“Санариптик экономиканын шарттарында санариптик өнөр жана жаштардын жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү”

Долбоор Россия Федерациясы тарабынан каржыланып БУУнун Өнүктүрүү Программасы тарабынан Кыргыз Республикасындагы улуттук өнөктөштөр менен биргеликте БУУӨП-Россия өнөктөштүгүнүн алкагында ишке ашырылууда.

Долбоор тууралуу:

Долбоор калктын максаттуу топторун, эмгек рыногунун, санарип экономикасынын, жеке сектордун жана жалпы Кыргызстандын экономикасынын туруктуу узак мөөнөттөгү өсүшүнүн негиздерин түзүүгө багытталган.  

Аймакта өсүп жаткан санариптик экономика жана жумушсуздук көйгөйлөрүн эске алуу менен бирге айрыкча аялдар менен жаштарга тиешелүү болгон долбоор, Кыргыз Республикасынын өкмөтү, мамлекеттик мекемелер, илимий чөйрөлөр, жеке сектордун эксперттери жана ишкерлер менен биргеликте санариптик чеберчиликти үйрөтүү жана жумуш орундарын, бизнестин өсүшүн колдоо максатында иштейт. Долбоор жумушсуздук менен чалдыккан калктын тобуна көбүрөөк жөндөмдүүлүктөрдү жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү көздөйт. Кыска жана узак мөөнөттүн арасында калктын алсыздыгын азайтууга жана өзгөрүп жаткан тармактарга көндүрүү максатын көздөйт.  

Кыргызстандын калкынын көпчүлүгүн жаштар тузөт (орточо жаш 24, калктын 60% эмгекке жарактуу курктагы адамдар), андыктан өлкөдө жумуш орундарына суроо- талап жогору. Орто жаштагы эркектерге караганда жумушсуздук аялдар менен жаштардын арасында өтө жогору. Калктын ⅕ пайызын жаш эркектер түзөт, алар чет өлкөдө жумуш издөөгө мажбур болушат. Алар негизинен тейлөө чөйрөсүндө (чекене соода, коомдук тамактануу, тазалоо, коммуналдык кызматтар) эмгектенишет. Россия жана башка өлкөлөрдө курулуш тармагында иштешет. Эксперттердин сурамжылоолоруна караганда чет өлкөлөрдө иштеген кыргыз жарандарынын саны 800 000 ашуун адам (30% аялдар).

2017 жылы Кыргызстандын өкмөтү “Таза Коом” Улуттук масштабдуу санариптик трансформация программасын жарыялаган. Бул программа ачык-айкын мамлекетти, илимге негизделген экономиканы түзүүгө, кыргызстандын калкынын жашоо дэңгээлин жогорулатууга жана ишкердик чөйрөнү жакшыртууга багытталган. “Таза Коом” туруктуу өнүгүүнүн узак мөөнөттөгү улуттук көз караштын негизги компоненти, 2040 жылга чейин айлана-чөйрө менен шайкеш адамдык капиталды жана инновацияларды көбөйтүүгө багытталган.  Долбоордун максаты – Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жардам көрсөтүү, санариптик экономикада жаштар жана айрыкча кыз-келиндер үчүн мүмкунчүлүктөрдү көбөйтүү, алардын дүйнөлүк коомчулукка интеграциясын жана туруктуу жумуш орундарын түзүүгө жардам берүүчү жагымдүү чөйрөнү түзүү болуп саналат. Долбоордун алкагында сунушталган ыраттуу иш-чаралар төмөнкү негизги максаттарга жетүүгө негиз салат:

1- Максат: Расмий билим берүү системасынын потенциалын күчөтүү жана санариптик жөндөмдөрдө жаңы билим берүү стандарттарын колдонуу, санариптик экономика шартына жаштарды мыкты даярдоо үчүн суроо-талапка негизделген окуу программасын ишке ашыруу. Бул санариптик көндүмдөрдүн жаңы стандарттарын белгилөө жана формалдуу билим берүү тутумунун институтционалдык дараметин чыңдоо менен (Бишкек жана Ош шаарларындагы Техникалык университеттер жана кесиптик лицейлер) аркылуу жетишилет. Жаштарды алдыңкы санариптик көндүмдөр менен камсыз кылуу, негизги, орто жана өркүндөтүлгөн санариптик ишкердүүлүк, баарлашуу жана ой жүгүртүү жөндөмдөрүн камтыган. Ошондой эле мугалимдердин санариптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, санариптик көндүмдөрдү билим берүү тармагына мыкты интеграциялоо. Бул компонеттин алкагында долбоор Кыргызстандын Өкмөтү менен биргеликте Улуттук санариптик чеберчиликти өнүктүрүү стратегиясын жана иш-аракеттер планын иштеп чыгат.

 2- Максат: Өлкөдө санариптик жумуш орундарынын жана бизнестин өсүшүн тездеткен демилгелерди колдоо максатында жеке сектор менен инновациялык өнөктөштүк платформасын түзүү. Бул жеке менчик сектор менен өнөктөштүктүн жардамы менен Ош, Баткен жана Жалал-Абад областарынын жаштары үчүн ИТ-Хабын түзүү, анын максаты ИТ жаатында өнөргө ээ болуу жана аларды санарип экономика шартында жумуш мүмкүнчүлүктөр жана бизнести өнүктүрүү менен байланыштыруу. ИТ-Хаб инновацияларга дем берүү жана санарип стартаптар үчүн тармактарды куруу максатын көздөйт.

