Эржан: уулум үчүн АИВ менен күрөшөм

2021-ж., 29-November

Ууулуна канат болуу – ушул үчүн гана Эржан* турмушунда кабылган бардык кыйынчылыктарга карабастан АИВ менен күрөштү улантып жатат. Бул жөн эле сөз эмес, кадимкидей эле иш жүзүндө, анткени анын 14 жашар уулу учкуч болууну самайт.

Эржандын уулуна болгон сүйүүсүнө чек жок, так ошол аны жашоосунун эң караңгы моменттеринде сактап калды. “Мен качан АИВге кабылганымды билгенде, депрессияга түшүп калдым. Мен муну эч качан күткөн эмесмин. Мен өзүмүн статусумду  кабыл алгыча бир жылдан ашык убакыт талап кылынды” -дейт, ар бир жаңы таң менен улам күчтүүрөөк болуп келе жаткан Эржан.

Өзүнүн уулунун аркасында Эржан өз эмоцияларын жеңип, бутуна тура алды: “Бир жолу, мен ооруканада жаткан учурда уулум мага келиптир.  Ал ошол кезде менин туугандарымдыкында жашачу жана кандайдыр менин кайда жатканымды билип алыптыр. Ал ошондо биринчи класста болчу. Мен берип жүргөн акчаларды сактап, ал ошого банан жана бир мандарин сатып алыптыр. Уулум менден качан үйгө кайтасың,деп сурады”.    Ушул жемиштер менен баласы кийип жүргөн кир водолазка Эржанды кайра бутуна турууга мажбурлады: “Эч ким анын кийимдерин жуубаптыр. Ошондо мен катуу ыйладым. Ошол күнү мен оорудан сакайып кетүү үчүн бардыгын аткарам деп өзүмө убада бердим. Бардык дарыларды ичемин. Мейли, мен ачка жүрсөм дагы, менин буттарым баспай калса дагы, мен баары бир иштеймин жана баламды эч качан таштабаймын.”

Ошондон тартып Эржан өз жашоосунда көптөгөн жогорулоолорго жана кулап түшүүлөргө кабылды , бирок ал эч качан багынган жок.

Туннелдин аягындагы жарык

Кырк жаштагы Эржан АИВ менен жети жылга жакын мезгилден бери жашап келет. Ал экинчи аялынын боюнда бар кезинде АИВи бар экендигин билди: “Врачтар мени АИВге жана башка ооруларга тест тапшыруумду суранышты. Мен чындыгында тест оң болорун күткөн эмесмин...” Бул диагноз Эржандын  жашоосун астын-үстүн кылды , ошондон тартып ал көптөгөн трагедияларды башынан өткөрдү.

Эржан эки жолу үйлөнгөн. Эки жолу тең бул жеке өзүнүкү эмес, анын үй-бүлөсүнүн чечими болгон.     Биринчи жолу алардын уулу төрөлгөндөн кийин болгону бир нече айдан кийин эле чет өлкөгө кеткен аялы менен көпкө жашаган жок. Бирок ал качан өзүндө АИВ бар экендигин билгенде, экинчи аялынын үй-бүлөсү аны аборт кылууга мажбурлады: Мен баланы калтыр деп жалынып, жалбардым, мен өзүм багып чоңойтом деп айттым. Врачтар бала дени соо болушу мүмкүн деп айтышты, - жана анда АИВ болсо дагы эмне экен, айырмасы кайсы? АИВ менен деле жашоого болот да?...” Эржан ушул жоготууну көзүнүн жашын агызып эстейт, бирок ал дагы эле өз аялы менен достук мамиледе: “Мен анын кандай экендигин текшерүү үчүн ага тез-тез чалып турам, анын ден соолугу кандай экендигин сурайм. Мен ага АИВди жуктурбагандыгым үчүн  ар күнү  кудайга рахматымды айтамын. Мен өзүмдү кечире алмак эмесмин. Мен мындайды душманыма дагы каалабайт элем.”  

Эржан өзүндө АИВ бар экендигин билгенден кийин эле дароо антиретровирустук терапияны (АРТ) ала баштады, бирок өз эмоцияларын жеңүү бир кыйла кыйынга турду. Ага АИВ диагнозун койгондон кийин Эржан туулганынын биринчи күнүнөн баштап өзү чоңойтуп келе жаткан уулу менен көчөдө калды. “Менде АИВ бар экендигин билгенде мен аябай корктум. Бизди эч ким киргизбеди. Туугандарым менден жана менин баламдан АИВ үчүн коркушту. Биздин бара турган жерибиз жок болчу. Биз шелтерде жашадык. Мен жашоомдо аз эле убакыт, максимум бир жылы калды деп ойлодум. Андан кийин өлөм. А менин балам эмне болот?” Ушундай айла кеткен жана үрөй учурган маалда Эржан атасынан айрылды, ал диагноз жөнүндө билгенден кийин инсульттан каза болду. Эржан үйсүз, корккон боюнча калды,  ал туугандарынан жардам алам деп үмүт кылган жок, - анын АИВ статусунан стигматизациясынан башка алар аны атасынын өлүмү боюнча дагы күнөөлөштү.

Бирок Эржан депрессиядан чыгуу үчүн күчтү таба алды жана АИВ боюнча долбоордо аутрич -кызматкер болуп орношту.  Видео алардын турмушун бузганга чейин анын жана уулунун иштери  жакшынакай жүрүп жаткан болчу.

