Хоббини бизнеске айландыруу кыйын эмес!

2021-ж., 10-December

Айнур Токтосунова иш канасыда. / Фото: ПРООН

Токтосунова Айнурага самын кайнатуу иши бала чагынан тааныш, анткени ал апасынын өздөрү үчүн самын кайнатып жатканын көрүп чоңойду.  Ал кезде бул иш жөнүндө угуп-билгендер аз эле, ошондуктан керектүү ингредиенттерди издөө жана кондитердик калыптарды самынга ылайыкташтыруу кыйындыкка турду. А быйыл БУУӨП грантына билдирме берип, самын кайнатуучу аппарат алгандан кийин бул үй-бүлөлүк хобби бизнеске айланды. Пандемия учурунда Айнуранын негизги ишинде кыйынчылыктар жаралганда өз ишкердүүлүгүн баштоо финансылык туруктуулукту камсыз кылуучу алгачкы кадамы болду.

«Менин апам билими боюнча химик жана үйдө тез-тез самын кайнатуучу. Мен дайыма бул ишке кызыгуу менен көз салар элем. Качан чоңоё баштаганымда ага жардам берүу менен бул иштин чеберчилигин үйрөндүм. Адегенде биз өзүбүздүн үй-бүлө үчүн жасоочубуз. Бара-бара тууган-уруктар жана тааныштар кошулушту. Алардын баарына биздин продукты жагып, сатып алууга ынтызар болушту. Белекке берүү же дарылык үчүн самын жасап берүүнү суранышчу. Ал эми пандемия мезгилинде алар ушундай жол менен мага кыйынчылыктан чыгуума колдоо көрсөтүштү десем да болот.  Карантин убагында өзгөчө энтузиазм менен биздин хоббини биздин бизнеске айландырууну чечтим”, - дейт  Айнур.

Айнур Токтосунова апасы менен. / Фото: ПРООН

Жаш ишкердин сөзүнө караганда, акыркы жылдары ал самын кайнатуу искусствосу боюнча көптөгөн атайын адабиятты кайталап окуп чыккан жана самын кайнатууга кызыгуучулуктун күчөшүн табигый сулуулук каражаттарынын  популярдуулугу жана ага суроо-талаптын өсүшү менен байланыштырат.

«Соода түйүндөрүндө сатылып жаткан бардык косметикалык каражаттар дээрлик мунай өндүрүшүнүн жана парабендердин калдыктарынан жасалат да, алар организмде топтолуп, ден соолукка зыян келтирет. Ошондуктан, азыр “эко” продуктылардын баары баалана баштады”, - деп эсептейт ишкер айым.

Самын жасоо боюнча өзүнүн рецептеринде Айнура химиялык зыяндуу кошулмалар жок ар кандай табигый ингридиенттерди колдонот, айталы, мариголд жана кийик от сыяктуу чөптөрдү чогултат. Анын эң жактырган кошулмалары – бул чалкан жана карагай тобурчактары. Бирок, кардарлардын арасында таза бал менен чычырканак ашынан жасалуучу продукциялар өтө популярдуулукка ээ.

“Менин самын кайнатуу цехимде  калып көп.  Жасалган даяр калыптар гана эмес, автордук формалар да бар. Кызыктуурак бир нерсе көрсөң, самынга да ошондой түр берсек  жаман болбос эле деп ойлойсуң. Келе жаткан жаңы жылдык сезонго мен олуттуулук менен даярданып, Россиядан атайын тематикалык калыптарды алып келүүгө буюртма бердим”.   

Долбоорго катышуу менен ал ишкердүүлүктүн жана маркетингдин негиздерин өздөштүрду. Түстүү сүрөттөрду жана жазууларды түшүрө турган атайын принтер сатып алды. Айнуранын айтымында,   мындай жасалгалоо ар  кандай салтанаттарга, уйлөнүү  үлпөттөрүнө, ошондой эле майрамдарга жамааттар үчүн белек катары анын продукциясына буюртма  беришкенде өзгөчө актуалдуу. Ал экономика жана башкаруу тармактары боюнча өзүнүн билими бизнести  ийгиликтүү жүргүзүүгө  олуттуу толуктоо жана колдоо болоруна ишенет.

Азыркы учурда анын цехи Балыкчы шаарынын чет-жакасындагы бир заводдун аймагында ижарага алган имаратта жайгашкан. Товар жүгүртүүсү жогорулашы менен   чакан өндүрүшүн үйүнө жакыныраак көчүрүп келүүнү  пландаштырып жүрөт.

“Цехте биз үчөөбуз: мен, апам жана дагы бир жардамчыбыз  иштейбиз. Майрамдар көп болгон  учурда жалгыз өзүм иштөөгө кыйын болуп калат. Бул бизнес – менин перзентим, өз  ишимден ырахат аларыма кубанам. Эгерде эч нерсе жасабасаң, эч нерсеге жетишпейсиң.  Кол куушуруп олтуруу  жана бекерден эле жардам же ийгилик күтүү жарабайт”, - дейт ал.

Ошентип, ал өзүнүн хоббисин киреше булагына жана өзүнүн кардарлары үчүн кубаныч тартуулоочу учурга  айландыра алды.  Ишкердик  перзентинен тышкары Айнуранын дагы үч баласы, аймончоктой болгон үч кызы бар. Улуусу 8 жашта, орто кызы 6 жашта, кичүүсүнө - 1 жаш 8 ай. Алар үчүн жашоонун мыкты маягы жана мыкты өрнөк көрсөтүүчү болууга аракеттенет!

Айнр үчүн грант берүү БУУӨПтүн “COVID-19 кризисин жоюу жана жооп кайтаруу максатында тобокел тобундагы жаштардын жана жамаат мүчөлөрүнүн өз бизнесин, ишкердүүлүгүн жана/же стартаптарын өнүктүрүү боюнча демилгелерин колдоого багытталган чакан гранттарды жүзөгө ашыруу” долбоорунун алкагында мүмкүн болду. Долбоор Кыргызстандын аймактарындагы жаштардын жалпы суммасы 3 млн 700 миң сомдук 18 стартапын жүзөгө ашырууга жардам берди.