"Биздин бенефициарлардын жадагалса паспорттору да жок": БУУӨП COVID-19 учурунда тобокел топторго кандайча жардам берүүдө?

2020-ж., 28-April

Мээрим Болотбаева: Биздин бенефициарлар - ВИЧ, кургак учук менен жашаган адамдар, баңги зат колдонуучулар, ЛГБТ , секс-кызматчылар. Колдоого, алдын алууга, кам көрүүгө, психологиялык, социалдык жана каржылык жардамга муктаж адамдар. Сүрөт: Жеке архив

COVID19 пандемиясынын кесепетинен Бишкек жана Кыргыз Республикасынын башка райондору 2020-жылдын март айынын аягынан бери өзгөчө абалда. Бул жаңы коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн кыймылды чектөө жана өзүн-өзү изоляциялоо керек экендигин билдирет. Бирок БУУӨП / Глобалдык Фонддун долбоору жана анын өнөктөштөрү үчүн алардын кардарларына: кургак учук менен ооругандарга, АИВ-инфекциясы илдетине чалдыккан адамдарга жана тобокел топтогуларга жардам көрсөтүүдө чыныгы тоскоолдуктарды жаратат. БУУӨП / Глобалдык Фонддун долбоорунун мүчөсү Мээрим Болотбаева өнөктөштөр арасында сурамжылоо жүргүзүп, бул кырдаал алардын ишине кандай таасир тийгизгенин жана анын натыйжалары жөнүндө төмөндөгү блогдо бөлүшкөн:

Биз, БУУӨП /Глобалдык Фонддун долбоорунун кызматкерлери, өнөктөштөрүбүз менен бирге, аярлуу топтор менен ооруларды алдын алуу жана дарылоо боюнча иш алып барабыз. Биздин кардарлар - АИВ-инфекциясы менен жашаган адамдар, баңги заттарын колдонуучулар, ЛГБТ адамдар, секс-кызматкерлери ... Көбүрөөк колдоого, профилактикага, камкордукка, психологиялык, социалдык жана каржылык жардамга муктаж адамдар. Биз бул адамдардын жанында болушубуз зарыл.

Бул иш негизинен кардарлар менен үзгүлтүксүз байланышта болууну талап кылат - аларды медициналык текшерүүдөн өткөрүү, жаңы санитардык шаймандар менен камсыз кылуу, алдын алуу боюнча тренингдерди өткөрүү жана жеке консультацияларды өткөзүү... Өзгөчө кырдаалдар учурунда бул жумуштун үзгүлтүккө учурабашы үчүн эмне кылышыбыз керек? Жаңы глобалдык пандемия шартында,  мурда аярлуу, иммундук системасы начар бул калктын катмарын корголушун кантип камсыз кыла алабыз? Мындай учурда биз алардын жанында болушубуз керек, бирок физикалык жактан биз ал жерде боло албайбыз.

Биздин долбоор өнөктөш өкмөттүк эмес уюмдар жана башка уюмдар арасында апрель айында өзгөчө кырдаал башталганда, бул жаңы, күтүлбөгөн кырдаал алардын жумушуна кандайча таасир эткендигин билүү үчүн сурамжылоо жүргүздү. Биздин өнөктөштөр кардарлардын көпчүлүгүнүн паспорту жок экендигин, ал эми өзгөчө кырдаал учурунда сыртка чыгуу үчүн паспорт сөзсүз болушу керек экендигин баса белгилешкен. Бул адамдардын абалы канчалык оор экендигин элестете аласызбы? Айрыкча, укук коргоо органдарынын баңги зат колдонуучулар, секс кызматкерлери жана мурда камалып чыккандар сыяктуу тобокел топтогу адамдарга карата стигма жана дискриминация деңгээлин эске алсак.

Биздин кардарлардын арасында каржы жагынан өтө оор шарттарда жашаган көптөгөн адамдар бар. Алардын айрымдары жылдар бою ооруп, иштей албай жүргөн адамдар. Айрымдары илдеттерден же сексуалдык ориентациясынан улам үй-бүлөсү таштап кеткен адамдар. Кээ бирлери түрмөдөн жаңы эле бошотулуп, бара турган жери жок адамдар. Кээ бирлери эртеңки күнү жээрге эч нерсеси жок адамдар.

Өзгөчө кырдаалдан улам, биздин кардарлар кеңештерди алуу, диагноздорун билүү  үчүн же күнүмдүк дарылануу үчүн медициналык мекемелерге барууда тоскоолдуктарга учуроодо. Алар каржылык жактан өтө начар абалда болуп, кимге кайрылышарын билишпейт. Мындай жагдайдын жана өнөкөт илдеттердин айынан алар башкаларга караганда Сovid19 вирусунан көбүрөөк жапа чегишет.

Биз аларга жардам берүү, алдын алуу, диагноз жана дарылоону өз убагында камсыз кылуу үчүн колубуздан келген бардык аракеттерди жасоону уланта беребиз. Бирок, албетте, өзгөчө кырдаалдын жана пандемиянын шартында бул кыйыныраак болууда. Биздин өнөктөштөрдүн 53% алардын ишмердүүлүгү азыраак адамдарды камтыгандыгын айтышты. Тилекке каршы, алар мурдагыга караганда азыраак адамдарга жардам берип атышат. Жооп бергендердин 34% өздөрүнүн кеңсесине бара албастыгы тууралуу айтышкан, ал эми 31% байланышка байланыштуу көйгөйлөргө туш болушкан.

Албетте, биз бул тоскоолдуктарды жеңүү үчүн колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз. Бирок Covid19 пандемиясы бизге жумуш моделдерибизди кайра карап чыгууга үйрөтөт деп ойлойм. Бул кырдаалдан биз көптөгөн жакшы сабактарды алсак болот: жергиликтүү чечимдерге көңүл буруу, тилектештикке жана каражат чогултууга чакыруу жана биздин ишибизди өзгөртүү. Алдын алуу, дарылоо жана кеңеш берүүнүн инновациялык ыкмалары жөнүндө ойлонушубуз керек. Жөнөкөй кырдаалда күн сайын медициналык мекемеге баруу чыныгы түйшүктү жаратса, мындай абалда такыр эле мүмкүн эмес болуп калат. Бул келечек жөнүндө ойлонууга эң мыкты учур. Видео аркылуу дарылоо сыяктуу санариптик чечимдерди көбүрөөк колдонушубуз керек. Биз бейтаптарга ишенип, алар менен смартфондорубуз менен же онлайн платформалар аркылуу сүйлөшүшүбүз керек. Үйдө дарылоонун туруктуу системасын түзүү зарыл. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн кызматкерлер жана кеңешчилер үчүн ыңгайлуу эмгек шарттарын камсыз кылуу керек. Covid19 бизди өзгөрүүгө мажбурлоодо. Андыктан жакшы жана узак мөөнөткө өзгөрүүгө чакырам.