Ноокатта суроо-талапка жооп берген токар адистерди даярдап жатышат

2021-ж., 1-September

«Мен цехти бир жарым жыл мурун эле ачкам, бирок азыр эле көп буйрутмаларды аткарууга убактым жетпей баштады. Кээде жардамчы жалдоого туура келет», - деп токарь Миразиз өзүнүн биринчи ийгиликтери менен бөлүшүүдө. Ал сыймыктануу менен кичинекей, бирок заманбап жабдуулар менен жабдылган бөлмөсүн көрсөтүп жаткан учуру.

Жаш ишкердин чын жүрөктөн чыккан кубанычын анын айылдаштары гана түшүнөт. Жаңы-Ноокат – экономикалык өнүгүүдө кыйынчылыктарга туш болгон өлкөнүн муниципалитеттеринин бири. Бул жерден кандайдыр бир жумуш табуу чоң ийгилик жана ар ким эле өз ишин баштоого бел байлай бербейт.

Токардык цех кантип пайда болду?

Миразиз Юлдашевдин устаканасы ар кандай татаалдыктагы буйрутмаларды кабыл алат, бактыга жараша, бардык керектүү куралдар бар. «Жада калса бир сааттай алыстыкта ​​жайгашкан Ош шаарынан дагы келишет. Жумуш жетиштүү», - дейт жаш ишкер.

Токардык цехти ачуу чечими кокусунан болгон эмес. Миразиз жергиликтүү кесиптик лицейде токардык ишти окуган, ал жерде бардык керектүү теориялык базаны жана практикалык тажрыйбаны алган.

2018-жылы БУУӨП «Ош облусунун интеграциялап өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен №58 айылдык лицейге кымбат баалуу заманбап жабдууну сатып алуу менен жаңы адистикти ачууга жардам берди.

Mamasaly Karimov shows the premises of the digital library.

«Бул Германиянын Optiturn станогу, бүтүндөй райондо мындай нерсе жок. Үч миллион сом турат», - дейт уста Нурмахаммад Жураев.

Лицей окутуудан тышкары толук кандуу коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзөт, бул окуучуларга тажрыйба алууга, ал тургай андан акча табууга мүмкүнчүлүк берет.

Мекениңде жана чет өлкөдө жумуш табуу мүмкүнчүлүгү

Жаңы-Ноокат – дээрлик 30 миң калкы бар кыйла чоң айыл. Ал райондун борбору Ноокат шаарынан он мүнөттүк аралыкта жайгашкан. Жергиликтүү тургундар негизинен дыйканчылык менен алектенет. Жумушсуздук айылдын негизги социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнүн бири. Бул жаштарды Россияга иштегени кетүүгө мажбур кылат. Ал эми токарларга, студенттердин айтымында, бул өлкөдө суроо-талап көп.

«Россиядагы тааныштарым мени дайыма чакырышат, ал жакта айлык 70-80 миң рубль. Алардын айрымдары бул лицейде окуган, - дейт студенттердин бири Сайибжан Абдулазизоглы. - Мен быйыл эле кетүүнү пландап жаткам, бирок бул мезгилде билеттер өзгөчө кымбат болду. Бул жерде мен бардык керектүү билимди алдым. Жана мен толук кандуу токарь болдум деп айта алам».

Кесиптик лицейдин токардык иш боюнча мугалими Кадир Мирзакаландаров да студенттерди окутуунун негизги максаты – Россияда жумушка орношуу экенин жашырбайт. Ал жакта көп төлөшөт жана жумуш дайыма табылат. Жабдууларды сатып алып, жаңы кесиптик багыт ачылгандан бери үч жылдын ичинде билим берүү мекемеси 50дөн ашык чеберлерди даярдап чыгарды, алардын көбү бүгүнкү күндө Россиянын чоң шаарларында иштешет. Өзүнүн туулуп өскөн айылында калып, өзүнүн устаканасын ачууну чечкен Миразиздин окуясы чанда гана кездешкен учур. БУУӨП ага жаңы станок жана бардык керектүү куралдарды сатып берди.

«Албетте, башка өтүнүчтөр да болгон, бирок бул адистер жумушсуз калбагандыктан, биз үчүн токардык ишти баштоо артыкчылыктуу болгон. Алар жергиликтүү рынокто да суроо-талапка ээ, бирок анчалык көп эмес. Андыктан бүтүрүүчүлөр Россияга кетишет. Лицейде толук кандуу билим алуу үчүн бардык шарттар бар. Алар даяр адис катары кетишет. Ошондуктан биз БУУӨПтөн лицейде ушул багытты өнүктүрүүгө жардам берүүсүн сурандык», - деп түшүндүрөт мугалим Мирзакаландаров.

Келечек бүгүнкү күн менен калыптанат

Туруктуу жумуш жана жогорку киреше бир гана жаштарды өзүнө тартып турган жок. №58 лицейдин директорунун орун басары Мамасалы Каримов айтып бергендей, улгайган эркектер, ал тургай кыздар токардык ишти үйрөнүү үчүн келишет. Билим берүү толугу менен бекер, бюджеттик.

«Ошол эле БУУӨПтүн долбоорунун алкагында биз электрондук китепкана ачуу үчүн арыз тапшырганбыз. Бул жерде студенттер теориялык базаны толугу менен алышат, - Каримов устакананын жанындагы электрондук китепкананы көрсөтөт. - «Манас», ОшМУ жана башка университеттердин базаларына туташкан беш компьютер, интерактивдүү такта, сыналгы бар. Биз бул арызды атайын тапшырганбыз, анткени адабият тартыш, ал эми китептер көбүнчө кайра басылып, маалымат тез эле эскирип калат. Ал эми бул жактан жаңы материалдарды жүктөп алып, тактага чыгарып, окуп, практика жүзүндө сынап көрүү үчүн цехке барышат. Ага чейин лицейде каражаттын жоктугунан такыр китепкана болгон эмес».

Коронавирустук пандемия окуу графигине өзгөртүүлөрдү киргизди. Былтыр балдар онлайн дээрлик алты ай окушту, бирок бул кызыккан студенттерге курсту ийгиликтүү аяктап, диплом алууга тоскоол болгон жок. Жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат жана бүгүнкү күндө айылдык жаштардан 20дан ашуун студент документтерин тапшырды. Бул бир жылдан кийин лицей дагы бир нече квалификациялуу адистерди чыгарат дегенди билдирет деп лицейдин жетекчилиги ишенет.

Токардык цехти жана электрондук китепкананы ачуу демилгеси БУУӨПтүн «Ош облусунун интеграциялап өнүктүрүү» долбоорунун алкагында улуттук өнөктөштөр менен биргеликте Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылды.

Квалификациялуу токарлардын, слесарлардын, куруучулардын, башка адистиктердин жумушчуларынын ишенимдүү катмарын калыптандыруу – жумушсуздуктан куткаруу, социалдык чыңалууну азайтуу гана эмес, өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү инвестиция. Эмгек мигранттарынын көбү алар үчүн жумуш болоору менен эле мекенине кайтууга даяр. Квалификациялуу жумушчулар ар дайым жана бардык жерде мамлекеттин экономикалык бакубатчылыгынын негизи болуп саналат.