Кыргыз Республикасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында COVID-19дун залалдуу кесепеттеринен кийин социалдык-экономикалык жактан калыбына келтирүү

Россия Федерациясы тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасындагы ПРООН тарабынан улуттук өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу ПРООН жана Россиянын ортосунда өнөктөштүк жөнүндө алкактык келишимге ылайык  жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасында жугуштуу таажы илдетинин күтүүсүз дүрт этиши саламаттыкты сактоо, экономикалык, социалдык, башкаруу жана саясий тутумдарындагы бир топ олуттуу кенемтелер бар экендигин айгинеледи, ошону менен бирге тез реакция кылуунун комплекстүү чараларын жайылтуунун жана түзүмдүк реформаларды өткөрүүнүн зарылдыгын көрсөттү.

Инфекцияны көзөмөлдөөдө жана коомдук саламаттыкты сактоону башкаруудагы  мүчүлүштүктөр сертификацияланган жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) жасап чыгаруу, ошондой эле натыйжалуу жана коопсуз болгон аралыктан медициналык жардам көрсөтүүну камсыз кылуу үчүн санарип технологиясын тез жайылтуу зарылдыгын айгинеледи.

Өлкөнүн Фергана өрөөнүндө жайгашкан түштүк облустарынын көп улуттуу жамааттары коронавирустун социалдык жана экономикалык кесепеттеринен көбүрөөк  жабыркашты. Пандемиянын залалдары жакырчылыктын деңгээли Кыргызстандын башка бөлүгүндө белгиленген 22 %на салыштырмалуу бир топ жогору жана 30%ды түзгөн бул аймактын жашоо деңгээлине олуттуу таасир этпей койгон жок. Пандемия бул ажырымды ансайын чоңойтуп салды, а кризистин кесепеттери шаардык жана айылдык жакырчылыктын өсүшүнө алып келди. Айыл чарба азыктарына көз каранды болгон айылдык аймактарды киреше менен камсыз кылуучу чек аралаш соодага экономикалык жактан көз каранды болгон экспорттук маршруттар жана өндүрүштүк-сатуучу чубамалар же басаңдап, же бузулуп кетти. Аймактар пропорционалдуу эмес жабыркашты: көп учурда эркекте жумуш издешип миграцияга кетишкенде балдарды же карыларды кароо үчун үйдө калтырышкан аялдар өтө оорчулук тартышты.  Апрель айынын орто ченинде кыргыз сомунун тездик менен 10%дан өтүп баасызданышы жана баалардын токтобой өсүшү сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө алып келди, бул айрыкча тобокелдик деңгээли эң жогорку топторго тиешелүу эле.

Мындан тышкары өлкөдө жумушсуз жана кирешесиз кайтып келишкен мигранттардын саны өсүп жатканы байкалат. Алардын көпчүлүгүнө өздөрүнүн жамааттарына реинтеграцияланышына жана өз үй-бүлөлөрүнө экономикалык кризисти жеңүү үчүн жардам берүүсүн улантууга колдоо керек. Акырында, жакында климаттын өзгөрүшү менен байланыштуу болуп өткөн табигый кырсыктар түшүмдүүлүктү төмөндөтүшу жана бул аймакта азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн.

Борбордук Азиянын Кыргызстанды, Тажикистанды жана Өзбекистанды бириктирүүчү жүрөгү болгон Фергана өрөөнүндө болуп жаткан окуялар өлкө ичинде да, сыртында да өнүгүүнүн жана коопсуздуктун шарттары болуучу саясий абалга таасир этиши мүмкүн. COVID-19 кризисинин кесепеттеринин өнүгүү, тынчтык жана социалдык биримдик үчүн терс таасири талашсыз.  Бул болсо үй-бүлөлүк зомбулук учурлары жөнүндө билдирүүлөрдүн көбөйүшүндө, чек аралаш жамааттардын ортосундагы чыңалуунун жана жамааттардын ортосундагы жана алардын ичиндеги кастык идеологиясына байланыштуу нарративдин күчөшүндө, ошондой эле социалдык жана саясий поляризацияда чагылышын тапты.

