БУУӨП Кыргызстандагы креативдүү экономиканын дараметин ачууда

Креативдүү экономика барган сайын дүйнө жүзү боюнча тездик менен өнүгүп, ИДПнын жана жумуштуулуктун өсүшүнүн маанилүү кыймылдаткыч күчүнө айланууда. БУУнун баалоосуна караганда, маданий жана чыгармачыл тармактар дүйнөлүк ИДПнын 3,1 пайызын жана дүйнө жүзү боюнча жумуштуулуктун 6,2 пайызын түзөт.

2024-ж., 18-April

Креативдүү экономика барган сайын дүйнө жүзү боюнча тездик менен өнүгүп, ИДПнын жана жумуштуулуктун өсүшүнүн маанилүү кыймылдаткыч күчүнө айланууда. БУУнун баалоосуна караганда, маданий жана чыгармачыл тармактар дүйнөлүк ИДПнын 3,1 пайызын жана дүйнө жүзү боюнча жумуштуулуктун 6,2 пайызын түзөт. Креативдүү экономика тармактарынын жылдык кирешеси 2 триллион доллардан ашат жана дүйнө жүзү боюнча дээрлик 50 миллион жумуш орундарын түзүүдө. Бул тармакта иштегендердин жарымына жакынын аялдар түзөт жана башка тармактарга салыштырмалуу бул тармактарда 15-29 жаштагы адамдар көбүрөөк иштейт. Креативдүү тармактар адамдарга идеяларды көзгө көрүнөөрлүк экономикалык баалуулукка айландыруу менен өзүнүн чыгармачылык дараметин жана инновацияларды ачуу үчүн аянтчаны сунуштайт.

Кыргызстан жаштарды туруктуу өнүктүрүүнү жана өлкөдө кармап калууну камсыз кылуу үчүн креативдүү экономиканын зор дараметин тааныйт, бул 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасында чагылдырылган. 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы мониторинг системасын жана колдоо механизмдерин өркүндөтүү, билим берүү программаларын модернизациялоо, креативдүү мейкиндиктерди жана кызматташтык платформаларын ишке киргизүү, ошондой эле “Жаратман Кыргызстан” (“Креативдүү Кыргызстан”) улуттук брендин илгерилетүү сыяктуу демилгелерге артыкчылык берет. Мындан тышкары, 2022-жылдын апрелинде президент Садыр Жапаров креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Креативдүү индустриялар паркын – новатордук глобалдык демилгени түзүү жөнүндө жарлыкка кол коюу менен бул багытта олуттуу кадам жасады.

БУУӨП Кыргызстанда креативдүү экономиканы илгерилетүүдө алдыңкы позицияда турат. БУУӨПтүн Акселератор лабораториясы аркылуу туруктуу жана инклюзивдүү өнүгүүгө көмөктөшүү максатында креативдүү экономиканын дараметин пайдалануу үчүн инновациялык чечимдер талданып, изилденип келет. БУУӨПтүн алдыңкы демилгелеринин бири – Креативдүү индустриялар ассоциациясы менен өнөктөштүктө түзүлгөн Create4 платформасы. Бул платформа тез эле жалпы Кыргызстан боюнча таанымал креаторлордун жана инноваторлордун коомчулугуна айланды. Ар кандай кызыкдар тараптар менен кызматташып, Create4 платформасы креативдүү экономиканын дараметин ачып берип, улуттук жана регионалдык деңгээлдерде инклюзивдүү өнүгүүгө көмөктөшүүдө. Платформа мамлекеттик органдардан, жеке компаниялардан, жарандык коомдун уюмдарынан жана билим берүү тармагынан олуттуу колдоого ээ болуп, аларды тарта алды. Белгилей кетчү нерсе, БУУӨП Create4 өнөктөштүк платформасын субулуттук деңгээлде ийгиликтүү жайылтууда: Токтогулдагы креативдүү жана жашыл экономиканын демилгелерин ишке ашыруу, Оштогу маданий көп түрдүүлүктү даңазалоо жана Казакстан менен Өзбекстандан чыгармачыл ишкерлер жана кызыкдар тараптар менен билим алмашууга өбөлгө түзүү платформанын айрым гана иштери.

Create4 Festival attendees taking a selfie in a crowded room.

