Кыргызстан жана Казакстан Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндерин туруктуу башкарууну чыңдоо боюнча долбоорду даярдоодо

Бишкек, 2026-жылдын 21-сентябры — Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) Кыргыз Республикасына жана Казакстан Республикасына Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндери үчүн Стратегиялык аракеттер программасын (САП) ишке ашырууга колдоо көрсөтөт. Долбоорду даярдоо этабы улуттук мекемелерди жана эл аралык өнөктөштөрдү бириктирип, дарыя бассейндерин туруктуу өнүктүрүү боюнча практикалык чечимдерди аныктоого, климаттык туруктуулукту чыңдоого жана инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө багытталган.

2026-ж., 22-September

Долбоор мамлекеттик органдар, Чүй-Талас Суу комиссиясы, Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясы (UNECE) жана башка өнөктөштөр менен кызматташтыкта, ГЭФтин аткаруучу агенттиги катары БУУӨПтүн колдоосу менен даярдалууда. БУУӨП долбоорду иштеп чыгуу процессин коштоп, техникалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөт. Даярдык иштеринин алкагында суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, суу жана климаттык туруктуулукту чыңдоого, экосистемаларды коргоого, ошондой эле Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндеринде инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.  

Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндери аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Алар айыл чарбасын, жергиликтүү экономиканы жана экосистемаларды колдоо менен бирге, үч миллиондон ашуун адамдын жашоо-тиричилиги үчүн маанилүү роль ойнойт. 

Көп жылдардан бери мамлекеттик мекемелер, Чүй-Талас Суу комиссиясы, БУУӨП, UNECE, ГЭФ жана башка өнөктөштөр бул бассейндерде изилдөөлөрдү, мониторингди, институционалдык потенциалды өнүктүрүүнү жана билим алмашууну колдоп келишет. Жаңы демилге топтолгон тажрыйбага таянуу менен алардын мындан аркы туруктуу өнүгүүсү үчүн практикалык чечимдерди аныктоого мүмкүнчүлүк берет. 

Суу ресурстары кызматынын өкүлдөрү төмөнкүлөрдү белгилешти:  

«Кыргыз Республикасы тоолуу өлкө болуп саналат жана анын аймагынын 90 пайыздан ашыгын тоо экосистемалары түзөт. Бүгүнкү күндө бул экосистемалар климаттын өзгөрүшүнүн таасирине эң аялуу системалардын катарына кирет. Биз мөңгүлөрдүн тез эришине, жерлердин деградациясына жана суу тартыштыгынын күчөшүнө күбө болуп жатабыз». 

Экологиялык туруктуулук жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу аймактык өнүгүү күн тартибиндеги барган сайын маанилүү багыттарга айланууда. Долбоор заманбап чечимдерди, эксперттик кызматташтыкты жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу аркылуу ынак коңшулук мамилелерге, өз ара урматтоого жана практикалык кызматташтыкка негизделген аймактык кызматташтыкты чыңдоого салым кошо алат. 

Кыргыз Республикасындагы БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман мындай деди: 

« Бул долбоор өз ара ишенимди жана системалуу чечимдерди ишке ашырууга болгон жалпы умтулууну чагылдырат. Биз өнөктөштөрүбүз менен биргеликте Кыргыз Республикасынын улуттук артыкчылыктарын жана эл аралык милдеттенмелерин практикалык деңгээлде ишке ашырууга көмөктөшүп жатканыбызга кубанычтабыз. Бул биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, климаттык жана суу туруктуулугун чыңдоо, ошондой эле өлкөнүн узак мөөнөттүү туруктуулугунун негизи болгон туруктуу өнүгүүнүн кеңири күн тартибин камтыйт». 

Бул долбоордон тышкары, БУУӨП Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен биргеликте бассейндик пландарды орто мөөнөттүү жана жылдык бюджеттик пландаштыруу процесстерине интеграциялоого көмөк көрсөтөт. Ошондой эле бассейндик администрациялардын жана бассейндик кеңештердин финансылык пландаштыруу жана инвестицияларды баалоо боюнча потенциалын чыңдоого колдоо көрсөтүлөт. Бул иштер суу ресурстарын башкаруу боюнча артыкчылыктуу иш-чараларды пландаштыруу жана аларды каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган. 

Даярдоо процессине мамлекеттик органдар, профилдик уюмдар, илимий жана эксперттик коомчулук, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, финансылык мекемелер жана жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат. БУУӨП катышуучулардын сунуштарынын негизинде суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну, климаттык туруктуулукту жана экосистемаларды сактоону колдоого жөндөмдүү, реалдуу жана инвестициялык жактан жагымдуу долбоорду иштеп чыгуу үчүн техникалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөт. 

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Чүй жана Талас дарыяларындагы суу чарба курулмаларын пайдалануу жөнүндө Макулдашууга 2000-жылдын 21-январында кол коюлган. Бул макулдашуу эки өлкөнүн Чүй жана Талас дарыяларындагы суу чарба инфраструктурасын биргелешип пайдалануу жана эксплуатациялоо боюнча кызматташтыгы үчүн маанилүү укуктук негиз болуп саналат.