Борбордук Азиядагы соодага көмөктөшүү (IV фаза)

Долбоор тууралуу маалымат:  

Долбоордун максаты Борбордук Азиядагы мамлекеттерге инклюзивдүү жана туруктуу өнүгүү моделдерин айыл жерлеринде жана таза өндүрүш тармактарында алга жылдырууга көмөктөшүү. БУУӨПТүн Соодага Көмөктөшүү долбоорунун мурунку баскычтарынан алынган сабактарына таянсак, долбоордун учурдагы фазасы жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү салттуу экспорттун (негизинен жаңы мөмө-жемиштер) саны жана сапаты жагынан эл аралык атаандашууга үндөө эмес, негизги продуктарын аныктоого багытталат. Бул максатта долбоор үч башкы дэңгээлде иштейт, алар бири-бирин бекемдеп турат:

  1. Саясат дэңгээлинде (макро дэңгээл) – негизги көңүл соода саясатынын концепцияларын иштеп чыгууга бурулат.
  2. Бизнести колдоо институтардын дэңгээлинде (мезо) долбоор 1 компонентте камтылуучу өз кардарларына кызмат көрсөтүү жана өнүктүрүү максатында бизнести жана сооданы колдогон уюмдарды колдойт.
  3. Бизнести колдоо дэңгээлинде (микро) – долбоор II компоненттин алкагында боло турган ишкерлердин бизнесин кеңейтүүдө жана жумушчу орундарын түзүүдө туздөн-түз колдоо көрсөтөт.

Мындан тышкары, эки кайчылаш темалар гендердик теңчилик жана экологиялык туруктуулук. Соодага көмөктөшүү долбоору Туруктуу өнүгүү максаттары менен шайкеш келет жана учурда 12 максатка жана 30 көрсөткүчтөргө жетишүүдө.  


Алгачкы жыйынтыктар:  

Чакан жана орто бизнес үчүн финансылык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдоо боюнча иш чаралар

  • Чакан жана орто бизнестин туруктуу өсүшү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, анын ичинде тышкы соода жана интеграция маселелери боюнча Экономика министирлигине консультациялык колдоо көрсөтүлдү;
  • Кардарлар үчүн корпоративдик башкаруу тутумун өркүндөтүү боюнча кызматтарды жүзөгө ашырууга Гарантийный Фондуна колдоо көрсөтүлдү;
  • Негизги жашылча продуктуларына талдоо жүргүзулүп, анын натыйжасында үч продукт аныкталган: табигый бал, жаңгактын жана кургатылган жемиштердин аралашмасы жана туризм;
  • Долбоор Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан жашыл экономиканын тармактары үчүн финансылык өнүмдөрдү (насыяларды) иштеп чыгуу максатында колдоого алынган.
  • Экономика Министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта, долбоор экспортко багытталган тармактар үчүн финансылык программаларды, анын ичинде Россия Федерациясынын федералдык чекене сатуучуларына товарларды жеткирип берүүчү экспортерлорду каржылык колдоо долбоорун, экспортлорлор үчүн факторингдик кызматтардын долбоорлорун даярдоого өз салымын кошту;
  • Соода өнөр-жай палатасы менен кызматташуунун натыйжасында 4 негизги багыт боюнча көрсөтмөлөр иштелип чыккан. Бул колдонмодо бизнести баштоонун негизги аспектилери жана анын ишмердүүлүгү чагылдырылган.

Негизги рынокторго жетүүнү жогорулатуу боюнча иш-чаралар:

  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын 7 областында 200дөн ашык экспортерлордун катышуусу менен “Экспорт Кербени” уюштурулган;
  • GIZ жана IPD (Import Promotion Desk в Германии) менен биргеликте долбоор export.gov.kg платформасында онлайн-кызматын иштеп чыгууда; Бул кызмат көрсөтүүлөр экспорттун даярдыгын текшерүү, рынок отчетун (мүмкүнчүлүктөр), рынок профилдерин, экспортерлордун каталогун өзүнө камтыйт;
  • Программанын алкагында export.gov.kg дарегинде экспортточулар үчүн рынокту анализдөө жана онлайн-контентти кеңейтүү боюнча долбоор ишке киргизилген;
    Эл аралык бизнестин соода тармагын колдоо институттары үчүн экспортерлорду интернационалдаштырууга даярдануу максатында БУУӨП-Россия платформасы менен бирге бизнес кызматтары үчүн эл аралык бизнестеги АПЗИ потенциалын өнүктүрүүдө, орус тажрыйбасын тартуу максатында тренинг өткөрүлдү. 33 уюмдун өкүлдөрү катышты;
  • GIZ менен биргеликте тажрыйбасы бар эл аралык экспертти тартуу менен REX тутумунда экспортерлорду каттоо боюнча семинар уюштурулган. 100дөн ашык экспортерлор катышты.
  • 2019 жылдын 27-мартында Жаннат мейманканасында “Кыргызстанда жасалган” көргөзмөсү болуп өттү, ага тамак-аш, иштетүү өнөр жайы, текстиль жана кийим тигүү өнөр жайы, айыл-чарба продукциялары боюнча 31 ишкана катышты. Натыйжада 8 компания 16,9 млн.доллар экспорттук келишимдерге кол коюшту. Жана 1 МОВ 50 млн.АКШ долларына кол койулган.
  • 2019 жылдын 24 Сентябрдан 27 сентябрга чейин Москвада өткөн бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк продуктуларынын көргөзмөсүнө төө-бурчак, кургатылган жемиштер, консервалар, колбаса, сүт азыктары жана суусундуктардын өндүрүүчүлөрү жана экспортточу 11 атамекендик ишкана катышты. Натыйжада 6 ишкана келишим түзүштү (алдын ала аныкталган суммасы 0,022 миллион АКШ доллары).
  • 2019 жылдын 6 ноябырынан 8 ноябрга чейин Казахстандын Алматы шаарында Атакент көргөзмө комплексинде өткөн 22 Борбордук Азия эл-аралык көргөзмөдө 13 атамекендик өндүрүүчүлөр жана азык-түлүк товарларын экспорттоочу ишканалар катышты. Натыйжада 4 ишкана (1.123 млн.долл) келишимге кол койушту.
  • 2019 жылы долбоордун колдоосу менен 9 туристтик ишкана БАЭ, Оман, Кувейт, Бахрейндеги 4 роуд-шоуга катышышты. Натыйжада бардык ишканалар Кыргызстанга туристтик продукцияны сатуу боюнча потенциалдуу өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
  • Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментин колдоого алып, 2020 жылдын январь жана февраль айларында Түштүк Кореяда, Индияда жана Улуу Британияда өткөн роуд-шоуга туристтик компаниялардын катышуусун колдоду.


