БШКга БУУӨПтүн МТ жабдууларын өткөрүп берүү аземиндеги БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айымдын сүйлөгөн сөзү

2020-ж., 22-September

МТ жабдууларын өткөрүп берүү аземинде БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен сөз сүйлөп жаткан учуру. Фото: Улукбек Аданбаев/БУУӨП Кыргызстан

Айымдар жана мырзалар,

Мен сиздерге Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын атынан жан дилим менен кайрылам. Бүгүн биз парламенттик шайлоолорго даярдыктын жүрүшүндөгү маанилүү милдетти аткарып жатабыз – шайлоочуларды идентификациялоо үчүн зарыл болгон жаңыланган жабдууларды өткөрүп берүүдөбүз.

Мен Кыргыз Республикасы жана Япония Өкмөтү менен Япониянын Кыргызстандагы Элчилиги аркылуу тыгыз өнөктөштүк үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Япониянын берешен каржылык катышуусунун жардамы аркылуу шайлоочулар 4-октябрда техникалык жабдуулар эң эле жогорку техникалык стандарттарга дал келе тургандыгын билүү менен шайлоо участокторуна келе алышат.

Шайлоочуларды биометриялык каттоо жана идентификациялоо үчүн жабдуу, ошондой эле БУУӨП жана Япония элчилигинин колдоосу астында мурдагы шайлоо циклдеринин жүрүшүндө дагы колдонулган болчу жана калктын добуш берүү процессине ишенимин камсыз кылууда чечүүчү роль ойноп, шайлоолорду эл аралык таанууга түрткү болгон.  Мааниси боюнча биометриялык каттоо бир адам бир эле добушка ээ боло тургандыгына кепилдик берет.

Ушул жылы парламенттик шайлоордун ийгилигин камсыздоо максатында Япония жана БУУӨП шайлоочуларды идентификациялоо үчүн 6500 комлектинин ичинен жабдуулардын жалпы паркынан болжол менен үчтөн бир бөлүгүн алмаштырууга колдоо көрсөтүштү.

Айрым адамдар өткөн шайлоолордо жабдуулар жакшы иштеп жатса деле, эмне үчүн кайрадан кошумча жабдууларды сатып алуу үчүн көп каражат керек деген суроону бериши мүмкүн.

Анын себеби, биометриялык идентификациялоо үчүн жабдуу шайлоордун мезгилинде жана БШКда гана колдонулбастан, ал башка айрым мамлекеттик органдар тарабынан бир катар административдик кызматтарды көрсөтүү үчүн  - өзгөчө жарандарды каттоо, паспорттоорду берүү ж.б. колдонула тургандыгында жатат.  Жабдуу эскирип, ал эми айрым жабдуулардын сапаты убакыттын өтүшү менен тынымсыз колдонуунун себебинен начарлады.

Шайлоо участокторуна бир эле мезгилде 3,5 миллион шайлоочу келе турган шайлоолор күнүндө жолу болбой калууга болбойт. Жабдуулардын ишинин тактыгы жана ылдамдыгы өтө маанилүү жана жогорку натыйжалуу гана жабдуу кабыл алынышы мүмкүн. Ошондуктан Япониянын өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн колдоо абдан өз учурунда берилген жана актуалдуу болуп саналат, ошондой эле бул салым Кыргызстандын шайлоолорунун тарыхында технологиялык жаңылоодогу туруктуу прогресске жол ачат.

Мен ошондой сатып алуулар БУУӨПтүн Копенгагендеги Сатып алуулар боюнча эл аралык тобу тарабынан жогорку мелдешүүчүлүк процесси жолу менен, ошондой эле сатып алуулардын мыкты эл аралык стандарттарына ылайык ишке ашырылгандыгын билдирип кетким келет. Бул процесстин ичинде БУУӨП жабдуулардын Кыргызстандын шайлоочуларынын муктаждыктарына толук дал келишин камсыз кылуу үчүн тыгыз кызматташтыкта жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги астында иштеди. Бүткүл дүйнөлүк рынокторго КОВИД-19 пандемиясы таасирин тийгизген мезгилде атаандаштыкка абдан жөндөмдүү бааны эле камсыздабастан, ошондой эле шайлоолорго чейин бардык жабдуулар тестирлөөдөн өтүп жана операторлор зарыл болгон окутуудан өтүшү үчүн  өз учурунда тапшырууларды камсыздагандыгын кубануу менен белгилей кетмекчимин.

Эл аралык конкурстук процесстин жыйынтыгында үнөмдөлгөн каражатка биз ошондой эле шайлоо участоктору жана БШКнын ортосундагы коммуникацияларды мындан ары чыңдоо үчүн кошумча жабдууларды сатып ала алгандыгыбызды, ошондой эле БШК менен биргеликте өлкөнү келечекте сан ариптештирүү боюнча пландарына ылайык кошумча модернизациялоону кантип колдоо керектиги тууралуу маселени изилдеп жаткандыгыбызды белгилей кетүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдалангым келет.

Бүгүн биз жабдууларды реалдуу шайлоо участогуна символикалуу түрдө өткөрүп берип жатабыз. Биз жабдууну кармалап жана тестирлеп, ошондой эле кыргыз шайлоочулары аларды кандай пайдалана тургандыгын сезе алдык. Шайлдабекова айымга, ал бүгүн ушул процессти жеринде жеке көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Мен ар бир шайлоочу бир гана жолу добуш бере ала тургандыгын өзүм текшере алдым. 

Ар бир добуш маанилүү. Жарандар добуш берүүгө жана өзүнүн добушун кимдир-бирөөнүн таасирисиз колдонууга укуктуу. Мен шайлоочулар үчүн  шайлоо участокторуна келип, өзүнүн добушун берип жана өзүнүн келечегин шайлоого катышуусу жалгыз жана эң эле маанилүү мотивация деп эсептейм. Мындан тышкары шайлоочулар добуш берүү процессинин айкындуулугуна ишенимдүүлүктү сезе алышат. Алар кандай добуш бергендиги – бул алардын өздөрү гана билген жеке сыры.

Төрайым биздин өнөктөштөрүбүз - Япония, Швейцария жана Германия менен биргеликте – БУУӨП өз кезегинде парламенттик шайлоолорго колдоо көрсөтүү үчүн бардык колдон келген мүмкүнчүлүктөрдү жасады. Биз Сиздин ынтаа менен жасалган даярдыктарыңызды жана БШКнын 4-октябрдагы шайлоолорду өткөрүүгө даярдыгынын жогорку деңгээлин баалайбыз, ошону менен бирге Кыргызстандын элине тынч, инклюзивдүү жана ишенимге татыктуу шайлоо процессин каалайбыз жана ишенебиз.

Мен Борбордук шайлоо комиссиясына, Мамлекеттик каттоо кызматына, Мамлекеттик каттоо кызматына жана бул уюмдардын бардык кызматкерлерине, биз ушул кезге чейин жемишин көрүп жаткан өзгөчө кызматташуусу үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирип кетким келет.

Биз жеке Сизге, элчи мырза жана Япониянын элчилигинин кызматкерлерине көрсөткөн баа жеткис жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Мен урматтуу элчи мырза, шайлоолорду жана өнүгүүнү символикалуу илгерилетүүгө көрсөткөн колдоосу жана көмөгү үчүн Япониянын өкмөтүнө жана элине биздин терең ыраазычылыгыбызды билдирип коюшуңузду өтүнүп кетер элем.

Кыргызстандын күчтүү демократиялык коомун жана парламенттик системасын өнүктүрүүнү колдоого багытталган биздин ишибиз мындан ары дагы уланат деп ишенем.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.