«Врачтар, медайымдар, санитарлар үйгө кеткен жок. Биз күнү-түнү иштейбиз»

2020-ж., 3-April

Нурдин Алмереков. Сүрөт: жеке архив

Нурдин Алмереков – Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы. Ал короновируска каршы күрөшүү кантип жүрүп жатканы жана массалык жугуудан кантип сактануу керек тууралуу айтып берди.    

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын врачтары кантип иштеп жаткандары тууралуу айтып берсеңиз? 

Бизде коронавирустан даарыланып жаткан бейтаптар бар. Биз бир аптадан ашык убакыттан бери күнү-түнү ооруканадабыз. Бул жерде биз азыр жашап жаткан атайын бөлүм бар. Биз короновирустук инфекция илдети бар бейтаптарды туруктуу текшерип, карап турабыз. Врачтар, медайымдар, санитарлар эчким үйгө кеткен жок. Биз жети күндөн ашык убакыт карантиндебиз.

Коронавирустук инфекция канчалык коркунучтуу?

Негизинен  бул аба-тамчы инфекциясы болуп саналат, ал аба, ошондой эле тричилик-байланыш, тагыраак айтканда кандайдыр бир буюмдар аркылуу жугат. Башында кадимки грипп катары өтөт, башкача айтканда дененин ысышы, жөтөл болушу мүмкүн, бирок грипптен айырмаланып, дем алуунун оорлошу менен коштолот. Кошумча оору бул - пневмония. Бүткүл дүйнө үчүн бул жаңы, олуттуу инфекция. Тилекке каршы азырынча иммунитет, вакцина жана атайын терапия жок. Ошондуктан, учурда инфекция олуттуу коркунуч жаратууда.  

Коронавирустан кантип коргонсо болот?

Азыркы учурда жана биринчи кезекте башкалардан обочолонуу, тагыраак айтканда адамдар менен байланышты чектөө. Үйдө болуу. Үйдө болгондо да, адам жуктуруп албашына жүз пайыздык ишенич жок. Анткени силер каалаган учурда дүкөнгө же дарыканага баратканда, же таштанды чыгарганда кокустан жуктуруп алсаңыздар болот. Ошондуктан коргонуу чараларын сактап, жеке коргонуу каражаттарын кийүү зарыл, эгерде көчөгө чыксаңар беткап, колкап кийип, дезинфекциялоочу каражаттар менен колдонуп, үйгө келгенде колду самын менен 20 секунддан кем эмес убакыт жууп туруу керек.  

COVID-19 менен күрөшүү тажрыйбаңыз боюнча калкка эмне деп айта аласыз?

Тажрыйбаны биз эми гана алып жатабыз, анткени айыгып кеткен бейтаптар бизде азырынча жок.  азырынча биз аларды дарылап жатабыз, айрым бейтаптарда клиникалык көрүнүштөр байкала элек. Бирок алар жугуштуу болуп саналышат.  Ошондуктан, Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда жана короновирустук инфекциянын жуктуруусу көп катталган райондордо кыргызстандыктарды өзгөчө кырдаал учурунда, биринчи кезекте, өзүнчө обочолонууга, карым-катыштарды жана көчөгө чыгууларды азайтууну сунуштайм. Биз өтүп кетишин күтүп, адамдан адамга жугуу чынжырын үзүүгө аракет кылышыбыз керек. Ооруган адамды дароо бөлүп, дарылоосун жүзөгө ашыруу зарыл. Бардыгы сактык чараларын, карантин режимин жана өзгөчө кырдаал режимин сактоого чакырам.  Биз, врачтар, медицина кызматкерлери, медаймдар жана санитарлар биздин мекендештер үчүн жумушта калдык, биз да өзүбүз бул жерде карантиндебиз. Азырынча биз өз үй-бүлөлөрүбүзгө, балдарыбызга бара албайбыз. Биз үчүн үйдө болуңуз.