БУУӨП Кыргыз Республикасында ок атуучу жана жеңил куралдарды контролдоону күчөтүүдө дараметин бекемдөөнү колдойт

2024-ж., 24-April

Antje Grawe, Alexandra Solovieva and Erkina Urazbaeva

Nurzhan Alymkanova, communcations specialist UNDP Kyrgyzstan

Бишкек, 2024-жылдын 23-апрели – Кечээ, 2024-жылга карата Биргелешкен аракеттер планын бекитүү боюнча SALIENT Глобалдык программасынын алкагында «Кыргыз Республикасында ок атуучу жана жеңил куралдарга контролду күчөтүү» жаңы SALIENT долбоорунун Башкаруу комитетинин отуруму болуп өттү.

Долбоорду башкаруу боюнча комитеттин отурумуна Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП), Бириккен Улуттар Уюмунун Куралсыздануу маселелери боюнча бюросунун (UNODA), БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутумунун, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, башка тиешелүү мамлекеттик органдар, жарандык коом жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Бул долбоор тажрыйба жана мыкты тажрыйба алмашууга, ошондой эле сапаттуу маалыматтарды чогултууга өзгөчө көңүл буруу менен алдын алуу стратегияларын, өркүндөтүлгөн ченемдик-укуктук базаларды жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо аркылуу курал-жарактарды катуу көзөмөлдөө боюнча улуттук потенциалды чыңдоого багытталган. Глобалдык SALIENT программасы мүчө мамлекеттерге туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо үчүн биргелешкен программалар аркылуу куралдуу зомбулукту жана курал-жарак сатууну чечүүгө колдоо көрсөтөт. Толук маалымат сайтта бар.

БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева: «Биз бул долбоорду өлкөнүн артыкчылыктуу муктаждыктарына ылайыкташтырууга жардам берген деталдуу кароо миссиясынан кийин Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө кубанычтабыз. Кыргыз Республикасынын жана башка улуттук институттардын атынан жана бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенибизди ырастайбыз».

Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев Кыргызстандын 5-мартты Эл аралык куралсыздануу жана ядролук куралдарды жайылтпоо күнү деп жарыялоо демилгесин эске салып, ал БУУнун Башкы Ассамблеясында бир добуштан колдоого алынып, тиешелүү резолюция кабыл алынганын эске салды. “Биз БУУнун куралсыздануу жаатындагы бардык аракеттерин кубаттайбыз жана колдойбуз жана жарандык коом, академиялык чөйрө жана массалык маалымат каражаттары бул иш-чарага кошкон маанилүү салымын тааныйбыз", - деп баса белгиледи ал.

Долбоор инклюзивдүүлүк принцибин карманып, куралдуу зомбулукту азайтуудагы маанилүү ролун эске алуу менен коомдун бардык секторлорун, анын ичинде аялдарды жана жамаат лидерлерин чечимдерди кабыл алуу процесстерине кеңири тартууга багытталган.

***

БУУӨП ар кыл катмардагы адамдар менен иш алып барат, жана алар кризистерге туруштук бере ала турган өлкөлөрдү курууга жардам берип, ар бир адамдын жашоо сапатын жакшырткан өсүшкө дем берип, колдоо көрсөтөт. 170тен ашык өлкөдө жана аймактарда иш алып баруу менен биз глобалдык көз карашты жана адамдардын канааттандырарлык жашоосуна көмөктөшүүчү жергиликтүү чечимдерди сунуштайбыз жана мамлекеттердин туруктуулугун бекемдейбиз.

Иш-чаранын фотолору: https://flic.kr/s/aHBqjBnv6e 

 ММК үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси nurzhan.alymkanova@undp.org