PAGE жалпы системалык социалдык-экономикалык кайра курууну баштоо үчүн зарыл болгон саясий жана инвестициялык өзгөрүүлөр жөнүндө талкуулоого өбөлгө түзөт

2022-ж., 15-June
PAGE brings forward the debate on policy and investment shifts needed to spark the system-wide socioeconomic transformation

2022-жылдын 2-июнунда  БУУӨП (ПРООН), БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасы (ЮНЕП), Эмгектин эл аралык уюму (МОТ), БУУнун өнөр жай өнүгүүсү боюнча уюму (ЮНИДО) жана  БУУнун окуу жана илимий-изилдөө институту (ЮНИТАР),  БУУнун Өнөктөштүгүнүн калкасында “жашыл” экономиканы (PAGE) колдоо үчүн «Стокгольм+ 50» конференциясынын алкагында иш-чара өткөрүлдү. Анын максаты каржылоону жана экономиканы карап чыгууга, ошондой эле “жашыл” экономиканы кайра курууну тездетүү үчүн иш-аракеттерди даярдоого багытталган. Бул болсо климаттын өзгөрүү, жаратылыштын жакырданышы  жана булганышы, тандемдеги социалдык-экономикалык теңсиздик сыяктуу маселелердин чечилишине  өбөлгө түзмөк.

Өкмөттүн, өнүгүү боюнча расмий органдардын өкүлдөрү, БУУнун агенттиктеринин, илимий жана каржылык уюмдардын  жетекчилери чогулуп, бардыгыбыз үчүн гүлдөп-өсүүнү жана жыргалчылыкты камсыз кылуу үчүн жалпы системалык социалдык-экономикалык кайра курууну ишке киргизүүгө кандай саясий жана инвестициялык өбөлгөлөр зарыл экендигин талкуулашат.

¨Стокгольм+50 азыркы кыйын мезгилде биздин айлана-чөйрөнү коргоону жактоочулугубузду бекемдөөчү маанилүү мүмкүнчүлүк болуп бере алат.  PAGE — БУУнун «Стокгольм+50» конференциясынын күтүлүүчү натыйжаларына жетишүүнү камсыздай турган алдыңкы демилгелеринин бири болуп эсептелет, - деп билдирди БУУнун Баш катчысынын жардамчысы;  БУУнун Окуу жана илимий-изилдөө институтунун (ЮНИТАР) аткаруучу директору Нихил Сет.

Кыргыз Республикасынын «Стокгольм+50» конференциясындагы позициясы 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартибин жүзөгө ашырууда өлкөнүн  милдеттенмесин баса белгилейт жана жашоонун сапаты жана деңгээли, адамдардын укуктары жана милдеттери мамлекеттик саясаттын чордонунда турат. Акыркы жылдары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү климаттын өзгөрүүсү, финансылык кризис жана албетте пандемия COVID-19 сыяктуу саясий татаал процесстер менен шартталганына карабастан, Кыргызстан “жашылды” калыбына келтирүү элементтерин камтыган биринчи кезектеги чараларды кабыл алуу аркылуу экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

КР Президенттик Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүң башчысы Исанов Алмаз мырзанын белгилегендей,  Кыргызстандын «Стокгольм+50» конференциясына катышуусу бир кыйла адилет экономикалык системаны түзүүнү караштыруу, айлана-чөйрөнүн абалын начарлаткан түзүлүштү кайра карап чыгууну ойлоо үчүн маанилүү учур болуп берди.

Исанов мырза өзүнүн сөзүндө: “Кыргызстанда 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды. Бул улуттук кампаниянын алкагында климаттын туруктуулугу жана токойлордун интенсивдүү өсүүсү үчүн жаратылыш мурастарын өнүктүрүү демилгеленди. Кыргызстан тоолуу токойлор боюнча БУУнун атайын программасынын иштелип чыгышын колдойт жана эл аралык өнөктөштөрдү жана уюмдарды бул демилгени колдоого чакырат.

Биздин өлкө үчүн  «Стокгольм+50» процесси – бул прогрессти баалоо мүмкүнчүлүгү жана туруктуу өнүгүү Максаттарына жетүүгө багытталган ишмердүүлүктү стимулдаштыруу. Мамлекеттик позицияны калыптандыруу процесси жалпы улуттук кеңири консультациялар менен коштолду, анын ичинде бул процесске Жогорку Кеңештин депутаттарынын, Министрлер кабинетинин, мамлекеттик бийлик органдарынын, илимий жана ишкердик чөйрөсүнүн, каржы секторунун өкүлдөрү, аялдардын, жаштардын, жарандык коомдун жана жети дубандын өкүлдөрү активдүү катышты.

PAGE дагы «Стокгольм+50» процессин лидерлердин «Туруктуу өнүгүү үчүн аракеттердин жана жетишкендиктердин он жылдыгынын шарттарында туруктуу өнүгүүнүн экологиялык аспектисин ишке ашырууну тездетүү» Диалогунун алкагында бүткүл дүйнөлүк консультацияларды колдоого алды. 

PAGE Кыргызстанда БУУнун системасында активдүү иштөө менен жакырчылыкты кыскартуу жана туруктуу өнүгүү Максаттарына жетүү натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өлкөнүн муктаждыктарына таасир этүү үчүн улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташат.

Казылып алынган отунга негизделген мурдагы экономикалык жана финансылык сызыктуу моделдер планеталык кризис күчөп жаткан дүйнөдө мындан ары мүмкүн эмес. Көп сандаган жана бири-бири менен байланышкан глобалдык кризистердин мезгили жалпысынан экономикалык, социалдык жана экологиялык аспектилер эске алынып, туруктуулук жаратуучу жана адамдардын өсүп-өнүгүшү жана жыргалчылыгы үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүчү кеңири масштабдагы өнөктөшүүнү талап кылат.

PAGE тарабынан чакырылган лидерлердин баяндамалары бул шилтемеде.

Кыргыз Республикасынын «Стокгольм+50» конференциясы боюнча позициясы толук баяндалган документ бул шилтемеде.