БУУӨП жергиликтүү деңгээлде чыр-чатактардын алдын алуу боюнча потенциалды жогорулатууга колдоо көрсөтөт

27 September 2023

 

Бишкек, 2023-жылдын 27-сентябры. 2023-жылдын 11-сентябрынан 20-сентябрына чейин Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жети пилоттук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мэриялардын жана алардын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын (МТУ), айыл аймактарынын өкүлдөрү, жарандык коом уюмдары жана жамааттарынынын лидерлери үчүн чыр-чатактардын алдын алууда, өз ара аракеттешүүнү жакшыртууда жана мониторинг жүргүзүүдөгү потенциалын жогорулатуу максатында тренингдер өткөрүлдү. 

“Жергиликтүү деңгээлде чыр-чатактардын алдын алуу үчүн чыр-чатактардын мониторинги жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү” деген темадагы эки күндүк тренинг бардык кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган.

 

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү темалар боюнча курстар сунушталды:

1. Чыр-чатактын алдын алуунун укуктук негиздери.

2. Жергиликтүү деңгээлде биргелешкен мониторинг жүргүзүү аркылуу чыр-чатактын алдын алууга ыйгарым укуктуу жана кызыкдар тараптарды тартуу.

3. Коомдук мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу жана жарандык интеграцияны күчөтүү.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коом уюмдарынын катышуусу менен жергиликтүү деңгээлде биргелешкен мониторинг жүргүзүү.

5. Шаардык жана айылдык деңгээлде чыр-чатактардын алдын алуу боюнча биргелешкен мониторинг жүргүзүүнү киргизүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.

 

«Шаардын мэриясы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жана жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш алып барууда. Мэрия коомчулуктардын лидерлеринин сунуштарын эске алуу менен өз убагында алдын алуу иш-чараларын ишке ашыруу үчүн чыр-чатактарга мониторинг жүргүзүүгө кызыкдар. Мэриянын жергиликтүү жамааттар менен биргеликте мониторинг кылууда өз ара аракеттенүүсү күчөтүлөт”, - дейт Ноокат шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси Түгөлбай Абдумаликов.

Чыр-чатактардын алдын алуу боюнча тренинг жергиликтүү контексттин мисалдарынын негизинде, конкреттүү мисалдар менен жана чыр-чатактарды чечүү жана анын алдын алуу боюнча ар кандай ыкмаларды эске алуу менен өткөрүлдү. 

«Ички чыр-чатакты чечүүнүн жолдорун үйрөнүү жана түшүнүү абдан кызыктуу болду. Чыр-чатактарды эмоционалдуу эмес, диалог аркылуу чечүүнүн жолдору мага өзгөчө жакты», - дейт Сузак айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча жетектөөчү адиси Айгерим Караева.

Биргеликте мониторинг жүргүзүү жана чыр-чатактарды алдын алуу маанилүү экенин №2 «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын юристи Нургазы Абдикамил уулу белгилеп өттү. «Чыр-чатактардын алдын алуу жана социалдык көйгөйлөргө мониторинг жүргүзүү үчүн муниципалдык аймактык башкармалыктары менен түздөн-түз иштешүү максатка ылайык. Анткени, муниципалдык аймактык башкармалыктарында бардык маалыматтар жеткиликтүү, алардын өкүлдөрү тургундар менен дайыма тыгыз байланышта жана калк аларга ишенет. Демек биргелешип иштөө жеңил”, - дейт Нургазы Абдикамил уулу.

Иш-чаралардын сүрөтүнө шилтеме: https://flic.kr/s/aHBqjAVXr4 

 

***

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Кыргызстандагы өнүктүрүү жаатындагы алдыңкы уюмдардын бири. 1993-жылдан бери биз Туруктуу өнүгүү максаттарына биргелешип жетүү үчүн инклюзивдик өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, кризиске каршы туруу, гендердик теңчиликти илгерилетүү сыяктуу көптөгөн тармактарда иш жүргүзүүдөбүз.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз: www.undp.org/ru/kyrgyzstan   же социалдык тармактардагы биздин баракчаларыбызга жазылыңыз: @undpkg.

 

ЖМК үчүн байланыш:

Нуржан Алымканова

БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси

Nurzhan.alymkanova@undp.org