Миң-Куштагы жергиликтүү демилгелер: объектилерин рекультивациялоодон кийинки жаңы мүмкүнчүлүктөр

Миң-Кушта Европа Биримдигинин, БУУӨПтүн жана ЕККУнун колдоосу менен тургундардын өздөрү сунуштаган демилгелер ишке ашырылууда: балдар лагери, фитнес-борбор, жергиликтүү туризмди өнүктүрүү жана жаштарды санариптик илгерилетүүгө үйрөтүү.

2026-ж., 5-October
Group of professionals around a conference table in a bright office; map and posters on walls.

Миң-Куш уран казып алуу менен байланышкан калктуу конуш катары калыптанган жана анын өнөр жай тарыхы бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү тарыхтын маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Уран казуу иштери эбак токтотулган, ал эми 2026-жылы Миң-Куш аймагындагы мурдагы төрт уран объектисин рекультивациялоо иштери аяктаганы жарыяланган. 

Негизги калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин калктуу конушту мындан ары социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана анын тургундары үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү маселеси барган сайын актуалдуу болууда. 

Рекультивация иштери мамлекеттер аралык программанын алкагында жүргүзүлгөн. Өз кезегинде Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен БУУӨП жана ЕККУ тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоор жергиликтүү коомчулуктар менен өз ара аракеттенүүгө жана тургундар өздөрү калктуу конушту өнүктүрүү үчүн пайдалуу деп эсептеген демилгелерди колдоого багытталган. 

Долбоордун алкагында Миң-Куштун тургундары жергиликтүү демилгелерди иштеп чыгуу жана ишкердиктин негиздери боюнча окуудан өтүштү. Сынактык тандоонун жыйынтыгында бир нече сунуш, анын ичинде балдар лагерин жана фитнес-борборду түзүү, ошондой эле туристтик кызматтарды өнүктүрүү боюнча демилгелер колдоого алынды. Жаштарды SMM көндүмдөрүнө жана санариптик контент түзүүгө үйрөтүү өзүнчө багыт болду. 

Бул демилгелер коомчулуктун ар кандай муктаждыктарына жооп берет. Балдар лагери балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Фитнес-борбор тургундарга спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу үчүн мейкиндик берет. Жергиликтүү туризмди өнүктүрүү Миң-Куштун маршруттары, жаратылыш жана тарыхый объектилери тууралуу маалыматты системалаштырууга жана аны потенциалдуу коноктор үчүн жеткиликтүү кылууга жардам берет. 

Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Саламат Керимов жергиликтүү администрация демилгелердин авторлору жана ишкерлер менен жүргүзүлгөн иштерге катышканын жана долбоордук колдоо аяктагандан кийин түзүлгөн объектилердин туруктуулугун камсыз кылууну маанилүү милдеттердин бири катары карай турганын белгилейт.

Man in a suit speaks into a microphone outdoors, with tents and a red barrier in the background.

Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Саламат Керимов

БУУӨП Кыргызстан

Тургундар жергиликтүү экономика үчүн кошумча мүмкүнчүлүк катары карап жаткан багыттардын бири туризм болуп саналат. Жергиликтүү гиддер окуудан өтүштү, ал эми маршруттар, кооз жерлер жана кызматтар тууралуу маалыматтар акырындык менен социалдык тармактарга жана санариптик карталарга жайгаштырылууда. 

Жергиликтүү гиддердин бири Улан Мундузбаев экскурсияларды өткөрүп, ат менен сейилдөөлөрдү уюштурат. Анын айтымында, Миң-Кушка барууга кызыккан өз алдынча саякатчылардан кайрылуулар түшө баштады. 

Man in light polo stands in a room with nature posters on the wall and camera gear nearby.

Улан Мундузбаев

БУУӨП Кыргызстан

Бул багытты колдоо үчүн калктуу конуштун жаш тургундары жаратылыш, тарых, маршруттар жана жергиликтүү кызматтар тууралуу фото жана видеоматериалдарды түзүү боюнча окуудан өтүп жатышат. Долбоор ошондой эле контент түзүү үчүн базалык жабдууларды берди. Мындай ыкма жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдү аларды илгерилетүүгө жардам бере алган жаштар менен байланыштырууга мүмкүнчүлүк берет. 

