Бишкек шаарындагы таштандылар боюнча ачык инновациялардын сынагы

Кыскача маалымат

Кыргызстандагы БУУӨПТүн өкүлчүлүгү кургак тиричилик таштандыларды башкаруу көйгөйүн чечүүдө иноваторлор менен кызматташууга жана аларга колдоо көрсөтүүгө умтулат. Кургак тиричилик таштандыларды башкаруу бул дүйнөлүк экологиялык көйгөй жана дүйнөнүн көп бөлүктөрүндө чечилбеген негизги көйгөй. Акыркы жылдары Кыргызстанда өнөр жай жана муниципалдык таштандылардын экологиялык жана техникалык коопсуздугу боюнча көзөмөл күчөтүлдү. Бирок, 35 калдык сактоочу жайга жана 25 тоо чуңкуруна чачылган 100 миллион тоннага жакын өндүрүштүк жана керектөө таштандылары топтолгон. Бишкекте гана ЦООНРР эсептөөлөрүнө ылайык күн сайын 1000 тонна жыйналат, ал жыл сайын 20%ке көбөйөт. Өлкөнүн башкы экономикалык борбору болгон Бишкек шаары таштандылар менен байланышкан көптөгөн көйгөйлөргө туш болуп жатат. 1989 жылдан бери шаардын калкы эки эсеге көбөйдү. Тез урбанизация, ири калктуу конуштар жана негизинен формалдуу эмес сектор жана экономика шаардын инфраструктурасына жана анын ичинде кургак тиричилик таштандыларды башкарууга басым жасап жатат.   

Акыркы жылдары жарандык жана жеке секторлорго негизделген инновацияларды региондогу жана коомдогу көйгөйлөрдү чечүү жана жарандарды көйгөйлөрдү чечүүгө жигердүү тартуу үчүн колдонуу тажрыйбасы күч алууда. Бул жарандардын инновациялык чечимдерин колдонууга мүмкүндук берет жана ачык маалыматтарды приоритеттөөчү ачык таштандылар картасы сыяктуу эле, коомдук кийлигишүү аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү колдойт, жалпы элге өз номерин каалаган колдонуу үчүн жүктөөгө мүмкүнчүлүк берет, шаарды тазалоодон баштап изилдөөгө чейин, геотегдерди колдонуп, колдонуучулар бир гана самандан баштап, бүт көчө таштандысына же Literatti аркылуу документтештире алат, ал адамдарды смартфондоруна таштанды чогултууга жана аны документтештирүүгө үндөйт.

Кыргызстанда муниципалдык кургак тиричилик таштандылардын жашоо циклин изилдөөдө экологиялык маселелерге жана таштандыларды башкарууга кызыккан бир катар жарандардын, мекемелердин, ишканалардын пайда болгонун көрсөттү. Бул кызыккан жарандардын топтору чакан гранттык долбоорлорду пайдаланып, таштандыларды башкаруу боюнча инновациялык идеяларды ишке ашыра алышат.

Ушул максатта БУУӨП Жашыл экономика үчүн Өнөктөштүк долбоору аркылуу таштандылар менен байланышкан чечимдерди иштеп жаткан иноваторлорду колдоого даяр. (https://www.un-page.org/).

Биз төмөнкү көйгөйлөргө тиешеси бар идеяларды колдойбуз:

  • Калдыктарды өзүнчө чогултуу боюнча түшүндүрүү иштери;
  • Таштандылардын санын азайтуу;
  • Материалдарды кайра иштетүү жана кайра колдонуу пайызын жогорулатуу;
  • Калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу боюнча инфраструктурасын колдоо;
  • Компост боюнча маалыматты жогорулатуу;
  • Өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилигинин ар кандай моделдерин сыноо, сатып алуу үчүн желим баштыктарга альтернатива түзүү боюнча жеке демилгелерди колдонуу;
  • Иштеп жаткан же жаңы ишканаларда жаңы технологияларды киргизүү, кайра иштетилген материалдарды сорттоо, өндүрүү менен байланыштуу;
  • Таштанды полигондорду бакчаларга айлантуу;
  • Учурдагы полигондорду эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча операторлордун квалификациясын жогорулатуу үчүн техникалык жардам көрсөтүү жана окутуу;

Сынакка экология маселелери жана ташатндыларды башкаруу меселелери менен алектенген жарандар, институттар, НПО, жеке ишканалар катыша алат. Сынактын жеңүүчүлөрү таштандыларды башкаруунун инновациялык идеяларын пилоттук түрдө ишке ашыруу үчүн 3000 доллардан 5000 долларга чейин утуп алуу мүмкүнчүлугүнө ээ болушат.

Биринчи орунга - $5000

Экинчи орунга  - $4000

Үчүнчү орунга  - $3000

Тандоонун критерийлери

БУУӨПтүн алкагында гранттык сунуштарды баалоо үчүн гранттык тандоо комитети тузулөт. Тандоонун критерийлери төмөндө көргөзүлгөн:

Оригиналдуулук– Бул идея канчалык оригиналдуу же уникалдуу? Бул идея мурда кодонулганбы?

Керектүүлүк – бул идея канчалык керектүү? Бул идея конкреттүү адам үчүн керекпи? Эгерде идея ишке ашса, анда ал кимдир бирөө үчүн баалуу болобу?

План– идеянын мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү үчүн презентацияда көрсөтүлгөн кадамдар канчалык түшүнүктүү, логикалык жана мүмкүн?

Туруктуулук

Адатта, бул кандайдыр бир демилгенин мүдүрүлүшү. Бирок бул инновациялык тапшырма өз идеяларын санап көрүүгө жана калктын башка топторуна кургак тиричилик таштандыларды чөйрөсүндө натыйжалуу жана инновациялык идеяларды көрсөтө ала турган бир нече өзгөртүү агенттерин жаратат.

Сынакка катышуу жана жана арыз берүү

Бардык сунуштар 2020 жылдын, 7 Августка чейин innovationcall2020@gmail.com  катталышы керек. Командалар 2020 жылдын 10-14 Августка чейин ооз эки маекке чакырылышат.

Сунуштар кызыккан жарандардан, бейөкмөт уюмдардан, жеке ишканалардан кабыл алынат. Документтер төмөнкүлөрдү камтыш керек:

  • Долбоордун планы
  • Бюджет 
  • Команданын мүмкүнчүлүктөрү  
  • Иш тажрыйба

Бардык колдоого алынган катышуучулар 2020 жылдын ноябрь айынын аягына чейин жыйынтыктарын көрсөтүшү керек, ошондой эле конкурстун бардык жеңүүчүлөру дагы  алынган тажрыйба боюнча 2 отчет даярдаш керек.

Сунуштар БУУӨПТүн жогорку жетекчилигинен, кургак тиричилик таштандыларды жана инновация жаатында иштеген эксперттерден, Бишкек шаарынын мэриясы жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу тарабынан каралат.