ЕБ-БУУ «Теӊдик нуру» биргелешкен демилгеси жумуш ордунда зордук-зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө каршы кампанияны колдойт

2022-ж., 26-January

2019-жылдан бери БУУӨП өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен бирге Кыргыз Республикасында жумуш ордунда зордук-зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө каршы туруу боюнча мыйзамдык чараларды иштеп чыгууга жана маалыматтык кампанияны ишке ашырууга колдоо көрсөтүп келет.

Кыргыз Аял-судьялар ассоциациясынын (2019) изилдөөсүнө ылайык, Кыргыз Республикасындагы ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда сексуалдык асылууга дуушар болот. Ошол эле маалда, учурлардын 80% мамлекеттик мекемелерде болот. Жабыркагандардын 70% 20 жаштан 38 жашка чейинки бойдок жана катардагы кызматкер кызматын ээлеген аялдар.

2021-жылдын 22-ноябрынан 30-декабрына чейин ЕБ-БУУ «Теӊдик нуру” биргелешкен демилгеси Кыргызстандагы эң көп нускалуу “Супер-Инфо” гезити жана “Гендердик маалымат борбору” ассоциациясы менен биргеликте жумуштагы зомбулукка жана ыдык көрсөтүүгө каршы социалдык чакырык өткөрүштү. Анын алкагында аял жана эркек колдонуучулар ошондой жагдайга кабылган жеке окуяларын ачык же анонимдүү түрдө бөлүшүүгө үндөшкөн.

Акция Instagram социалдык тармагында жана www.super.kg сайтында #АчыкАйтам, #Коркпойм, #Тийишпе хештегдери менен башталды. Бул чакырыкты кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздары да колдоп, зордук-зомбулукка жана асылууга каршы чыгышты. Бардык платформалар боюнча жалпы жетүү 1 679 107 көрүүнү түздү.

Кошумчалай кетсек, «Супер-Инфо» гезити ар жума сайын ыдык көрсөтүү деген эмне, аны кантип таануу жана мындай аракеттерден кантип коргонуу керек деген макалаларды жарыялап турду. Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) гендердик эксперти Амина Курбанова да интервью берип (https://www.super.kg/article/show/56493), Эмгек дүйнөсүндө зомбулукту жана ыдык көрсөтүүнү жоюу боюнча Конвенциясы (ЭЭУнун №190 Конвенциясы катары белгилүү) жана улуттук мыйзамдарда каралган коргоо аракеттери жөнүндө баяндады.

Амина Курбанова белгилегендей: “Бүгүнкү күндө эмгек чөйрөсүндөгү ыдык көрсөтүү учурлары Кыргыз Республикасынын “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамынын негизинде каралышы зарыл, бул мыйзам иш берүүчүлөрдөн мындай кол салуулардан коргоо үчүн чараларды көрүүнү талап кылат. Бирок маселе мындай фактылар бар болгон күндө да, коомчулуктан кылдаттык менен жашырылууда».

Чакырык мезгилинде 100гө жакын ыдык көрсөтүүгө кабылгандар окуясы менен бөлүштү. Көпчүлүгүн аялдар жазып, экөөсү гана эркектер тарабынан келди, анда дагы өздөрүнүн тааныш аялдары менен болгон окуяларын баяндап беришти. Окуяларга колдонуучулардын реакциялары ар кандай болду. Кээ бир адамдар же ыдык көрсөтүү деген түшүнүктү такыр билбей, же терс, какшык менен кабыл алып, же болбосо жабырлануучуну айыптаган комментарийлерди калтырышты. Айрымдары гана агрессорду айыптап, көйгөйдү түшүнүү менен кабыл алышты, алардын көбү аялдар жана кыздар болду.

Чакырык Кыргызстанда ыдык көрсөтүү көйгөйү канчалык актуалдуу экенин жана аны жоюу үчүн дагы канча иш жасалышы керектигин көрсөттү.

«Кыргызстанда бул көйгөй дайыма көмүскөдө. Чечимдердин бири – көйгөйдү ачык айтуу. Бизге коомдук талкуу керек. Депутат Эльвира Сурабалдиева жумуш ордунда куугунтукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Кабыл алынса жакшы болмок,”- дейт коомдук активист Эркин Рыскулбеков.

Бул мыйзам долбоору 2021-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган жана төмөнкү шилтемеде таанышууга болот: http://kenesh.kg/ru/article/show/8027/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-20-maya-2021-goda-vinositsya-proekt-zakona-o-vnesenii-izmeneniy-v-trudovoy-kodeks-kr. Учурда мыйзам долбоору боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардан сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн, алар карап чыгуу жана макулдашуу процессинде.

“Супер-Инфо” гезити жарык көргөн сюжеттердин биринде Айсанат (каарман кыздын аты өзгөртүлдү) жетекчисинин асылууга кабылгандыгын баяндады:

«2019-жылы Жалал-Абад областындагы тиш доктурлар үчүн илимий-практикалык конференциясы өтүп, ага биздин облустан стоматологиялык уюмдун жетекчиси, мен жана биздин облустун башка районунан келген дарыгери болуп бардык калдык. Эркектер аялдардан бөлүнүп, биз ар башка мейманканаларга жайгашканбыз. Конференция аяктагандан кийин жетекчим: «Сага бөлмөмдү көрсөтсөм болобу?» деп сурады. Укканыма таң калып, эч нерсе дебей кетип калдым. Уктап жатсам түнкү саат 12де чалды, телефонду албай койдум.

Таӊ атканда башка кесиптешим чалып: "Жарым сааттан кийин мейманканын жанында чогулуп жолго чыгабыз" деди. Мейманканага жеткенде мага тийишкен жетекчим экөөбүздү бөлмөсүнө чакырды. Жанымда кесиптешим болгондуктан эч нерсе кыла албайт деп ойлоп чогуу бардык. Такси келгенде кесиптешиме чемодандарды машинага алып кетүүнү айтты. Коркконумдан дароо кесиптешимди ээрчип жөнөдүм. Бирок тиги менин колумдан кармап, "Күтө тур, сага айта турган сөзүм бар" деди. Кесиптешимди карасам, ал бат эле кайтып келерин билдирди. Экөөбүз жалгыз калганда «Эмнеге телефонду албайсың?» деп кармалап, асылып баштады. Колго чаап, эшикти көздөй чуркадым. Ошол маалда менин кесиптешим келип калып, мен аман калдым».

Үйгө келгенде аябай жаман болдум. Атам курдуу киши болчу. Бул тууралуу баарына ачык айткым келди. Бирок үлпөт тоюма даярдык көрүп калгандыктан убакыт болгон жок. Турмушка чыккандан кийин, ал убактылуу жумушун таштап, окуя унутулуп калды. Сиздин чакырыгыңыз жөнүндө билгенден кийин мен окуяны жазууну чечтим. Балким, ал киши өзү тууралуу окуп уялып калаттыр.

Алгачкы материал «Харассментке каршымын!» 2021-жылдын 3-декабрындагы №991 чыгарылышында 13-бетте жарыяланган. https://www.super.kg/article/show/56437

ЭЭУнун гендердик эксперти менен маектешүүнүн экинчи материалы 2021-жылдын 10-декабрындагы №992 чыгарылышында жарыяланган. https://www.super.kg/article/show/56493

Үчүнчү материал "Сексуалдык ыдыкка жол бербе!" 2021-жылдын 17-декабрындагы №993 чыгарылышында жарыяланды. https://www.super.kg/article/show/56555

Төртүнчү жана акыркы материал 2021-жылдын 30-декабрындагы №995 чыгарылышында жарыяланган. https://www.super.kg/article/show/56689