“Зордук-зомбулук аялдардын көйгөйү эмес, бул бүтүндөй коомдун көйгөйү”

2022-ж., 8-September

 

Бул тууралуу 6-сентябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Аялдар, балдар жана гендердик теңчилик боюнча Кеңеш жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, депутаттардын жана ЖКда иштеген укук коргоочулардын катышуусунда кеңейтилген жыйынында айтылды. Анда Кеңештин аялдардын, балдардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчиликти илгерилетүү тармагында 2022-2024-жылдарга карата иш планы бекитилди.

«Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук күн сайын өсүүдө. Зордук-зомбулук аялдардын көйгөйү эмес, жалпы коомдун көйгөйү. Биз зордук-зомбулуктун түпкү себебин таап, аны түп тамырынан чечишибиз керек. Зордук-зомбулук боюнча аялдарды жана балдарды коргой турган мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл», - деди ЖК депутаты Камилла Талиева.

Кризистик борборлор ассоциациясынын маалыматы боюнча, сексуалдык зомбулук фактыларынын саны жыл сайын өсүүдө. Маселен, Кризистик борборлор ассоциациясынын директору Толкун Тилекованын айтымында, 2017-жылы сексуалдык зомбулук фактысы боюнча 207 кайрылуу катталса, 2019-жылы алардын саны 772 учурга көбөйгөн.

Жыйындын жүрүшүндө Кеңештин катчылыгынын мүчөлөрү КР Президентине караштуу Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо комитетин түзүүнү сунушташты.

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун төрагасы Назгүл Турдубекова комитеттин түзүлүшүн колдойт. «Аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулук маселеси КР президентинин деңгээлинде чечилиши керек. Мен депутаттардын президентке караштуу аялдардын жана балдардын укугун коргоо комитетин облус, район, айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде түзүү керек деген демилгесин колдойм. Кырдаал күндөн-күнгө оорлоп баратат, бардык чараларды тездетилген режимде иштеп чыгуу керек. Биз ар бир аялдын жана баланын коопсуздугу үчүн күрөшүшүбүз зарыл».

Кеңеш  2022-2024-жылдарга гендердик теңчилик боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын долбооруна ылайык, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жана колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын комплекстүү стратегиясын иштеп чыгууга жана бекитүүгө, депутаттар менен шайлоочулардын диалогдук аянтчасын түзүүгө, ошондой эле дискриминацияга каршы мыйзамдардын концепциясын иштеп чыгууга артыкчылык берет.

"Социалдык технологиялар агенттиги" уюмунун аткаруучу директору Зулфия Көчөрбаева Кеңеш мыйзам чыгаруу демилгелерине басым жасап, гендердик зомбулукка каршы мыйзамдардын кабыл алынышына, ошондой эле гендердик мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү парламенттин функциясына көмөктөшүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле ал чараларды кабыл алуу аркылуу бардык мамлекеттик органдарда саясий кызматтарда аялдардын кеңири өкүлчүлүгүн камсыз кылуу, зордук-зомбулук жана теңдик боюнча маалымдуулукту жогорулатуу максатында Кеңештин ишине эркек депутаттардын катышуусун жогорулатуу зарыл  экенин белгиледи.

Кеңештин иши Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы тарабынан жана БУУ-Европа Биримдигинин “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында колдоого алынат.

Жалпы маалымат.

Кеңеш аялдардын укуктары, гендердик теңчилик жана балдардын укуктары боюнча мамлекеттик органдар, жарандык коом, эл аралык уюмдар менен Жогорку Кеңештин ишин координациялайт.

• Аялдардын жана балдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти сактоону камсыз кылуу үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү;

• Аялдардын, балдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууда улуттук саясатка жана мамлекеттик программаларга гендердик мамилелерди жана баланын кызыкчылыктарын киргизүүгө көмөк көрсөтүү;

• Аялдардын жана балдардын укуктарын, гендердик зомбулукту жана дискриминацияны коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.

Кеңештин иши Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы тарабынан жана БУУ-Европа Биримдигинин “Теңдик нуру” демилгесинин алкагында колдоого алынат.

Суроолор боюнча Айнагуль Абдрахмановага кайрылса болот

ainagul.abdrakhmanova@undp.org же +996 770 183493