Майыптыктын массалык маалымат каражаттарында чагылдырылышы: үндөр угулду

2023-ж., 12-December

 

2018-жылы Кыргызстандагы БУУӨП майыптыгы бар аялдарга жана эркектерге карата тескери стереотиптерди аныктоо боюнча изилдөө жүргүзгөн. Бул изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, көпчүлүк адамдар майыптыгы бар адамдарды көз каранды жана дайыма камкордукка муктаж, аяш керек адамдар катары кабыл алышат. Жыйынтыгында коом аларды өзүнөн төмөн адамдар деп эсептейт, бул алардын коомго кошулуусуна негизги тоскоолдуктардын бири. Коомдо майыптуулук жөнүндө идеялардын калыптанышына таасир этүүчү негизги ресурстардын бири бул массалык маалымат каражаттар (ММК) болуп саналат.

Бул стереотиптерге каршы туруу үчүн, 2023-жылы БУУӨП Майыптыкты медиада чагылдыруу боюнча «Майыптык медиада» колдонмону иштеп чыгууну демилгелеген, анын максаты ММКда майыптуулукту чагылдыруу боюнча көрсөтмөлөрдү берүү.

Бул документтин үстүндө иштөө үчүн Кыргызстандагы майыптыгы бар белгилүү блогер Оскар Райс (чыныгы аты Аскар Турдугулов) деген лакап ат менен жетектеген ар кандай майптыгы бар адамдардын тобу түзүлдү. Оскар – майыптардын укуктарын коргоочу активист, Майыптар боюнча Акыйкатчынын коомдук кеңешчиси жана “Жаңы доор” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү жана коргоо.

Социалдык тармактарда майыптыгы бар адамдар туш болгон, мисалы чөйрөнүн жеткилиги жана ишке орношуу боюнча кыйынчылыктар тууралуу айтып берип турат. Ошол эле учурда ал катталуучуларына саякаттары, Кыргызстанда болуп жаткан кызыктуу жана маанилүү окуялар тууралуу баяндайт. Майыптыгы бар адамдар коомчулугунун көптөгөн өкүлдөрү үчүн ал ролдук модел болуп эсептелет, анткени майыптык коляскасын колдонгон кишинин тың жашоо мүмкүнчүлүгү тууралуу алардын түшүнүгүн кеңейтет.

Оскар башка майыптыгы бар кесиптештери менен бирге социалдык медиада майыптуулукту чагылдырган көп жылдык тажрыйбасын бул документти иштеп чыгууга кошкон. Ошентип, колдонмо майыптык жөнүндө маалымат каражаттарын түзүү учурунда карманууга тийиш болгон ММКда майыптуулукту көрсөтүүнүн негизги принциптерин көрсөтөт. Алардын арасында: Биз жөнүндө бизсиз эч нерсе айтылбасын!; майыптык субмаданияттарынын ар түрдүүлүгү, майыптыгы бар адамдардын анык образы; тескери стереотиптер менен багыттамаларды жоюу; сыпайы тилди колдонуу. Акыркы принципти колдонуу үчүн БУУӨПдун командасы бул жумушчу топ менен бирдикте майыптык жаатындагы негизги терминдердин Глоссарийи иштеп чыгып, ал Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги тарабынан бекитилген.

Кийинки кадам иштелип чыккан материалдарды таратуу зарылчылыгы болду. Оскар өлкөнүн түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү журналисттерди окутууга абдан ынтызарлык менен мамиле кылып, өзүнүн тажрыйбасынын негизинде майыптарды өкүлчүлүктүн принциптерин колдонууну, ошондой эле эл аралык практикадан ийгиликтүү мисалдарды келтирди. Тренингдин катышуучулары бул тренинг алар үчүн майыптуулукту кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк болгонун белгилешти. Тренингдерге катышып жаткан журналисттер: 

 

«Оскардын мисалынан пайдаланып, мен ар бир адамдын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенине эмес, анын мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруу керектигин түшүндүм», «Оскар далилдеди, майыптыкты аныктоодо колдонулган тил «адегенде адам, анан майыптык» деген принципке негизделиши керек.”, “Ар кандай майыптыгы бар адамдардын үнү угулушу керек; көбүнчө алардын башынан өткөргөн окуяларын кыйыр түрдө айтып, аны жакшыртабыз деп ойлойбуз, бирок чындыгында алардын өз ой-пикирин билдирүү укугун этибарга албайбыз»

 

Ошентип, Оскар Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын чоң тобунун үнүн билдирген медиа мейкиндигинде майыптуулукту кайра карап чыгуунун лидери болуп калды. Ал эми майыптыгы бар адамдардын коомунун өзү үчүн ал адамдын инсандык жана кесиптик потенциалын ишке ашыруунун жана активдүүлүгүнүн үлгүсү болуп калды. 2023-жылдын декабрь айында Акыйкатчы жана КР Эмгек, социалдык коопсуздук жана миграция министрлиги Оскарга адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргоого активдүү катышкандыгы үчүн расмий ыраазычылык билдиришкен. 

 

Автор: Рахат Орозова, БУУӨП майыптыгы бард адамдар боюнча талдоочусу