Айылдык демилгелерден Парламенттик чечимдерге чейин: Фергана өрөөнүнүн аялдары суу үнөмдөө жана айылдык жамааттарды өнүктүрүү боюнча чечимдерди сунуштоодо

Бишкек, 2026-жылдын 13-октябры – Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айылдык жамааттарынан чыккан аялдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына сугат сууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана сууну бөлүштүрүүгө байланышкан талаш-тартыштардын тобокелдигин азайтуу боюнча өз демилгелерин сунушташты. Эл аралык айылдык аялдар күнүнө арналган жолугушуу айылдык үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугуна жана жергиликтүү жамааттардын туруктуулугуна таасир эткен чечимдерге аялдардын катышуусун кеңейтүүдөгү маанилүү кадам болду.

2026-ж., 13-October

Диалог Жогорку Кеңеште депутаттардын жана «Тынчтык булагы – климаттык жана суу коопсуздугу үчүн аялдар» тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Тармак Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу фондунун каржылык колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана «БИОМ» экологиялык кыймылы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында түзүлгөн. 

Кыргызстандын көптөгөн айылдык үй-бүлөлөрү үчүн сугат сууга жеткиликтүүлүк түшүмгө да, кирешеге да, азык-түлүк коопсуздугуна да, коңшу жамааттар ортосундагы мамилелерге да түздөн-түз таасир этет. 

Бул чакырыктарга жооп катары өлкөнүн түштүгүндөгү аялдар жалпы көйгөйлөрдү чечүүгө барган сайын активдүү катышып жатышат. Бүгүнкү күндө «Тынчтык булагы» тармагы 20 жергиликтүү жамааттан чыккан 280 аял лидерди бириктирет, алардын катарында жергиликтүү кеңештердин 39 депутат айымы бар. Алар суу үнөмдөө долбоорлорун демилгелеп, жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташып, талаш-тартыштардын алдын алууга көмөктөшүп жана жашоочуларды биргелешкен чечимдердин айланасына бириктирип келишет. 

2025–2026-жылдары долбоордун алкагында жалпы суммасы 730 миң АКШ долларынан ашкан 20 жергиликтүү демилге ишке ашырылды. Натыйжада 22,32 чакырым ирригациялык каналдар, лотоктор жана түтүк өткөргүчтөр курулуп же калыбына келтирилип, 30,5 гектар аянтка 204 тамчылатып сугаруу системасы орнотулду, ошондой эле 1 078 гектар айыл чарба жеринин суу менен камсыздалышы жакшыртылды. 

Бул демилгелерден 1 701 үй чарбасынан 3 980 адам, анын ичинде 1 951 аял түздөн-түз пайда көрдү. Сууну натыйжалуу пайдалануу түшүмдүүлүктү жогорулатууга, айылдык үй-бүлөлөрдүн кирешесин бекемдөөгө жана суу пайдаланууга байланышкан чыр-чатактардын тобокелдигин азайтууга шарт түзүүдө. 

Жогорку Кеңештеги жолугушуу айылдык аялдарга суу ресурстарын башкарууну өркүндөтүү жана чечим кабыл алуу процессине аялдардын катышуусун кеңейтүү боюнча өз сунуштарын депутаттарга түздөн-түз жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берди. 

Жогорку Кеңештин  депутаты Эркеайым Сейтказиева жергиликтүү демилгелерди мыйзамдык жактан колдоонун маанисин белгилеп, мындай деди: 

«Аймактарды өнүктүрүү жана суу коопсуздугун камсыз кылуу агрардык сектордун олуттуу бөлүгүн түзгөн аялдардын активдүү катышуусусуз мүмкүн эмес. Биз  аял лидерлердин чечим кабыл алуудагы ролун институттук жактан бекемдөөнү толук колдойт жана парламент деңгээлинде зарыл болгон мыйзамдык өзгөртүүлөрдү илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр». 

 

Жолугушуунун ачылышында сүйлөгөн БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева мындай деди: 

«БУУӨП көп жылдан бери Кыргызстандын климаттык саясатын калыптандырууга колдоо көрсөтүп келет. Бул мамлекеттик программаларды жана мыйзамдарды иштеп чыгуудан тартып, айылдардагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга чейин камтыйт. Бүгүн биз бул иштин реалдуу натыйжаларын көрүп жатабыз: ирригациялык каналдар калыбына келтирилип, суу үнөмдөө технологиялары киргизилүүдө. Бирок өзгөчө баалуу нерсе – аялдардын өздөрү чечимдерди сунуштап, жамааттарында тынчтыкты жана өнүгүүнү бекемдөөгө көмөктөшүп жатышканы». 

Ошондой эле Александра Соловьева 2026-жылдын июль айында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө» мыйзамын демилгелөөгө катышкан Жогорку Кеңештин депутат айымдарынын салымын белгиледи. Бул мыйзамды иштеп чыгуу процессин БУУӨП Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргеликте колдогон. 

Тармактын катышуучулары үчүн Парламенттеги жолугушуу өздөрүнүн тажрыйбасын жана сунуштарын улуттук мыйзам чыгаруу деңгээлинде түздөн-түз сунуштоого мүмкүнчүлүк берди. 

«Тынчтык булагы» тармагынын катышуучусу Нургүл Ысакова мындай деди: 

«Мурда сугат суусун бөлүштүрүүдө биздин пикирибиз эске алынышы кыйын болчу. Долбоордун аркасында биз жаңы билимдерди алып, күч-аракетибизди бириктирдик жана бүгүн айылдарыбыздагы көйгөйлөр тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары менен түз сүйлөшө алабыз. Бизди угуп жатышканын көрүп турабыз жана бул балдарыбыздын келечеги менен жамааттарыбыздагы тынчтык үчүн ишибизди улантууга күч берет». 

Парламенттик диалог аял лидерлердин, депутаттардын жана мамлекеттик органдардын ортосунда суу коопсуздугу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча демилгелерди алдыга жылдырууда кызматташуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачты. 

БУУӨП улуттук өнөктөштөрү менен биргеликте бул аракеттерди мындан ары да колдоону улантып, ийгиликтүү тажрыйбаларды жайылтууга жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүндө айылдык аялдардын ролун бекемдөөгө көмөк көрсөтөт.