Create4 платформасы 30дан ашык өнөктөштүн башын бириктирип, 100дөн ашык уюмду тартууда, анын ичинде жеке компаниялар, мамлекеттик органдар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, жарандык активисттер, коомдук фонддор жана илимий чөйрөлөр бар, алардын бардыгы Кыргызстандын креативдүү индустриясын кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө умтулуп жатышат.

Муну менен катар, Акселератор лабораториясы креативдүү экономика аркылуу аярлуу топтордун укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн адамга багытталган усулдарды жана ыкмаларды колдонууда. Муну менен лаборатория жамааттардын деңгээлинде өнөктөштөргө биргелешкен долбоорлоо жана биргелешкен чыгармачылык маанайында инновациялык чечимдерди илгерилетүү мүмкүнчүлүгүн берип жатат. БУУӨПтүн аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө болгон умтулуусу Аялдардын креативдүү лабораториясы (WCL) сыяктуу демилгелерде да көрүнүүдө. Окутууну, насаатчылыкты жана баштапкы каржылоону сунуштап, WCL элет жергелериндеги аялдарга чыгармачыл тармактарда ишкердүүлүк менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат. Муну менен WCL гендердик стереотиптерди бузуп, инклюзивдүү өсүшкө көмөктөшүүдө. 

Toktogul Women Handcrafters showcasing their handmade food products at the EcoJaratman Festival.

Жаратман Айымдар Жамааты  (WCL) – бул аялдарга багыт алган коворкинг. Ушул тапта жамаатта 200дөн ашык резиденти чыгармачыл индустрияда өзүнүн бизнес идеяларын ишке ашырууну тездетүү үчүн окутуунун адистештирилген программаларына жана насаатчылардын колдоосуна жете алышат; ал эми 600дөн ашык адам тармакка биргелешкен демилгелер жана иш-чаралар аркылуу катышууда.

Жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү БУУӨПтүн ишинин дагы бир негизги багыты болуп саналат, анын аракеттери чыгармачыл жөндөмдөрдү жана креативдүү ишкердүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган. БУУӨП жүргүзгөн изилдөө билим берүү жана насаатчылык программалары аркылуу жаш таланттарды өнүктүрүү жана экономикалык өсүшкө дем берүү стратегияларын аныктап чыкты.

Креативдүү экономика экономикалык өнүгүүгө көмөктөшкөндөн тышкары, социалдык биримдиктин жана инклюзивдүүлүктүн катализатору катары да кызмат кылат. БУУӨПтүн “Майптыгы бар адамдар үчүн искусство” демилгеси сыяктуу долбоорлору көп түрдүүлүктү жана инклюзивдүүлүктү сүрөп, аярлуу жамааттардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жаратмандык сезимин тарбиялоо үчүн чыгармачылыктын күчүн колдонуп жатат.

Women artists showcasing diverse disabilities on an art panel.

Women creators of the art panel demonstrating disability diversity

Креативдүү индустриялар (creative placemaking) жана санариптик технологиялар аркылуу аймактарды көрктөндүрүү сыяктуу инновациялык ыкмалардын жардамы менен БУУӨП жергиликтүү өнүгүүгө жана маданий мурастарды сактап калууга көмөктөшүүдө. Технологияларды жана жамааттардын жигердүү катышуусун колдонуу менен БУУӨП жергиликтүү жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен жана инклюзивдүү экономикалык өсүшкө көмөктөшкөн туруктуу чечимдерди ойлоп табууга умтулуп жатат.

ILGERI JOLU quest image created by artificial intelligence

ILGERI JOLU quest image created by artificial intelligence

Жеке адамдардын жана жамааттык деңгээлде чыгармачыл индустриялар менен өз ара байланыш түзө алган новатордук уюм катары Акселератор Лабораториясынын иши “иш-аракет аркылуу үйрөтүү” принцибинин негизинде практикалык тажрыйба берүүдө. Инновацияларга, кызматташтыкка жана инклюзивдүүлүккө өзгөчө көңүл буруу менен БУУӨП креативдүү экономиканын адамдарды, жамааттарды жана институттарды түптөөдөгү трансформациялык күчүн тааныйт, муну менен кыйла өнүккөн жана туруктуу келечекке жол салууда.

Булактар: