Кыргызгидрометтин адистери гидроклиматтык өзгөрүүлөрдү болжолдоо үчүн программалык камсыздоо менен иштөө боюнча окуудан өтүштү

2022-ж., 12-August

Кыргызгидрометтин адистери менен эксперт Михаил Григорьевский

Мээрим Русланбекова

БУУӨПтүн «Климаттык «акылдуу» ирригация жана селден коргоо системаларын киргизүү аркылуу Баткен облусунун климатка туруктуулугун күчөтүү» долбоорунун алкагында келечектеги гидро-климаттык өзгөрүүлөрдү болжолдоо үчүн программалык камсыздоо менен иштөө боюнча беш күндүк тренинг өткөрүлдү. Тренингди Мамлекеттик гидрологиялык институттун эксперти, география илимдеринин кандидаты Михаил Григорьевский өткөрдү. Тренингдин угуучуларынын курамына Кыргызгидрометтин ар кайсы бөлүмдөрүнүн адистери кирген.

Тренингдин негизги максаттары Кыргызгидрометтин кызматкерлерин төмөнкү темалар боюнча окутуу болду:

  • NetCDF-форматында маалымат менен иштөө;
  • CMIP6 долбоорунун атмосфералык жана океандык жалпы циркуляция моделдеринин маалыматтары менен иштөө;
  • модель ансамблдерин түзүү;
  • ар кандай адистештирилген программалык камсыздоонун жардамы менен керектүү эсептөөлөрдү жүргүзүү;
  • келечектеги гидроклиматтык өзгөрүүлөргө болжолдуу баа берүү.

Тренингдин жүрүшүндө негизги басым практикалык көнүгүүлөргө жасалды, анын жүрүшүндө Кыргызгидрометтин кызматкерлери эксперт менен бирге маалыматтарды даярдашты жана климаттын келечектеги жүрүм-турумунун (пессимисттик, орточо жана экстремалдуу) болжолдуу үч сценарийи боюнча Баткен облусундагы буулануунун өзгөрүүсүнүн болжолдуу эсептөөлөрүн жасашты. Алынган жыйынтыктар эксперт тарабынан изилденип жаткан аймакта негизги гидрохимиялык параметрлердин өзгөрүүсүнө баа берүүнү тактоо үчүн колдонулду.

Бул тренинг адистердин базалык билимдерин жогорулатууга жана CMIP долбоорунун атмосферасынын жана океанынын жалпы жүгүртүлүшүнүн моделдеринин маалыматтарын талдоо жана колдонуу, моделдердин ансамблдерин түзүү, ар кандай программалык камсыздоонун жардамы менен керектүү эсептөөлөрдү жүргүзүү жана Кыргызстандын аймагы үчүн негизги гидроклиматтык параметрлерди болжолдуу баалоону жүргүзүү боюнча жөндөмдөргө ээ болууга мүмкүндүк берди.

«Климаттык «акылдуу» ирригация жана селден коргоо системаларын киргизүү аркылуу Баткен облусунун климатка туруктуулугун күчөтүү» долбоору Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнүн таасирине улуттук адаптациялоо планын ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат жана климаттын өзгөрүшүнүн таасири жогору болуп саналган Баткен облусунун максаттуу жамааттарында климаттын өзгөрүүсүнүн туруктуулугун жогорулатууга жана жоготууларды азайтууга багытталган.