Алдын ала жыйынтыктар:

Компонент 1: Расмий билим берүү тутумунда санариптик көндүмдөрдү өркүндөтүү :

  • Санарип рынокту өнүктүрүүнүн глобалдык тенденциялары боюнча бир катар терең маркетингдик изилдөөлөр жана эксперттер, жеке секторор менен консультациялар өткөрүлдү;
  • Санариптик чеберчиликтин жана компетенттүүлүктүн Улуттук Стратегиясы иштелип чыккан;
  • Фундаменталдык жана өнүгүп келе жаткан санариптик көндүмдөрдү калыптандыруу үчүн жогорку билим берүү тутумундагы жаңы билим берүү стандарттары жана окуу пландары боюнча сунуштар иштелип чыккан; Мумкүнчүлүгү чектелген адамдар жана кыздар үчүн санарип инклюзия стандарттарын кошо алганда, санариптик экономиканын өсүп жаткан талабын канааттандыруу;
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана М.М.Адышев атындагы Ош Технологиялык университетинде жабдууларды модернизациялоо жана жаңы “санарип” стандарттарды киргизүү ишке ашырылды.
  • Билим берүү кызматтары үчүн Google G-Suite жана Microsoft 365 программалары Кыргыз Техникалык университетинде жана Ош Техникалык университетинде катталган;
  • Учурдагы системалардын туташуусу жана интеграциясы Google G-Suite жана Microsoft 365 окуу сервистери аркылуу Кыргыз Мамлекеттик Техникалык университети жана Ош техникалык университети үчүн;
  • Windows server 2012 R2 Active Directory кызматын орнотуу, конфигурациялоо жана Сертификаттоо борборунун КГТУ жана ОшТУ колдонуучулардын эсептерин автоматташтыруу жана башкаруу үчүн;
  • KG Eduroam FLR системасы аркылуу эл аралык Eduroam кызматына орнотуу жана туташтыруу;
  • Учурдагы тутумдарды Google G-Suite for Education и Microsoft 365 билим берүү кызматтары менен байланыштыруу жана интеграциялоо;
  • КГТУ жана ОшТУ колдонуучулардын эсептерин автоматташтыруу жана башкаруу боюнча Windows server 2012 R2 Active Directory жана Сертификатоо Борборунун кызматтарын орнотуу жана конфигурациялоо;
  • КГТУ жана ОшТУ үчүн Eduroam жергиликтүү кызматына тесттик WI-FI орнотуу жана туташтыруу;
  • КГТУ жана ОшТУ колодонуучулары үчүн Google G-Suite for Education менен шайкештирүү үчүн Google Cloud Directory Sync кызматтары орнотулган жана конфигурацияланган; КГТУ Oracle Academy билим берүү тутумуна туташкан.

2 Компонент: Ош шаарында жаш ишкерлер үчүн ИТ Хабын түзүү жана формалдуу эмес билим берүү мекемелеринде окутуунун жаңы моделдерин колдонуу.

  • Жаш программистерди, интерфейстин дизайнерлерин, жеке сектордогу долбоорлордун менджерлерин жаңы масштабдуу бизнес чечимдерди жана программалык продуктуларды иштеп чыгууда кызматташууга тартуу үчүн бир катар Хакатон иш чараларын, фестивалдарын колдоо.
  • Элеттик кыздарга, жаш келиндерге жана жаш балдарга басым жасоо менен максаттуу жалпы улуттук маалымдоо кампанияларын жүргүзүү,

Долбоордун натыйжалары:

  • Санариптик ишкердүүлүк боюнча бардык кызыккан тараптар, бенефициарлар үчүн онлайн вебинарларды, бизнес тренингдерди өткөрүү;
  • Ош шаарындагы жаш ишкерлер үчүн ИТ-Хабын түзүү жана формалдуу эмес билим берүү мекемелелеринде билим берүүнүн жаңы моделдерин колдонуу;
  • Coursera курстарына 10 000 ден ашуун адам катталган;
  • Санариптик эксперттердин арасында «Санариптик лидерлер» боюнча 12 видео даярдалып, улуттук телеканалдарга жана Ютуб каналдарына таратылды;
  • “Жылдыз” и “ДижиКыздар” аттуу кыскача 27 мүнөттүк видео тасма даярдалды;

Статус: Активдүү

Долбоордун башталышы: Февраль 2019

Долбоордун аякташы: Июнь 2021

Географиялык камтуу: Бишкек жана Ош шаарлары

Предметтик багыт: Санарип чеберчиликтер  

Долбоордун жетекчиси: Канагат Алышбаев

Партнерлор: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Билим Берүү Министрлиги, Маалыматтык Технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети, Экономика министрлиги, Жогорку Технологиялар Паркы, жеке сектор жана академиялык жаамат.

Каржылоо булагы: Россия Федерациясынын Өкмөтү

Бюджет: 1 миллион доллар АКШ