Сезондук сооданы кантип туруктуу бизнеске айландырууга болот?

2022-ж., 8-August

Менин аты-жөнүм Перизат Тутунова, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан болом. Менин апам 15 жылдан ашуун убакыт жергиликтүү базарларда ышталган балык сатып иштеп келе жатат. Биздин үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрү ушул бизнес менен алектенчүбүз – балык ыштап, жайкы туристтик сезондо сатчубуз. Жумасына 5тен 7 кутуга чейин даяр продукция сатылар эле. Бирок, керектүү жабдуулардын, инвентарлардын жетишсиздигинен улам өндүрүштүн көлөмүн көбөйтө алган жокпуз. Биринчиден, продукцияны сактоочу жай жок болчу. Апамдын бизнести уюштуруу жаатында билими жетишсиз эле, ошондуктан мен бизнес долбоорун иштеп чыгууга кириштим. Анан БУУӨПтүн бизнес долбоорлорунун биринин сынагына катыштым.

Туруктуулукка карай кадам

Тандоодон өтүп, биз 70 миң сом өлчөмүндө гранттык колдоо алдык. Бул каражатка соода павильонуна жабдуу, вакуумдук аппарат сатып алдык. Соода жакшы боло баштады, анан биз сынактын кийинки этабына катышып, дагы 850 миң сом өлчөмүндөгү гранттык колдоо алдык. Бул акчага биз бизнес үчүн дагы жабдууларды сатып алдык, эми бизде продукция сактоочу техника, витрина муздаткычы, башка товарлар үчүн да текчелер, ал тургай автоунаабыз да бар.

Бизде күнү-түнү соода кылууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Ал эми ышталган балыктарды эми вакуумдук таңгактарда да чыгара баштадык. Каражат чогултуп, кошумча балык ыштоочу жай жана сактоочу жайды өзүбүз куруп алдык. Ышталган балыктарыбыздын сапаты жакшырды, кардарларыбыз бизди тааныш-билиш аркылуу же биринен угуп эле табышат. Бул жылы биз «Ак Жол» брендибизди рынокто таанытуу үчүн жакшылап иштей баштадык. Буйрутма бергендерге товарды автоунаабыз менен өзүбүз жеткирип беребиз.

Буга чейин биз негизинен жай мезгилинде, туристтик сезондо гана иштечүбүз. Азыр болсо жыл бою иштеп жатабыз. Анткени биздин муздаткычтар жайында даярдалган балыкты узак убакытка сактоого мүмкүндүк берет, буга чейин мындайды элестете да алчу эмеспиз.

Бизнесибизди кеңейтип, биз 12 жумушчу орун түзө алдык. Апам экөөбүз товар жеткирүү жана кабыл алуу менен алектенебиз. Азыр биз алдыбызга ышталган балыктарды вакуумдук таңгактарда жайылтуу милдетин койдук, анткени бүгүнкү күндө дал ушундай продукциялар рыноктун талаптарына жооп берет жана бул сезондук бизнестен туруктуу бизнеске өтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Жаштардын, өзгөчө калктын аярлуу топторунун өкүлдөрүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү БУУӨПтүн приоритеттеринен болуп саналат. Перизат Тутунованын балык бизнесин каржылоо бир катар башка социалдык-экономикалык демилгелердин бири сыяктуу Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана John Galt бизнес-акселаторунун консультациялык колдоосу менен БУУӨПтүн “Борбордук Азияда зомбулук экстремизминин алдын алуу үчүн коомчулуктун туруктуулугун жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо” долбоорунун алкагында мүмкүн болду.