Бишкек, 2026-жылдын 15-октябры — Бишкекте Кыргыз Республикасынын судьяларынын «Туруктуу өнүгүү максаттарынын контекстинде экологиялык адилеттүүлүк: эл аралык экологиялык стандарттар жана Кыргыз Республикасынын улуттук ыкмалары» аттуу төртүнчү жылдык конференциясы өтүүдө.
Экологиялык адилеттүүлүк жана Туруктуу өнүгүү максаттары: Бишкекте Кыргыз Республикасынын судьяларынын төртүнчү жылдык конференциясы өтүүдө
2026-ж., 15-October
Конференция Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулууда. Иш-чарага Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, Конституциялык соттун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, прокуратуранын жана адвокатуранын өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жарандык коом уюмдары, ошондой эле эл аралык эксперттер жана чет мамлекеттердин сот системаларынын өкүлдөрү катышууда.
2023-жылдан бери экологиялык адилеттүүлүк боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү конференциялар сот тажрыйбасы менен алмашуу, эл аралык стандарттарды талкуулоо, улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү жана сот системасынын, мамлекеттик органдардын, илимий жана эксперттик коомчулуктун, адвокатуранын жана жарандык коомдун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн кесиптик аянтча болуп келет. 2023-жылы өткөн биринчи эл аралык конференцияга Борбор Азиядан, Чыгыш Европадан жана башка аймактардан 100гө жакын катышуучу чогулган болсо, 2024-жылы сот системасынын, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын 125тен ашуун өкүлү катышкан.
2026-жылдагы конференциянын негизги темасы катары экологиялык жана климаттык адилеттүүлүктү камсыз кылуу, экологиялык укуктарды коргоо жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын бирдей колдонуу аркылуу Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү сот бийлигинин ролу каралууда. Ошондой эле эл аралык экологиялык стандарттар менен заманбап ыкмаларды Кыргыз Республикасынын улуттук сот практикасында колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
«Биздин салымыбыз так укуктук мазмунга ээ: иштерди көз карандысыз жана калыс кароо, жаратылышты коргоо мыйзамдарын ырааттуу колдонуу жана бузулган укуктарды натыйжалуу коргоо», — деди Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев.
Талкуулардын өзөгүндө Орхус конвенциясы жана Париж макулдашуусу сыяктуу эл аралык экологиялык стандарттарды колдонуу, улуттук экологиялык жана климаттык саясатты өнүктүрүү, ошондой эле илимий маалыматтарды, экспертизаны жана заманбап технологияларды пайдалануу менен экологиялык иштерди кароонун практикалык маселелери турат. Ошондой эле экологиялык адилеттүүлүктү камсыз кылууда, экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоодо жана экологиялык укуктарды коргоодо соттун, прокуратуранын, адвокатуранын жана жарандык коомдун ролуна өзгөчө көңүл бурулууда. Конференция экологиялык адилеттүүлүктүн институционалдык негиздерин бекемдөө боюнча иштерди, анын ичинде сот практикасын өнүктүрүүнү жана тиешелүү институттардын кесиптик дараметин жогорулатууну улантууда.
«Туруктуу өнүгүү заманбап мыйзамдарды гана эмес, экологиялык укуктарды коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган күчтүү адилеттүүлүк институттарын да талап кылат. Бул багыттагы ырааттуу сот практикасын өнүктүрүү жарандардын экологиялык укуктарын коргоо жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын натыйжалуу аткаруу үчүн чоң мааниге ээ», — деп белгиледи БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.
Конференция акыркы жылдардагы экологиялык адилеттүүлүктүн институционалдык негизин чыңдоо боюнча практикалык иштерди улантууда. 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку соту экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар боюнча кылмыш иштерин кароо маселелерине арналган биринчи Пленум токтомун кабыл алган. Бул документтин долбоорун даярдоодо БУУӨП Судьялар ассоциациясынын жумушчу тобуна эксперттик колдоо көрсөткөн. 2026-жылы кызматташтык улантылып, анын ичинде жакында түзүлгөн жаратылышты коргоо прокуратурасынын кесиптик дараметин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүлгөн.
Программанын өзүнчө бөлүгү жарандык коомдун экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоодогу, коомдук мониторинг жүргүзүүдөгү, көз карандысыз экологиялык экспертизаны ишке ашыруудагы жана жарандардын жана жамааттардын экологиялык укуктарын коргоодогу ролуна арналган.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар экологиялык жана климаттык адилеттүүлүктү өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки артыкчылыктарын, мындан аркы биргелешкен аракеттерди жана практикалык сунуштарды камтыган Жыйынтыктоочу резолюцияны кабыл алууну пландаштырууда.
Конференция БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы «Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана адилеттүү сот адилеттигине тең жеткиликтүүлүктү күчөтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Долбоор Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Ал Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктарына ылайык мыйзам үстөмдүгүн чыңдоого, адилеттүүлүккө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана адилеттүүлүк секторундагы институттардын кесиптик дараметин өнүктүрүүгө багытталган.