2021-жылдарда Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду колдоо программасы Кыргызстандагы БУУӨП тарабынан КР БШК менен кызматташтыкта жана Япониянын, Германиянын жана Швейцариянын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Программаны ишке ашырууда Миграция боюнча эл аралык уюму да (МЭАУ) жооптуу тарап болуп саналат жана ал программанын көбүнчө Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында жүргөн мигранттардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча компонентин жүзөгө ашырат.