"Бүгүн абдан сулуусуз" - деген сөз кесиптешке карата кодулообу же комплиментпи?

2023-ж., 26-November

Комплименттин кесиптешке маанай тартуулоо күчү бар, бирок кээде сезимдерин басынтып, сексисмге теңелип калуусу ыктымал. Бардык ресурстарга жана шарттарга тең мүмкүнчүлүк доорунда аялдын сырткы көрүнүшү, жүрүм-туруму, иш-аракети тууралуу пикирлер сексизмге кандай байланышы бар? Бул суроого жооп берүү үчүн бул маселенин маңызын жана негизин түшүнүү зарыл.

Мурункулардан айырмаланып, бүгүнкү күндө аялдардын укуктары көб учурда мыйзам тарабынан корголгон, алардын коомдук иштерге катышууга көз караштар оңолуп, карьерасы баалуулука ээ. Ошол эле учурда, аялдар талкуулардын себеби бойдон калууда жана ал сын-пикирлер көбүнчө өткөн замандын гендердик стереотиптерден келип чыгат.

Белгилеп кетсем, эркектер да гендердик теңсиздиктен улам чыккан көйгөйлөргө учурап, социалдык нормалардын кысымына кабылышат. Бирок аялдар жана эркектер туш болгон дискриминация такыр айырмаланат. Кичинекей мисал берсем, жумушка жайгашу маек учурунда, эркек кишинин кесиптик жетишкендиктери жана тажрыйбасы сураса, ал эми аялдан жаш курагы жана үй-бүлөлүк абалы жөнүндө суралат.

Угуп жаткан ырларга көңүл буруганда, аялдардын баракчасынын астындагы комментарийлерди окуганда, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун коркунучтуу статистикасын көргөндө, сексизм өзүнүн түшүндүрмөсүн табат.

Лириканын күчү

Аялдар жөнүндөгү ырларда көбүнчө анын сулуулугуна жана жүрүм-турумуна байланыштуу контекст бар, мисалы, «жаркыраган көздөр» жана «созулуп турушу» деген сөздөр кеңири колдонулат. Алар биринчи көрүнүштө айыпсыз сезилиши мүмкүн, бирок алар жөнөкөй адамдын образында түзүлбөгөн сулуулук стандарттарын бекемдейт. Ал стандарттарга жооп бербеген аялдар гендердик сезимтаал эмес чөйрөдө сырткы кел-бетин өзгөртүү боюнча сын-кеңештерди угушат.

Ал эми эркектер жөнүндөгү ырларда көбүнчө алардын күчү жана кадыр-баркы баса белгиленет, бирок анын сырткы келбети жөнүндө сөз кылынбайт. Бул кош стандарт эки жыныстын кабыл алынуусун жана чагылдырылганын көрсөтүп турат.

Саясатта эмне маанилүү?

Айтылган кабыл алуу диспропорциясы саясий чөйрөгө да тарайт. Эркек саясатчылар чечимдерди кабыл алганда, алардын иш-аракеттери кеңири анализге алынып, көбүнчө дипломатиялык ийгиликсиздик жана компетентсиздик үчүн сынга алынып келет. Ошол эле учурга аял саясатчылар кабылганда, комментарийлер көбүнчө анын жеке сапаттары же интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүнө шектенүү менен байланыштуу болот. 

Эркектер үстөмдүк кылган чөйрөдө аялдардын адаптациясына көбүрөөк күч жумшайлат, айрыкча анын чеберчилигине байланышы жок жек көрүү сөздөрү аялдардын алдында  турган маанилүү милдеттерден алаксытып, адис катары баалуулугун төмөндөтөт.

Комплименттердин көрүнбөгөн тарабы

“Бүгүн айрыкча татынакайсын” деген сыяктуу мактоо сөздөр көбүнчө кесиптештин көңүлүн көтөрүү же маанай жаратуу ниетинен келип чыгарына шек жок. Бирок, жагдай төмөнкү учурларда өзгөрөт: а) Комплименттер өтө көп же үзгүлтүксүз болуп баштаса, айрыкча кызмат орду бир-нечен жогору турган адам тарабынан. б) Комплимент кесиптик чөйрөнү кесип өтсө.

Комплименттин ээси макулдугун береген кезде. 

Бирок аялдардан аялдарга комплимент айтылганда ушул эле эрежелер сакталабы? Эгер комплимент сексуалдык мааниге ээ болсо жана уккан адамга ыңгайсыздык жаратса, жооп "ооба".

Комплимент сырткы көрүнүш менен чектелбейт

Баса, аял кесиптештерди эркек кесиптештер менен тең баалуу экендигин билдирүү үчүн башка жолдор бар. Мактоолорду сырткы көрүнүшкө эмес, жетишкендиктерге арнаса болот. "Сенин отчетуң укмуш жазылыптыр!" же "Сиздин сунушуңуз абдан пайдалуу болду, рахмат" деген сыяктуу, кел-бетин эскерпей туруп ыраазычылык билдирсе болот.

Сырткы көрүнүшү боюнча комментарийлерден баш тартуу сунушунун себеби, башка адамдын кел-бети өзгөрүүсүнө, мисалы арыктаганына же жаңы чач жасалгасына эмне себеп болгонун дароо айтуу кыйынга жатат.

Ар бир адам, жынысына карабастан өзгөчө жана анын көрүнүшү генетика, жашоо образы, жашы жана ден соолук шарттарынан келип чыкканын эстен чыгарбоо керек.

Сексизмге каршы чара көрүү

Эгер сиз сексизм менен күрөшүү жана сый мамилени жайылтуу жөнүндө көбүрөөк билгиңиз келсе, БҮҮӨП сыяктуу уюмдар баалуу ресурстарды сунуштайт. БҮҮӨП тарабынан  куугунтук жана сексуалдык асылуу боюнча саясаты бул маселелерге карата колдонуучу ыкмалар жөнүндө түшүнүктөрдү берет, аларды бул жерден окуй аласыз.

Андан сырткары, БҮҮӨП өзгөчө аялдарга жана кыздарга карата жек көрүүчүлүк сөздөрү менен күрөшүүчү "#Жек көрүүчү сөздөрдөн зомбулуксуз коммуникацияга" аттуу методологияны киргизди. Шилтеме аркылуу сиз бул теманы тереңирээк изилдей аласыз. Жаш балдар менен эркектердин ортосунда сезимтал байланышты өнүктүрүүгө колдоо алуу үчүн, "Айбек байке" телеграмм чатботу менен танышыңыз (@big_brother_ai_bot).

Жыйынтыктаганда, баарлашууда жана иш-аракеттерибизде гендердик сезимтал мамилени сактоо бул адилеттүү иш чөйрөсүн түзүүгө шарт бере турган эң сонун комплимент болуп саналат.