Колдоого алынган дагы бир демилге Миң-Куштун тургуну Тилек Асанбековго таандык. Ал балдардын жаратылышта эс алуусун уюштуруу салтын калыбына келтирүүнү сунуштаган. 

Man in a brown jacket speaks into a microphone at an outdoor event, with tents in the background.

Тилек Асанбеков

БУУӨП Кыргызстан

«Мен бул жерде лагерь уюштурууну көптөн бери каалап жүргөм. Башында бул жөн гана идея болчу. Долбоордун колдоосу менен аймакты көрктөндүрүүгө, үйлөрдү орнотууга жана алгачкы балдарды кабыл алууга мүмкүн болду», – дейт Тилек. 

Демилгени ишке ашыруу үчүн ал өзүнүн аймагын берип, аны көрктөндүрүүгө катышкан. Долбоордун колдоосу менен кыска мөөнөткө жашоого ылайыкталган үйлөр орнотулган. Келечекте бул жерде балдар үчүн эс алуу сменаларын, анын ичинде райондун башка калктуу конуштарынан келген балдар үчүн да уюштуруу каралууда. 

Фитнес-борбор жергиликтүү тургундар сунуштаган дагы бир демилге болду. Анда ар кандай курактагы топтор үчүн фитнес, бий жана спорттун башка багыттары боюнча машыгуулар каралган. Жергиликтүү эки машыктыруучу тиешелүү окуудан өттү. Миң-Куш үчүн бул ушундай форматтагы биринчи жабдылган мейкиндик. 

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман уран мурасы объектилериндеги иштердин аякташын коомчулуктун өзүн өнүктүрүүгө багытталган чаралар менен толуктоо маанилүү экенин белгиледи. 

Diverse group of people outdoors in a forested setting, facing forward.

БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман

БУУӨП Кыргызстан

«Мурдагы уран объектилерин рекультивациялоо – Миң-Куш үчүн маанилүү этап. Бирок тургундардын өз калктуу конушун мындан ары өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көрүшү да кем эмес маанилүү. Ошондуктан биз коомчулуктун өзүнөн чыккан жана жергиликтүү деңгээлде кошумча кызматтарды, көндүмдөрдү жана киреше булактарын түзө ала турган демилгелерди колдойбуз», – деди Патрик Хаверман. 

Европа Биримдигинин өкүлү Яна Курписа эл аралык колдоону жергиликтүү коомчулуктун катышуусу менен айкалыштыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. 

Яна Курписа, Европа Биримдигинин

БУУӨП Кыргызстан

«Миң-Куштун тажрыйбасы тургундардын өз коомчулугунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого өздөрү катышуусу канчалык маанилүү экенин көрсөтөт. Өнөктөштөрдүн ролу – ишке ашырууга жөндөмдүү жергиликтүү идеяларды конкреттүү демилгелерге айландырууга жардам берүү жана аларды мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү», – деп белгиледи ал. 

Колдоого алынган демилгелер азырынча баштапкы баскычта. Алардын мындан аркы туруктуулугу сунушталган кызматтарга болгон суроо-талапка, жергиликтүү ишкерлер менен коомчулуктун активдүүлүгүнө, ошондой эле жергиликтүү бийликтин колдоосуна жараша болот. Ошол эле учурда бул демилгелер тургундарга мурдагы уран объектилерин рекультивациялоо аяктагандан кийин калктуу конушту өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларын иш жүзүндө сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Долбоор жөнүндө 

«Борбордук Азиядагы уран мурасы объектилерин рекультивациялоого кызыкдар тараптарды тартуу – III фаза» долбоору Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен БУУӨП жана ЕККУ тарабынан ишке ашырылууда. 

Долбоор жергиликтүү коомчулуктарды уран мурасы жайгашкан аймактарга байланыштуу маселелерди талкуулоого тартууга, калк, жергиликтүү бийлик жана башка кызыкдар тараптардын ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө, ошондой эле жабыркаган аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн жергиликтүү демилгелерди колдоого багытталган. 

Кыргызстанда долбоор Миң-Куш, Кызыл-Жар жана Майлуу-Суу коомчулуктары менен иш алып барат.