Кыргыз Республикасындагы Инсандын өнүгүүсү боюнча Улуттук баяндамаcы: климаттык өзгөрүү шартында туруктуу жана адилеттүү энергетикалык келечек үчүн энергетикалык аярлуулукту жоюу

Талаптанган сапаттагы жана жеткиликтүү баадагы энергия менен камсыздоо экономикалык өсүштүн, жашоо деңгээлин жогорулатуунун жана социалдык теңчиликтин негизи болуп саналат. Заманбап энергетикалык кызматтарды көрсөтүү бүтүндөй калктын жашоо сапатын жакшыртат, сапаттуу билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарына жетүүнү камсыздайт, бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана акырында жумуш орундарын түзөт. Кыргыз Республикасы, бир энергетикалык ресурска - гидроэлектрстанцияларынын электр энергиясына (өндүрүштүк кубаттуулугунун 90%дан ашык) жогорку деңгээлде көз каранды болуп жана күйүүчү майлардын таза импортчусу болуп, табигый жана климаттык (суунун аздыгы жана жана агым деңгээлинин төмөндөшү), геосаясий (табигый газдын бир камсыздоочусуна көз карандылык), инфраструктуралык (электр жабдууларынын эскирип бузулушу), камсыз кылуу булактарынын ар түрдүүлүгү жок болгон, рыноктук эмес баалар жана башка көйгөйлөрдөн улам энергетикалык коопсуздукта ар кандай коркунучтарга дуушар болот.

2023-ж., 12-September
NHDR
Сүрөт интернеттен алынды

Талаптанган сапаттагы жана жеткиликтүү баадагы энергия менен камсыздоо экономикалык өсүштүн, жашоо деңгээлин жогорулатуунун жана социалдык теңчиликтин негизи болуп саналат. Заманбап энергетикалык кызматтарды көрсөтүү бүтүндөй калктын жашоо сапатын жакшыртат, сапаттуу билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарына жетүүнү камсыздайт, бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана акырында жумуш орундарын түзөт. 

Кыргыз Республикасы, бир энергетикалык ресурска - гидроэлектрстанцияларынын электр энергиясына (өндүрүштүк кубаттуулугунун 90%дан ашык) жогорку деңгээлде көз каранды болуп жана күйүүчү майлардын таза импортчусу болуп, табигый жана климаттык (суунун аздыгы жана жана агым деңгээлинин төмөндөшү), геосаясий (табигый газдын бир камсыздоочусуна көз карандылык), инфраструктуралык (электр жабдууларынын эскирип бузулушу), камсыз кылуу булактарынын ар түрдүүлүгү жок болгон, рыноктук эмес баалар жана башка көйгөйлөрдөн улам энергетикалык коопсуздукта ар кандай коркунучтарга дуушар болот. 

Натыйжада, гидроэнергетиканын, күн жана шамалдын олуттуу энергетикалык потенциалына ээ болгонуна карабастан, өлкө  энергетикалык кризиске кабылат. Энергетика сектору электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүн камсыздай албайт, дал ошол экономикалык өсүштү жана өнүгүүнү чектеп эле койбостон, калктын ден соолугуна, билимине жана киреше деңгээлине олуттуу терс таасир тийгизет. 

Ошентип, Улуттук статистика комитетинин 2021-жылдагы акыркы отчеттук маалыматтарына ылайык, калктын 70% электр энергиясына туруктуу жеткиликтүү. Жалпы өлкөдөгү калктын 20,6%, айыл жериндеги  калктын 3,2% таза отундарды (майларды) жана технологияларды колдонушат. Кайра жанма энергия булактарынын технологияларын практикалык колдонуусу али ымыркай кезинде (муун аралашмасында 1,5%дан ашпайт). 

Калктын жана экономиканын реалдуу секторунун негизги муктаждыктарын камсыздоого болгон өсүүчү суроо-талапты канааттандыруу үчүн энергетикалык кризисти жеңүү көп тараптуу ыкмаларды талап кылат. 2023-жылы Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Инсандын өнүгүүсү боюнча Улуттук баяндаманы (ИӨУБ) даярдоо процессин баштады. Ал энергетикалык аярлуулук менен инсандын өнүгүүсүнүн ортосунда өз ара байланышты өлкөнүн төмөн деңгээлдеги көмүртек чыгаруу экономикасына өтүүсү башталып жаткан контекстте изилдөөгө мүмкүнчүлүк тартуулайт.  

