Өзгөндүн бала бакчасында күн коллектору орнотулду. Ысык суу маселеси чечилди!

2021-ж., 2-September

Шоро-Башат айылындагы "Аруу сезим" бала бакчасы / Фото: БУУӨП

Кумда ойногон соң, 4 жашар Асия чоң эки кабаттуу имаратка кирип, жылуу сууга колун жууйт. Күн сайын эле болгон окуя. Бирок бул жерде дайыма эле андай болгон эмес.

Өзгөн районунун Шоро-Башат айылындагы балдар мекемесиндеги цивилизациянын пайдалары жакында эле колдонула баштады. Бир нече жыл мурун тарбиячылар короодон суу ташып, чакалар, казандар, электр чайнектери менен жылытышкан. Ал эми кир жуу үчүн чоң казандарды толтуруп, от жагышкан. Элестетип көргүлөчү, 120 чакты бала үчүн кандай көлөмдөгү суу керектелет?

Жагдай 2017-жылы өзгөргөн. «Ош облусунун интеграциялап өнүктүрүү» аттуу долбоорунун алкагында Россиянын каржылык колдоосу менен БУУӨП күн энергиясы аркылуу суу жылытуу заманбап системасын орноткон.

«Бул жакта 300 литрлик чоң цистерна бар, ал бала бакчанын бардык тиричилик муктаждыктарына жетет. Бизде жуунуу, кир жуу, идиштерди жана полдорду жуу үчүн дайыма ысык суу бар. Бул система алда канча үнөмдүү», – деп «Аруу сезим» бала бакчасынын директору Зирапа Алибекова билдирет.

Жогорку басымдагы күн энергиясы аркылуу ысык суу менен камсыздоо вакуумдук системалары жыл бою ысык суу менен камсыз кылат. Системанын кубаттуулугу сырттагы температурадан көз карандысыз. Талап кылынган бир гана шарт – аба ырайынын ачык болушу. 300 литрлик цистерна айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбей, бир сутка ичинде 600 литрге чейин ысык суу менен камсыздайт.

«Система электр энергиясыз 5 саатка чейин иштей берет, себеби бул жакта атайын аккумулятор бар. Эч нерсеге тийбөө керектиги айтылган, бирок бул талап кылынбайт, себеби баары маселесиз жана туруктуу иштеп жатат. Ысык сууну ачканда кайнаган суу чыгат, күйүп калуу мүмкүн», – деп баяндайт бала бакчанын кароолчусу Абдымалик Аширбеков. Ал ошол эле учурда мекеменин тиричилик иштерин көзөмөлдөп турат.      

«Күн коллекторлорунун кадимки электр бойлерлерине салыштырмалуу негизги артыкчылыгы – энергияны үнөмдөө. Мен анын канча тураарын билбейм, анткени биздин бала бакча мамлекеттики, ал эми бардык эсептерди айыл өкмөтү төлөйт. Бирок биздин система бир нече эсе үнөмдүү экенин мен так билем. Бизге башка бала бакчалардан, мектептерден жана айылдардан ушундай жабдууларды орнотууга кызыккандар көп келишет», – дейт директор Алибекова.          

Башка ыңгайлуулуктардын сырткары, ысык суунун дайыма болушу, айрыкча вирустун эпидемиясынын шартында, балдардын ден соолугу үчүн өтө зарыл. Мугалимдер балдарга колдорун дайыма самын менен жууп турууну үйрөтүшкөн, ал эми муздак суу менен жууганда балдар оңой эле ооруп калышат.

БУУӨП «Аруу сезим» бала бакчасына күн энергиясы аркылуу суу жылытуу системасын орнотуу менен чектелген жок. Ошол эле программанын алкагында имарат энергияны үнөмдөөчү лампалары менен толук камсыздалды. Бул лампалар дагы жарык күйөт, бирок электр энергиясын олуттуу үнөмдөөрүн бала бакчанын жетекчилиги баса белгилейт.