COVID19 пандемиясы учурунда өз алдынча обочолонуу жана тилектештик кантип өмүрлөрдү сактайт

2020-ж., 6-April

Инга Бабичева, Кургак учук жана ВИЧ программасынын координатору, БУУӨП Кыргызстан. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Глобалдык Фонд БУУӨП долбоорунун координатору Инга Бабичева  COVID19 пандемиясы учурунда аярлуу адамдарды кантип коргоо тууралуу баяндады. 

- Глобалдык Фонд долбоору COVID19 пандемиясы учурунда АИВ жана КУ илдети менен адамдарды коргоосун кантип улантууда?

2011-жылдан баштап Кыргызстанда биздин долбоор Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Өкмөткө кургак учук жана АИВ инфекциялар менен ооруган бейтаптар, ошондой эле калктын эң негизги топтору үчүн алдын алуу кызматтарын көрсөтүүдө  жардам берип келүүдө.

Эпидемия учурунда, биз өз ара обочолонууга аракет кылууда, өлкөнүн айрым региондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланган учурда кургак учук жана АИВ илдети менен бейтаптар дарылануусун токтотпой, улантуу биздин долбоор үчүн эң маанилүү.  Биздин алдын алуу программалардын кардарлары бардык кыйынчылыктарга карабастан дарылануусун кыйла  узак мөөнөткө алуусу, күнүгө жеке коргонуу каражаттарына ээ болуусу үчүн аракет кылабыз. Биздин долбоордун колдоосу менен  Саламаттыкты сактоо министрлиги бейөкмөт уюмдар менен бирге АРТ алган АИВ менен адамдарга бул терапияны үч айга жана андан көп убакытка алууга мүмкүндүк берген бир катар докумнттерди иштеп чыкты.  Дарыга туруктуу кургак учук илдети менен адамдарга дарылар он күнгө берилет, башкача айтканда алар дары алуу үчүн күнүгө бейтапканага баруу кажети жок. 

БУУӨП жана Глобалдык фонддун долбоорлору тарабынан мен биздин программалардын бардык кардарларын, кургак учук жана АИВ инфекциясы менен ооруган бардык бейтаптарды өлкөдө алдын алуу программалары үчүн медициналык каражаттар өз убагында келет деп ишендирип кетким келет.   

- АИВ же кургак учукка диагностика алуу дагы да мүмкүнбү?

АИВ же кургак учук жуктуруп алдым деп шектенип, учурда медицина кызматкерлер башка иштер менен алек болуп жаткандыр деген ой менен врачка баруудан күмөн санаган  адамдарга айткым келет – күтпөстөн, врачка кайрылыңыз. Бардык врачтар буга чейин жеткиликтүү болгон каалаган жардамды көрсөтүүгө даяр. Ошондуктан эгерде сизде кандайдыр бир шектенүүлөр пайда болсо, сиз каалаган бейтапканага келип, өз учурунда АИВге жана кургак учукка анализ тапшырып, өз убагында ооруну аныктап, дарылоону баштасаңар болот. Короновирустун эпидемиясы, өзгөчө кырдаал дарылоону баштоо үчүн тоскоолдук эмес.    

Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

- АИВ менен жашаган адамдар короновирус оорусунун тобокелдик тобуна киришет. Сиз аларга эмне деп айткыңыз келет? 

АИВ менен ооруган, бирок АРТ дарылоосун баштай элек адамдарга өзүнчө кайрылгым келет. Сиздин иммунитет төмөндөп кеткен жана сизде короновирусту жана башка ооруларды жуктуруп алуу тобокелдиги бар. Сиз бул дарылоону канчалык эрте баштап, врачка келип анын консультациясын канчалык эрте алсаңар, сиз ошончолук эрте иммунитетиңизди көтөрүп аласыз да, короновирусту жуктуруп алуу коркунучун төмөндөтөсүз.    

- Биз короновируска каршы күрөшүүдө жеңип чыгуу үчүн сиз кыргызстандыктарга эмне деп айта аласыз? 

Биздин врачтардын жана медайымдардын, биздин тең консультанттарыбыздын эмгеги  тууралуу айтпай кое албайм. Биз бул вирус жөнүндө, балким,  көптү билбейбиз, бирок бул адамдар өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып, өзүнүн ден соолугун коротуп бизге,баардыгыбызга жардам берип жатышат.  Алар кимге жардам берүүнү тандашпайт. Мен баардыгыңарды үйдө калууга чакырам. Алардын эмгегин жеңилдетүү максатында. Анткени биз өзүбүз гана өлкөдө оорунун массалык жайылуусун токтото алабыз. Ушундай жол менен гана биз короновирус менен ооругандар үчүн сапаттуу дарылоосун камсыз кыла алабыз. Ушундай жол менен гана биз алардын эмгегин жеңилдетип, алардын үй-бүлөлөрүнүн күтүү убактысын кыскартып, балдарына, күйөөлөрүнө жана жубайларына кайтуусун жакындата алабыз. Үйдө болуу менен аларга жардам бериңиз жана мүмкүн болгон учурда ыраазычылыгыңызды билдириңиз.   

Кыргыздарда  «Ырыс алды ынтымак»  деген абдан жакшы макал  бар, эпидемия учурунда мен: “Эгерде сиз аярлуу адамды, өнөкөт оорулары бар адамды көрсөңөр, эгерде кимдир бирөө сиздин жардамга муктаж болуп жатса – жанында болуңуз, телефон чалыңыз, дүкөнгө барып, азык-түлүк алып бериңиз. Балким, медициналык жардам керек болсо,  сиз тез жардамга же ал адам консультация алуусу үчүн  врачка чалсаңар болот.  Бирге бололу, сабырдуу бололу, толеранттуу бололу жана ушул татаал күндөрдө тилектеш  бололу.