ИӨУБга карата өткөрүлгөн баштапкы изилдөө өлкөлөр арасында орчундуу байланышты аныктады: энергетикага жеткиликтүүлүктүн бийик деңгээли адатынча бийик деңгээлдеги инсандык өнүгүүгө алып келет. Бирок энергетикага жеткиликтүүлүк өнүгүүнүн абзел бөлүгү болгону менен, ал өз алдынча бийик деңгээлдеги инсандык өнүгүүгө кепилдик бербейт. Энергетикага жеткиликтүүлүктүн инсандын өнүгүүсүнө мүмкүн болгон оң же терс таасир этүү жолдорун түшүнүү зарыл. Ал үчүн Кыргыз Республикасы көздөгөн энергетикадагы ири трансформация учурундагы ар түрдүү коом топтору дуушар болгон көп кырдуу көйгөйлөрдүн анализи талап кылынат. Анын ичинде бул өтүү учурунда күчөп кете алчу абанын булганышынан болгон ден соолукка тобокелдик, айлана-чөйрөнүн экологиялык абалынын начарлоосу жана экономикалык туруксуздук.

 

ИӨУБ

Бул максат менен, ИӨУБ боюнча алдын ала изилдөөнүн жыйынтыктары менен кийинкилерди аныктадык: өтө жакыр жашагандардын 35,6% жана жакырчылык чегинен төмөн жашагандардын 28,5% электр кубатына туруктуу жеткилиги жок - алардын саны Кыргыз Республикасында 1,7 миллион адамга жетет. ИӨУБ изилдөөсүндө биз тематикалык анализ менен ушул 1,7 миллион адамдын акыбалына көңүл бурууну сунуштап жатабыз. Алар ар кандай багытта көп тараптуу коромжуларга дуушар болот: улуттук жакырчылык чегинен төмөн жашашат, электр энергиясына туруктуу жеткилиги жок, жана ошондуктан тамак жасоо, жарыктандыруу жана үйлөрдү жылытуу үчүн кир күйүүчү майларды колдонушат.

Бул максат менен, ИӨУБ боюнча алдын ала изилдөөнүн жыйынтыктары менен кийинкилерди аныктадык: өтө жакыр жашагандардын 35,6% жана жакырчылык чегинен төмөн жашагандардын 28,5% электр кубатына туруктуу жеткилиги жок - алардын саны Кыргыз Республикасында 1,7 миллион адамга жетет. ИӨУБ изилдөөсүндө биз тематикалык анализ менен ушул 1,7 миллион адамдын акыбалына көңүл бурууну сунуштап жатабыз. Алар ар кандай багытта көп тараптуу коромжуларга дуушар болот: улуттук жакырчылык чегинен төмөн жашашат, электр энергиясына туруктуу жеткилиги жок, жана ошондуктан тамак жасоо, жарыктандыруу жана үйлөрдү жылытуу үчүн кир күйүүчү майларды колдонушат. 

Өлкөнүн энергетикалык жактан аялуу катмарын изилдөөгө, маалыматтарды чогултууга жана талдоого басым жасоо менен, ИӨУБ даярдоо процесси бир нече маанилүү суроолорду жаратат: бул топтордун өзгөчөлүктөрү кандай? Таза энергияга жетпегендиктин адамдык чыгымдары кандай? Алар таза энергияга жетүүдө кандай тоскоолдуктарга туш болушат? Акыр-аягы, ИӨУБ бул тоскоолдуктарды жеңүү үчүн инновациялык саясатты иштеп чыгууну көздөйт.

Баяндамада Кыргызстандагы үй-бүлөлөр дуушар болгон айкын көйгөйлөргө баа берүү аркылуу энергетикалык аярлуулук динамикасына терең талдоо берилет. Бул энергетикалык жакырчылыкка жана анын үй-бүлөлөрдүн бюджетине тийгизген таасирине талдоо жүргүзүүнү, ошондой эле социалдык теңсиздик жана экономикалык туруксуздук сыяктуу энергетикалык аялуулукту шарттаган факторлорду изилдөөнү камтыйт. Баяндама ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн энергетикалык аялуулукка тийгизген кесепетине талдоо берет, анын ичинде табигый кырсыктардын коркунучунун жогорулашы жана энергетикалык инфраструктурага таасири. Мындан тышкары, биз энергиянын аялуулугун чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун карап чыгабыз, анын ичинде кайра жаралуучу энергияга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, энергиялык майнаптуулукту жогорулатуу жана даректүү социалдык коргоо программалары. Ошентип, баяндаманын максаты Кыргызстандын үй-бүлөлөрү туш болгон уникалдуу көйгөйлөргө жана аларды чечүүнүн жолдоруна толук-кандуу баа берүү болуп саналат.