Айымдардын бизнесин колдоо боюнча иш-чаралар:

  • 2019 жылы БУУӨП Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ыссык-Көл областарында айым ишкерлер үчүн насаатчылык программасын түзүп, ишке ашырды. Катышуучулардын саны 216 (206) айымдарды түздү. Насаатчылык программасынын алкагында 2 жаңы ишкана түзүлдү.
  • 2019 жылдыдн ноябрь айында долбоор айымдардын ишкердүүлүк күнүнө арналган конференцияны колдоду. Жеке сектордон 500дөн ашык өкүл катышты. Конференциянын жүрүшүндө Борбордук Азиядагы айымдар ишкердүүлүгүнүн өкүлдөрү региондук кызматташуунун мумкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
  • Ошондой эле долбоор айымдардын ишкердүүлугүнүн маселелерин чагылдырган маалыматтык кампанияны баштады. Кампаниянын алкагында социалдык тармактарга насаатчылык программасы жөнүндө 20дан ашык видео жана лидер ишкер айымдар жөнүндө 12 видео жарыяланды.

Күтүлгөн натыйжалар:  

Чакан жана орто бизнеске кирүүнү колдоо:

  • Компанияларга экспортту илгерилетүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигине колдоо көрсөтүү;
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттикитин жана бизнес ассоциациялардын соода тармагын илгерилетүү максатында b2b жыйынын өткөрүү;
  • Өкмөттүн, жеке сектордун, жарандык коомдун ошондой эле донордук коомчулуктун катышуусу менен Кыргызстандын бардык аймактарында экспорттук кербендерди колдоо.

Финансылык технологияларга жетүүнү жакшыртуу:

  • Чет өлклөрдөн келген жаңы технологиялардын камсыздоочусу менен Кыргызстандын жеке секторунун ортосунда байланыш түзүү;
  • Экономика министрлигине жана Кепилдик Фондуна консультативдик колдоо көрсөтүү, ошондой эле экспортерлор үчүн технологиялык маалыматтык аспаптарды иштеп чыгуу;
  •  Экономика министрилигине жана экспортерлорго консультативдик колдоо көрсөтүү
  • ГФ кардарлар үчүн корпоративдик башкаруу тутумун киргизүү.

Иновациялык технологиялардын жардамы менен негизги продукциянын өндүрүмдүулүгүн жана экспортко даярдыгын жогорулатуу:

  • Өндүрүмдүүлүктү, продукциянын сапатын жогорулатуу, товарларды таңгактоо жана жаңы базарларды диверсификациялоо үчүн ишканалардын потенциалын жогорулатуу;
  • Өндүрүлгөн продукциянын экспортун көбөйтүү максатында эл аралык стандарттарды киргизүү (Global GAP, HACCP, FSSC);
  • Жашыл технологияларды киргизүү;
  • Экологиялык аспектилерди эске алуу менен бирге практикалык тренингдерди өткөрүү;
  • Эл аралык көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышууга чакан жана орто бизнести колдоо.

Айыл жериндеги айымдарды жана жаш ишкерлерди колдоо:

  • Бизнес пландаштырууда айымдардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
  • Жашыл технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл буруу менен конкурс катышуучулардын бизнес идеяларын колдоо.

Долбоордун абалы:  Активдүү

Башталган датасы:   Июль 2018

Долббордун аяктоо күнү:  Июнь 2022

Географиялык камтылышы:  Кыргыз Республикасы, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ыссык-Көл областтары

Тематикасы:  жакырчылыктын бардык формаларын жана өлчөмдөрүн жоюу

Долбоордун жетекчиси:  Урмат Такиров

Партнерлор:  Экономика Министрлиги, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги, сооданы колдоочу жергиликтүү мекемелер, экспорттук кызматтарды көрсөтүүгө адистешкен чакан жана орто бизнес жана жергиликтүү өндүрүүчүлөр, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчүлөр жана фермерлер, соода жана өнөр-жай палатасы, бизнес-ассоциациялар, АО “«Гарантийный фонд»,  жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөр, облусттук жана райондук администрациялар.

Каржылоо булагы:  Финляндиянын Тышкы Иштер Министрлиги

Бюджет:  2,000,000 Евро

Impact

START DATE

July 2018

END DATE

December 2023

STATUS

Completed

PROJECT OFFICE
IMPLEMENTING PARTNER

United Nations Development Programme

DONORS

GOVERNMENT OF FINLAND

UnSpecified

TOTAL CONTRIBUTIONS

$8,442,691

DELIVERY IN PREVIOUS YEARS

2018$341,456

2019$1,089,793

2020$1,365,671

2021$1,831,949

2022$1,505,908

2023$821,099

Full Project information