- Бишкекте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештериндеги майыптыгы бар депутаттардын «Инклюзивдүү мамлекет жергиликтүү деңгээлден башталат» аттуу Улуттук форуму өттү
Бишкекте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердеги майыптыгы бар депутаттардын «Инклюзивдүү мамлекеттик башкаруу жергиликтүү деңгээлден башталат» аттуу Улуттук форуму өттү
2026-ж., 16-October
Бишкек, 2026-жылдын 16-октябры - Бишкекте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештериндеги майыптыгы бар депутаттардын «Инклюзивдүү мамлекет жергиликтүү деңгээлден башталат» аттуу Улуттук форуму өттү. Форумда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 20дан ашуун майыптыгы бар депутат тажрыйба алмашып, ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктап, жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине майыптыгы бар адамдардын катышуусун күчөтүү маселелерин талкуулашты. Форумдун негизги жыйынтыктарынын бири катары жергиликтүү кеңештердин майыптыгы бар депутаттарынын Тармагы түзүлдү.
Форум тең өкүлчүлүк принциптерин ишке ашыруудагы жана «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын жүзөгө ашыруудагы кезектеги маанилүү кадам болду. 2024-жылы шайлоо мыйзамдарына жергиликтүү кеңештерде майыптыгы бар адамдар үчүн квота караган ченемдер киргизилип, анын натыйжасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу майыптыгы бар 26 депутат шайланган.
Форумдун маанилүү окуяларынын бири Жогорку Кеңеште өткөн жогорку деңгээлдеги пленардык жыйын болду. Анда жергиликтүү кеңештердин депутаттары өз аймактарынын артыкчылыктарын жана демилгелерин сунушташты. Жыйынга Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева катышты.
«Айрыкча жергиликтүү кеңештерде бардык катмардагы жарандардын шайланышы, айрыкча майыптыгы бар адамдардын өкүлчүлүгүнүн камсыздалышы инклюзивдүү мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам. Себеби майыптыгы бар жарандар мамлекеттик саясаттын жардам алуучулары гана эмес, ошол саясатты иштеп чыгууга, чечимдерди кабыл алууга жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө толук укуктуу катышуучулар болушу керек», - деп белгиледи Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев.
«Майыптыгы бар адам өкүлчүлүк органына келгенде, мурда болбогон өзгөчө тажрыйбаны алып келет. Бирок көйгөйдү билүү эле жетишсиз, аны чечүүгө жетишүүнү да үйрөнүү керек. Дал ушул максат форумдун өзөгүн түздү», – деди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев.
«Инклюзивдүү башкаруу адамдардын өз жашоосуна таасир эткен чечимдерди кабыл алууга катышуусунан башталат. Майыптыгы бар депутаттарды колдоо аркылуу БУУӨП жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын чыңдоого көмөктөшөт. Натыйжада инфраструктуранын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү, иш менен камсыз кылуу жана билим берүү маселелери аймактарды өнүктүрүүнү пландаштырууда жана жергиликтүү бюджеттерди бөлүштүрүүдө эске алынат», – деп билдирди БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
Форумдун жүрүшүндө катышуучулар жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары, жергиликтүү бюджетти түзүү, чечим долбоорлорун даярдоо жана майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо механизмдери боюнча билимдерин тереңдетишти. Ошондой эле алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Акыйкатчы институтунун жана Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын өкүлдөрү менен жолугушту. Ар бир катышуучу өзүнүн айыл аймагы же шаары үчүн жеке иш-аракеттер планын иштеп чыкты.
Тармактын түзүлүшү депутаттарга мындан ары да тажрыйба алмашууга, демилгелерди координациялоого жана жергиликтүү деңгээлде тең укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого багытталган чечимдерди биргелешип илгерилетүүгө мүмкүндүк берет.
БУУӨП Жогорку Кеңеш жана Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен өнөктөштүктө майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыз кылуу боюнча өлкөнүн аракеттерин ырааттуу колдоп келет. Бул иш-аракеттерге Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоого көмөк көрсөтүү, улуттук мыйзамдарды анын жоболоруна шайкеш келтирүү боюнча эксперттик колдоо берүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана майыптыгы бар адамдардын коомдук жана саясий турмушка катышуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу кирет.
Маанилүү багыттардын бири болуп сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саналат. Юстиция министрлиги менен өнөктөштүктө БУУӨП мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын чыңдоого көмөк көрсөтүүдө. Бул иштин алкагында министрлик ишеним телефону, «Тилектештик автобустары» жана Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборлору аркылуу акысыз юридикалык жардам көрсөтөт. Бул аракеттер адамдардын өз укуктарын коргоо жана зарыл болгон укуктук колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам берет.
БУУӨП ошондой эле жеткиликтүү коммуникациялык кызматтарды өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө. 2016-жылдан бери уюм жаңдоо тилинин котормочуларын, анын ичинде юридикалык терминология багытында атайын окутууну колдоп келет. Мындан тышкары, «Түндүк» системасы менен интеграцияланган «Жаңдоо тилинин котормочусу» онлайн-платформасы иштелип чыгууда. Ал онлайн жана офлайн форматтарында котормо кызматтарын алууну жеңилдетүүгө багытталган.
Майыптыгы бар адамдардын саясий катышуусун колдоо БУУӨПтүн инклюзивдүү мамлекеттик башкарууну чыңдоо боюнча кеңири мамилесинин бир бөлүгү болуп саналат. Бул ошондой эле БУУӨПтүн натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү институттарды өнүктүрүүгө багытталган жаңы флагмандык Governance (Башкаруу) багытына шайкеш келет. Улуттук реформаларды колдоону жергиликтүү деңгээлдеги практикалык чечимдер менен айкалыштыруу аркылуу БУУӨП мамлекеттик органдардын потенциалын бекемдөөгө жана жарандардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун кеңейтүүгө көмөктөшөт.
Кыргыз Республикасы Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялаган жана 2023–2030-жылдарга карата «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасын ишке ашырууда. Майыптыгы бар адамдардын жергиликтүү кеңештердин ишине катышуусу теңдик жана жеткиликтүүлүк принциптеринин конкреттүү чечимдерде жана жергиликтүү өнүгүү программаларында чагылдырылышына кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Форум Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин демилгеси менен БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону күчөтүү жана сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу» долбоорунун алкагында уюштурулду.