Энергетикалык демократия кыймылы кайра жаралуучу энергиянын туура бөлүштүрүлгөн өндүрүшүнө негизделген келечектин коому салттуу күйүүчу майларды колдонуу аркылуу борборлоштурулган энергия өндүрүүсүнө негизделген азыркы коомдук түзүлүштөрдөн түп-тамырынан айырмаланарын аныктайт. Баяндамада, адатта кеңири жеткиликтүү болгон түгөнгүс жана жалпы мааниде акысыз болгон ресурстарга таянуу менен, жергиликтүү, чакан орнотууларда кайра жаралуучу энергия булактарын колдонуу потенциалы каралат.

Заманбап энергетика социалдык-экономикалык өнүгүүнүн козголтуучу күчү болгону менен ошол эле учурда айлана-чөйрөгө чоң терс таасирин тийгизет. Таза энергияга жете албаган эң жакыр топтор, алар дуушар болгон көп тараптуу теңсиздиктин натыйжасында экологиянын эң начар таасиринен эң көп жабыр тартышат. ИӨУБ концептуалдык негизи калктын энергетикалык жактан аялуу топторуна көңүл бурат, мында алардын энергетикага өтүү контекстинде мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү эске алынат.

Таза энергияга жеткиликтүүлүгү жок калктын ичиндеги жакыр үй-бүлөлөр, алар кабылып жаткан көп теңсиздиктердин натыйжасында айлана-чөйрөнүн эң терс кесепеттерине дуушар болушу ыктымал. Энергияны пайдалануу айлана-чөйрөгө тийгизген таасир менен социалдык-экономикалык натыйжалардын ортосундагы негизги делдал болуп саналат. ИӨУБ концептуалдык негизи энергетикалык жактан алсыз топторго басым жасап, энергетикалык өтүүдөгү өзгөрүүлөрдөн улам пайда болгон негизги мүмкүнчүлүктөрдү сүрөттөйт.

Париж келишими боюнча өлкөлөрдүн көмүртектин эмиссиясын кыскартуу боюнча милдеттенмелерине карабастан, күйүүчү майлар дагы эле дүйнөдөгү энергиянын 80%дан ашыгын түзөт. Кыргыз Республикасы 2050-жылга чейинки Узак мөөнөттүү аз эмиссияларды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга милдеттенди, ал күйүүчү майларды керектөөнү кыскартууга жана кайра жаралуучу энергиянын булактарын өндүрүүнү көбөйтүүгө, энергия менен камсыз кылуу системасын модернизациялоого жана энергияны үнөмдөө чараларын ишке ашырууга багытталган. Энергетика сектору өлкөнүн күнөскана газдарынын чыгындысынан болжол менен 60% түзөт жана сектордун климаттын өзгөрүшүн жеңилдетүү потенциалы бул чаралар аркылуу ишке ашырылат. 

Энергетикалык аярлуулук Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн олуттуу көйгөйү болуп саналат. Аялуу жамааттар туш болгон кыйынчылыктарды жакшыраак түшүнүү аркылуу ИӨУБ туруктуу жана адилеттүү энергетикалык келечекти куруу үчүн баалуу маалымат жана жетекчилик менен камсыз кылат. Анын ичине кийинкилер кириши мүмкүн: энергияга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу үчүн тарифтердин чегинен чыгуу зарылчылыгы, энергетика тармагындагы инновациялардын керектүүлүгү, энергетика боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана көз караштарды өзгөртүү стратегиялары, аялуу үй-бүлөлөрдү социалдык жактан коргоо саясаты, аймактык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү ж.б. Бул сунуштарды ишке ашыруу менен өлкө импорттолуучу күйүүчү майларга көз карандылыгын азайтып, энергетикалык коопсуздукту жакшыртып, туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтө алат. 

Бул сунуштарды ишке ашыруу ар кандай кызыкдар тараптардын, анын ичинде мамлекеттин, жеке сектордун, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын кызматташуусун жана координациясын талап кылат. ИӨУБ бардык кызыкдар тараптарга биргелешип иштөөгө жана Кыргыз Республикасынын эли үчүн жакшы келечекти түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.