Экинчи сокку үч жыл мурда болду. Кайсы -бир журналисттер мен жөнүндө фильм тартышкан, бирок ал анонимдүү жана жарыяланбастан эле калат, деп убада кылышкан”,-дейт Эржан. Ал ошол видеонун тармакка кеңири жайылып, жек көрүүчүлүк менен комментарийленип жаткандыгын ал таң калуу жана үрөйү учуу менен капысынан билди. Ушул видеонун айынан Эржан баласы менен кош айтышып, көп жылдык ысык мамиледен кийин чет өлкөгө, энесине жөнөтүүгө мажбур болду.

Видеону бардыгы көрүшүптүр. Менин баламдын мектепте проблемалары башталды. Аны сөөмөйү менен көрсөтүшүп, күлүшүп жана корко башташыптыр, анткени анын атасынын АИВи бар. Ал бул жерде ыйлаган кезде мага өтө оор болду. Азыр ал чет өлкөдө, жашоосу жакшы. Мен анын азап чегүүсүн каалабаймын”, -дейт Эржан.

Өзүнүн баласынын фотографияларын жана видеолорун көрсөтүп жаткан учурда Эржандын көздөрү сүйүүгө жана сыймыктанууга жык толуп турат. Анын телефону эң кымбат эскерүүлөрүнө толгон виртуалдык альбомго окшошот: туулган күнү, мектептеги алгачкы күн, үйдөгү жагымдуу кеч же уулунун биринчи учуусу. Эми Эржан дайыма күн чыгардан мурда уулуна видео аркылуу байланыш үчүн ойгонот – бул анын бардыгынан кымбат көргөн учуру.

Анын самаганы: АИВди жок кылуу

 Ал жүрөгүндөгү жаракаттарына карабастан, Эржан бүткүл өмүрүн АИВ менен күрөшүүгө арнады. Эгерде анын уулу болбогондо, ал тургай ал активист болуп, өз статусун ачыкка чыгармак, бирок ал уулунун экинчи жолу стигмага кабылышын каалабайт.

Мен АИВге каршы вакцина качандыр -бир убакта табылат, деп ишенемин. Мен ушул үчүн кудайга жалынамын”,-дейт Эржан. Ошол эле учурда ал БУУӨП/Глобалдык фонддун долбоору каржылаган БӨУдө АИВ -позитивдүү адамдарды колдоо үчүн иштеп жатат. “Көптөгөн адамдар дарыларга ишенишпейт. Эч кимге ишенишпейт. Ошондуктан мен аларга өзүм жөнүндө, кантип АИВди жуктуруп алгандыгым жөнүндө, эмнелерди башымдан өткөргөндүгүм жөнүндө, АРТ жөнүндө, жана менин вирустук жүктөмүм кантип жеңилдегендиги жөнүндө  айтып берем.   Канчалык мага жеңилдик боло түшкөндүгү жөнүндө. 

“Жакында мен өзүмдүн таанышымды кезиктирдим.Үч жыл мурда ал АИВди жуктуруп алган.  Ошол убакыттан бери ал дарыларды ичкен эмес. Ал аларга ишенген эмес. Анын эки баласы бар. Сегиз ай ал ооруканада КУО менен жатты, анын үстүнө менингити дагы бар экен. Менин ага боорум абдан ооруйт. Ал абдан арыктап кетиптир.Ошондо менен өз кардарларымды шаардык ЖИКС -борборго коштоп бараткам. Мен аны ошол жерден көрдүм. Мени менен дарыга ишенбеген дагы бир жигит бар болчу. Аны көрүп ушул жигиттин сезими ойгонду. Ал дароо эле дарыларды кабыл ала баштады”.

“Мен аларды дарыларды ичүүгө ынандырышым керек, жашоо уланып жатат, деп айтып, үй-бүлөнү курууга дагы болот, деп айтышым керек”, -дейт ал. Ал өзүнүн жумушуна ушунчалык берилген экен, ал тургай өзүнүн айрым кардарларына күнүгө белгилүү убакта таблеткаларын ичүүсү керектигин эскертип телефон чалып турат.      Эржан АИВ жөнүндө, АИВ менен жашаган, үй-бүлөлүү жана нормалдуу турмушу бар адамдар жөнүндө фильм тартып жана мектептерде, университеттерде көрсөткүсү келет.  “Балдарга, жаш адамдарга АИВ жөнүндө көбүрөөк билүүсү керек. Ал кантип жугат, жана кандай учурда жукпайт. АИВ менен адамдар кантип жашай тургандыгы жөнүндө”.

 Эгерде Эржан бүткүл ушул мезгилде өзүнүн кемесин түз башкарып келсе,  ошол уулунун гана аркасында болду.  Ал тургай, үстүндө үйү жок, табакка салар тамагы жок калган учурда дагы Эржан баласын тил курстарына жиберип, анын кыялдарын  аткаруу үчүн акча таба алды. “Ал дайыма учкуч болууну самачу. Мен билгенден, аны дайыма самолеттор кызыктыруучу. Мен ага ошондо учууга жардам берем, деп убада кылгам, “-дейт Эржан. Ошону менен бирге так ошол уулу ага туруктуу болууга дем берип келет.          

*Аты өзгөртүлдү.