2023-2027-жылдар мезгилине Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин Беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча «Жол картасы» кызыкдар тараптар менен талкууланды

2023-ж., 22-November

 

 Бишкек – 22-ноябрь, 2023-жыл – Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү БУУӨПтүн колдоосу менен Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын (2023-2027 жж.) «Жол картасынын» долбоору боюнча кеңири консультацияларды уюштурду. 

Бири өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана дипломатиялык корпус менен, экинчиси мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен – эки консультация өткөрүлдү. Консультациялар кызыкдар тараптарды акыркы эки жылда Кыргыз Республикасынын жетекчилиги алдында тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибин алга жылдыруудагы прогресс жөнүндө маалымдоо, ошондой эле бул күн тартипти өлкөдө ишке ашыруу боюнча «Жол картасынын» долбоору боюнча алардын пикирлерин чогултуу максатын көздөдү. 

«Жол картасында» өлкөнүн тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана Борбор Азиядагы глобалдык жана аймактык деңгээлдеги тоо маселелери боюнча кызматташуу аракеттери көрсөтүлгөн. «Жол картасы» бир нече негизги артыкчылыктарды камтыйт: калктын жашоо сапатын жана айлана-чөйрөнү жакшыртуу, аялуу жана уникалдуу тоо экосистемаларын сактоо, тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун бекемдөө. Кыргыз Республикасы үчүн бул ошондой эле эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, өнүктүрүү үчүн каржылоону тартуу жана тоолуу аймактардын көйгөйлөрүн улуттук жана глобалдык деңгээлде көрүнүктүү кылуу үчүн абдан маанилүү стратегиялык мүмкүнчүлүк.   

Кыргыз Республикасынын Президентинин тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев эл аралык коомчулукту Кыргызстандын тоолуу күн тартибин колдоого чакырды. Ал адамдардын жашоосун жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн «Жол картасын» биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

БУУ тоолордун глобалдык экосистемадагы маанилүү ролун тааныйт. Кыргызстан жана бүткүл дүйнө пайда болгон көйгөйлөрдү чечүүгө катышты жана саясий консультациялар жана программалык чаралар аркылуу тоо күн тартибин алга жылдырууну жактап келет.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве «Биз «БУУнун тоолуу аймактардагы достору» деп аталган коалиция түздүк. Бул платформа бизге өз иш-аракеттерибизди натыйжалуу координациялоого жана тоолуу аймактар боюнча күн Тартибибизди колдоо БУУнун 2023-2027-жылдарга туруктуу өнүгүү боюнча кызматташуу боюнча беш жылдык алкактык программабыздын алкагында өнүгүүнүн башка багыттары менен толук шайкеш келишин камсыз кылууга мүмкүндүк берет», – деди. 

Тоолордун глобалдык экосистемадагы маанилүү ролун таанып, БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьёва белгилегендей, «Жол картасы» көптөгөн маанилүү аспектилерди, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү, адам потенциалын өнүктүрүүнү жана жашыл экономиканы өлкөнүн тоо өзгөчөлүктөрүн чагылдырган жана адамдардын бакубаттуулугун жакшыртуу боюнча жакшы координацияланган аракеттерди түзүүгө жардам берген ырааттуу күн тартибине интеграциялоо үчүн мыкты курал болуп калат. 

"Тоо күн тартиби өзүнө бир нече негизги артыкчылыктарды камтыйт - эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, каржылоону тартуу, калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу, аярлуу жана уникалдуу тоо экосистемаларын сактоо, тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун жогорулатуу. Бул адам потенциалын өнүктүрүүгө жана тоолуу аймактарда жашаган адамдардын жыргалчылыгына басым жасоо менен экологиялык, экономикалык жана социалдык аспектилерди караган комплекстүү, ар тараптуу күн тартиби", - деди БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.  

«Жол картасы» мындан ары өкмөт тарабынан кошумча талкууланып, андан соң маалымат каражаттарында атайын кампания өткөрүлөт. Кийинки негизги кадамдардын бири катары Өкмөт БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-Конференциясында тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибин илгерилетүүнү пландаштырууда. 

 

 

ЖМК үчүн байланыш

Айнагүль Абдрахманова, Коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы +996775755776