БУУӨП экстремизмдин алдын алуу жаатында мамлекеттик институттардын потенциалын жогорулатууну колдойт

2022-ж., 12-August

Бишкек, 2022-жылдын 12-августу – БУУӨП Кыргызстанда мамлекеттик институттардын экстремизмдин алдын алуу жаатында потенциалын жогорулатуу үчүн билим берүү жолу аркылуу колдоо көрсөтөт. Ошондой эле, ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү жана мыйзам үстөмдүгү механизмдерин, гендердик-сезимтал, укук коргоо механизмдерин пайдалануу үчүн техникалык колдоо көрсөтөт.

Акыркы жылдарда БУУнун Өнүктүрүү программасы Кыргыз Жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Концепциясы, диний чөйрөдөгү Концепция, Терроризмге каршы күрөшүү мыйзамы, Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү жөнүндө мыйзам, Дин жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзам сыяктуу бир катар улуттук концепцияларды иштеп чыгууга көмөктөштү.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия улуттук стратегияларды, концепцияларды жана мыйзамдарды ишке ашырууга катышкан негизги мамлекеттик органдардын бири болуп саналат жана аталган комиссиянын кызматкерлеринин диний жана конфессиялар аралык уюмдар, жамааттар менен иштөөсү жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуусу үчүн бул документтерде белгиленген негизги маанилерди туура түшүнүүсү маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) кызматкерлери дин жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу контекстинде кабыл алынган концепцияларды жана мыйзамдарды талкуулоо боюнча семинардан өтүштү. Иш-чара БУУӨПтүн “Азияда зомбулуктуу экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу” (STRIVE Asia) долбоору тарабынан колдоого алынып, Европа Биримдиги менен ЕС-БУУнун биргелешкен өнөктөштүгү алкагында каржыланды.

Семинарда КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гүлназ Исаева кабыл алынган концепциялардын, мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү жана аларды ишке ашыруунун механизмдери тууралуу айтып берди. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: “Кыргыз Республикасынын ар бир мыйзамы, ар бир концепциясы коомду өнүктүрүүгө жана элдин биримдигин чыңдоого багытталган. Жана жогорудагы концепциялар менен мыйзамдар да мына ошондой жана алар бүгүнкү күндө мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ."

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын кызматкерлери ар түрдүү диний уюмдардын өкүлдөрү менен иштөөнүн иш пландарын жана Кыргыз Республикасынын 2022-2026-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын жана ошондой эле “Кыргыз Республикасынын 2022-2026-жылдар аралыгында Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Концепцияларынын” негиздерин киргизүүнү иштеп чыгышты.

“Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Концепциялары” боюнча семинардын тренери Санжар Тажиматов төмөнкүлөрдү баса белгилеп өттү: “Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү Концепциясы” бир да динге каршы келбейт. Ал кыргыз элинин салтын, маданиятын жана социалдык-коомдук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ар түрдүүлүк, толеранттуулук жана адилеттүүлүк идеясын өнүктүрүү менен иштелип чыккан."

********************
Медиа үчүн байланыш: Нуржан Алымканова, БУУӨПтүн коммуникациялар боюнча адиси, nurzhan.alymkanova@undp.org