Кыргыз Республикасындагы ПРООН бул чакырыктарга реакция кылуу максатында адамга багытталган, инновациялык жана жайылтууга ийкемдүу долбоор иштеп чыкты. Иш-чара ПРООНдун  Өлкөлүк сунуштары менен тыгыз байланышта жана тез жана туруктуу социалдык-экономикалык калыбына келтирүүгө багытталган аракеттеги программалык иш-чараларга негизделип, өкмөт тарабынан да колдоого алынган.  

Бул натыйжаларга жетишүү үчүн долбоор үч тематикалык областты камтыйт:

  1. COVID-19 жараткан кризистен кийин натыйжалуу калыбына келтирүү үчүн татыктуу жумуштуулукка өбөлгө түзүү жана ишкердуулуккө колдоо  көрсөтүү.
  2. Саламаттыкты сактоо сектору областындагы өзгөчо кырдаалдарда координациялоону, кризистен кийинки калыбына келтирүүгө жана тобокелдикке реакция жасоо.
  3. Санариптик чечимдерди илгерилетүу жана санариптештирүүну тездетүу.

Бул тематикалык областтар долбоордун төмөнкү компоненттерин реализациялоонун эсебинен жүзөгө ашырылат.

1 - Компонент. Перспективалуу санариптик өнүгүү аркылуу татыктуу жумуштуулукка өбөлгө түзүү жана  адамдардын жана дарыгерлердин саламатчылыгын коргоону камсыз кылуу үчүн ишкердүүлүкту колдоо төмөнкү иш-чараларды камтыйт:

  • Жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу (ЖКК) өндүрүшүнүн эсебинен аялдар жана жаштардын арасында жергиликтүү мүмкүнчүлүктү күчөтүу жолу менен COVID-19дун социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу.
  • Жаштар жана аялдар үчүн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү программасы:  «Digital Ayimdar» (аялдар)
  • Санариптик түйүн жана өнөктөштүк аркылуу стартаптарды жана инновацияларды стимулдаштыруу үчүн Фергана өрөөнүндө координациялоо.

2-Компонент. Экономиканы туруктуу калыбына келтирүү жана кризиске реакция кылуу үчүн социалдык биримдүулүктү түзүү:

  •  COVID-19 жараткан тобокелдиктерге жамааттын комплекстүү социалдык биримдүүлүгү жана туруктуу реакциясы үчүн эртелеп алдын-алуу жана реакция кылуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө.
  • Социалдык биримдүүлүктү бекемдөө үчүн  кайтып келип жатышкан мигранттар үчүн татыктуу жумуштуулукту камсыз кылуучу мүмкүнчүлүктөрдү экономикалык укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнүн эсебинен түзүү жана жаштардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө түрткү берүү. 
  • Социалдык-экономикалык биргелешкен калыбына келтирүү саясатын илимий жактан негизделген изилдөөлөр аркылуу Фергана өрөөнүндө чек аралаш соода боюнча кызматташууга өбөлгө түзүү.

Бул программа боюнча түздөн-түз бенефициарлардын болжолдуу саны минимум 10 000 тобокелчил топко кирген кожолуктар (50 000ден ашуун адам).  Түздөн-түз бенефициарлардын негизги топторуна жумушсуз аялдар, кайтып келишкен мигранттар жана жаштар киришет.

Жүзөгө ашыруу боюнча өнөктөштөр: ПРООН Экономика министрлиги (ЭМ), Саламаттыкты сактоо министрлиги (ССМ), Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги (ЭСКМ), Мамлекеттик миграция кызматы (ММК), Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы Министрлиги (АКТЧМ) Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (СИУИ), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук коопсуздук Кеңеши (УКК), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Жалала-Абад жана Баткен облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү.

Долбоордун географиялык жактан камтылышы: Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары

Башталышы: апрель 2021-ж.

Аякташы:  март 2024-ж.

Долбоордун бюджети: 2,000,000 АКШ доллары