Эмнеге медициналык таштандылар коркунучтуу?

2021-ж., 25-October

Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

ДСУнун маалыматы боюнча, саламаттыкты сактоо ишмердүүлүгүнүн таштандыларынын 15%га жакыны адамдарга жана айлана-чөйрөгө коркунучтуу. Бул коркунуч ар түрдүү – бактериялык, химиялык, радиоактивдүү жана экологиялык коркунучтар. Анын үстүнө медицина канчалык активдүү өнүксө, ошончолук таштандылар «кир» болот. Адамдарга жугуу, инфекциянын таралышы жана эпидемиянын пайда болуу коркунучтарын азайтуу үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту БУУӨП менен биргеликте медициналык калдыктарды башкаруу боюнча видеокурс иштеп чыккан.

Медициналык таштандылардын коркунучу жөнүндө талкуулар ХХ кылымдын экинчи жарымында башталган. Маселе адамзатка эпидемиялар менен коркунуч туудурган бир катар жугуштуу оорулардын ачылышына байланыштуу пайда болгон. Ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштуулары медициналык процедуралар учурунда ВИЧ, В же С гепатитин жуктуруп алуу мүмкүн экенин баса белгилешкен.

Мындан элүү жыл мурун, медициналык мекемелерде эпидемиядан алдын ала сактануу максатында бир жолу колдонулуучу приборлор жана керектелүүчү материалдар практикага киргизилген, дезинфекциялоочу каражаттар жана бактерициддик лампалар кеңири колдонула баштаган. Бирок бул жетишсиз болгон. Медициналык таштандыларды зыянсыздандыруу темасы бүгүнкү күндө абдан курч.

Бул тууралуу көйгөйдү чечүүгө катышкан эксперт, врач-эпидемиолог, медицина илимдеринин кандидаты Алексей Кравцов менен сүйлөштүк.

- Эмнеге медициналык таштандылардын коркунучу жогорулап жатат?

- Анткени бул тармак өнүгүп жатат. Ал эми бейтаптар барган сайын агрессивдүү дарылоолорго ээ болуп жатышат. Бул жерде "агрессивдүү" деген сөздү күнүмдүк контекстте түшүнүүнүн кажети жок. Илимдин өнүгүшү менен врачтар диагностика жана дарылоо жүргүзүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат, натыйжада приборлор менен керектелүүчү материалдар адамдын каны жана башка суюктуктар менен көбүрөөк байланышта болот. Бир жолку медициналык аппараттар (шприцтер, маскалар, кол каптар, жеке коргонуу каражаттары) барган сайын көп колдонулууда. Фармакология жана радиология тез өнүгүп жатат, бул эмнени билдирет? Бул пластикалык, химиялык жана радиологиялык таштандылардын саны көбөйүп баратканын билдирет. Бир жолу колдонулуучу инструмент – бул өтө чоң таштанды. Тилекке каршы, прогресстин дайыма эки жагы болот.

- Бул менен кантип күрөшүү керек?

- Бразилия конвенциясы деп аталган нерсе бар, ал бул маселени кантип чечүү керектигин аныктайт. 2003-жылдан бери биз Кыргызстанда бул менен оорукана аралык инфекциялардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программанын алкагында иштей баштадык. Биринчиден, биз жагдайды иликтеп, кайсы этапта экенибизди аныктадык. Биз медициналык кызматкерлер үчүн коркунучтарды, экологиялык тобокелдиктерди, эпидемиялык коркунучтарды көрдүк.

Оорукананын техниктери туура иреттелбеген хлор менен дезинфекцияланган медициналык таштандыларды таштанды полигонуна чыгарып жүрүшкөн. Ошондой эле таштандылар ооруканалардын короосунда өрттөлгөн. А бул түздөн-түз бир нече мыйзам ченемдерин бузган. Бул жагдайды өтө коркунучтуу деп айтууга толук мүмкүн болот.

- Эмнеден баштадыңыздар?

Дээрлик нөлдөн баштадык. А класстагы коркунучтуу таштандыларды – бир жолку шприцтердин жана таңуучу материалдардын таңгактарын жана уулуу эмес, бактериялык эмес же башка коркунучтуу эмес калдыктарды дагы эле полигонго ташып кетүүгө болот. Ал эми коркунучтуу таштандылар азыр 5 класска бөлүнөт, жана алардын арасында анатомиялык, биологиялык суюктуктар менен булганган жана эпидемиологиялык коркунучтуу инструменттер, колдонулбаган вакциналар, радиологиялык таштандылар, потенциалдуу токсикологиялык коркунучу бар колдонулбаган дары-дармектер ж.б. Ар бир класстын өзүнүн утилизация протоколу бар.

Мисалы, уулуу хлор менен дезинфекциялоонун айынан медайымдар менен санитаркалар астма менен жапырт ооруп калышкан. Аны автоклавдар менен алмаштырдык. Жөн эле эмес, агрегат иштегенден кийин бактериологиялык жана башка коркунучтар жок болот деген изилдөөлөрдөн кийин. Анын үстүнө биз автоклавдын эң жөнөкөй версиясын тандап алдык, анткени ал персоналдын атайын квалификациясын талап кылбайт жана бузулбайт. Жана көп электр тогунун туруктуу чыңалуусуна көз каранды эмес, айрыкча периферияларда кандай электр маселелер пайда болуп турарын баарыбыз билебиз. Башкача айтканда, биз жөнөкөй эрежеге таяндык – биз тандаган нерсе реалдуу шарттарда иштеши керек. Ал эми дезинфекцияланган пластикалык аспаптар – шприцтер азыр кайра иштетилүүдө. Башкача айтканда, утилдештирүү натыйжалуу гана эмес, экологиялык жактан дагы таза болушу керек. Ооруканалар да бул менен акча таба алышат, аларга киреше керектиги баарыбызга эле белгилүү.

- Азыр маселе чечилдиби?

- Жок, али көп жумуш бар. Химиялык таштандылардын абалы өтө оор, аларды нейтралдаштыруунун эң эффективдүү жолу – гидролиз, бирок азырынча практика жүзүндө көп нерсе биз каалагандай эмес. Ал эми сымап камтылган таштандылар жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда биз ратификациялаган Миномато конвенциясынын талаптарына дагы деле жооп бербейбиз.

Биз пиролиз сыяктуу химиялык таштандыларды утилдештирүү үчүн технологияны иштеп чыгуудабыз. Бул өрттөө эмес, уулуу эмес бир катар элементтерге тез ажыроо, процесс кычкылтексиз жүрөт. Биз таштандыны утилдештирүү боюнча дагы көптөгөн технологияларды иштеп чыгабыз жана киргизебиз.

Бардык медициналык таштандылар, өзгөчө коркунучтуу деп эсептелбесе дагы, жоопкерчилик менен утилдештирилиши керек. Адамдарга жугуу, инфекциянын таралышы жана эпидемиянын пайда болуу коркунучтарын азайтуу үчүн медициналык таштандыларды туура иреттөө жана таштоо маанилүү. Ошол себептен, медициналык кызматкерлерге медициналык таштандылардын категориялары жана аларды кантип утилдештирүү керектиги жөнүндө атайын жазылган видео курсту колдонуу сунушталат.

Медициналык таштандыларды утилдештирүү боюнча курсту БУУӨПтүн Youtube каналынан, https://www.youtube.com/user/UNDPKG дарегинен көрө аласыз. Белгилей кетсек, ал Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү Программасы менен биргеликте Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен иштелип чыккан.

Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан