Айыл тургундарынын медициналык тейлөөгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

2021-ж., 2-December

Элиза Сакеева (ортодо) жана анын командасы / Фото: ПРООН.

Айыл жеринде жашашкан адамдардын саламаттыкты сактоо кызматтарына жеткиликтүүлүгү шаар тургундарына салыштырмалуу бир топ төмөн болот. Бул көп учурда ушул тармакта квалификациялуу дарыгерлердин аз санда болушуна жана медициналык мекемелердин жетишсиздигине байланыштуу. Тилекке каршы, бул болсо профилактикалык жардам көрсөтүүнүн жеткиликсиздигин жана өзгөчө кырдаалдарга реакция жасоонун убактысы бир топ созулуп кетерин билдирет.

Элиза саламаттыкты сактоо кызматкери, ошол эле убакытта ишкер катары буга келишкиси келбейт. Балыкчы шаарынын тургуну Элиза – өтө активдүү, жайдары жана шайдоот кыз, азыркы учурда ал эки заманбап медициналык борборду жетектейт. Фармацевтика факультетин аяктагандан кийин, ал бир аз убакыт ишкердүүлүк чөйрөсүндө эмгектенип, кайра тез эле жаңы идеялар менен медицинага кайрылып келди. Ал аймактарда медициналык көп кызматтар жетишпегенин  ачык көргөңдөн кийин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жана Нарын облусунун Кочкор айылында медициналык эки чакан борбор ачкан. Алар тез эле элдин суроо-талабына ээ болуп, Элиза кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жана кошумча медициналык жабдууларды алуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү активдү издей баштады. Ошентип, ал БУУӨП долбооруна туш болуп, өзү сураган кольпоскопту сатып алууга грант алган.

«Кольпоскоп – бул акушердик  жана гинекологияда ооруларды изилдөөгө жана диагноз коюуга керектүү өтө маанилүү заманбап прибор. Аны сатып алууга БУӨПтүн гранты боюнча бөлүнгөң 200 миң сом жумшалды”, - деп түшүндүрдү Элиза.

Элизанын сөзүнө караганда, так ушул жабдууну сатып алуу тандоосу  суроо-талапка байланыштуу болду. Анткени, анын медициналык борборлорунун кызматына көбүнчө аялдар жана пенсия жашындагы адамдар кайрылышат.

«Алынган жабдуу бизде мурдатан бар медициналык жабдууларыбызга эң сонун толуктоо болду. Азыркы убакта биз бардык органдарды УЗИден текшерүүнү камтыган кеңири спектрдеги  диагностикалык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштай алабыз, гинеколог, уролог адистери жана процедура кабинети туруктуу иштейт. Ал эми дем алыш күндөрү бизге балдар ортопеди, балдар неврологу,  оорулууларга эхокардиограмма жасай ала турган кардиолог жана  окулист менен маммолог адистери да келишип, кызмат көрсөтүшөт. Аймактарда  квалификациялуу адистердин жана медициналык борбордун жетишсиздиги курч бойдон калууда.  Аралыгы 80 км келген Балыкчы, Кочкор жана башка жакынкы айыл-кыштактарда алар дээрлик жокко эсе. Бул маселени кантип болсо да чечүү үчүн биз Бишкек шаарынан адистерди чакыра баштадык, алар бизге дем алыш күндөрү келип турушат. Эң башкысы, эми айыл эли Бишкек жана башка шаарларга барышып  убарагерчилик тартышпастан, биздин клиникадан текшерилип,  жана квалификациялуу медициналык кеңештерди ала алышат.  Биздин борборго кайрылгандар анализдин бардык түрүн тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал эми анализ тапшыруунун төлөмү шаардык лабораториядагыларга караганда эки эсе арзан”, - дейт Элиза.

Мындай түзүлгөң шарт адамдардын жашоосун бир кыйла жеңилдетет, эми аларга борборго баруунун кереги жок, а бул болсо убакытты үнөмдөп, жолго кетүүчү жана убактылуу жашоо үчүн батирге төлөнүүчү чыгымдарды  кыскартат. Анын үстүнө, Элизанын айтымында, коронавирус илдетинин жайылышына жана көптөгөң медицина мекемелерин кызыл зонага трансформациялоого байланыштуу шаарда медициналык жардам алуу андан бетер татаалдашты. Ишкер белгилегендей,  азыркы учурда бул клиникаларда 10 адистен турган медициналык персонал иштеп жатат.

«Медициналык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштөө менен, алардын ар бир адамга жашаган жерине карабастан жеткиликтүү болушу канчалык маанилүү экендигин түшүндүм. Биздин кардалдардын көпчүлүгү  - бул кош бойлуу аялдар, алар бизге антенаталдык жардам алуу  жана боюнда бар мезгилде аныкталган ооруларын дарылоо үчүн кайрылышат.  Тилекке каршы, биздин борборлор ачылганга чейин көп аялдар төрөткө чейинки медициналык кароодон өтүү үчүн адистерге кайрылышчу эмес, анткени ал үчүн Бишкекке барууга туура келчү. Ага кетирүүчү убакыт,  акча жана тийиштүү автоунаанын жоктугу себеп болгон.  Дагы бир маанилүү мисал келтирейин, биздин борбордо маммолог адис аялдардын эмчек безин УЗИден текшергенде 30 аялдан жок дегенде 2-3өөнүкүнөн онкология дартынын белгилери аныкталып жатат. Аларды Бишкек шаарына толук текшерүүдөн өтүүгө жөнөтөбүз. Бул дартка негизинен жаш аялдар кабылып жатканы аянычтуу. Бирок, ооруну эртелеп аныктоо оорулуунун өмүрүн узартууга жана сактап калууга өбөлгө түзөрү айгине.  Ошондуктан, биз көрсөтүп жаткан кызматтар жер-жерлерде чоң мааниге ээ экенине ишеничтемин”, - дейт  Элиза.

Долбоорго катышуу ага чоң перспективаны көрүүгө жардам берди. Эми ал көп функционалдуу ири борборду түзүүнү ниеттенет. Аймактардагы долбоорлорду мониторингдөө мезгилинде биз жергиликтүү тургундардын Элизанын дарегине  ыраазычылык билдирген көп сөздөрүн уктук.

Медициналык борбор үчүн грант берүү БУУӨПтүн “COVID-19 кризисин жоюу жана жооп кайтаруу максатында тобокел тобундагы жаштардын жана жамаат мүчөлөрүнүн өз бизнесин, ишкердүүлүгүн жана/же стартаптарын өнүктүрүү боюнча демилгелерин колдоого багытталган чакан гранттарды жүзөгө ашыруу” долбоорунун алкагында мүмкүн болду. Долбоор Кыргызстандын аймактарындагы жаштардын жалпы суммасы 3 млн 700 миң сомдук 18 стартапын жүзөгө ашырууга жардам берди.