BOOST- Таасир Акселерация программасы Европада жана Борбордук Азияда гендердик теңчиликти илгерилетүү үчүн сынак жарыялайт

2022-ж., 4-February

Стамбул, Түркия, 1-февраль, 2022-жыл – БУУӨПнин Европа жана Борбордук Азиядагы колдоосу менен, BOOST, аймактык социалдык инновациялар таасирин тездетүүчү программасы, аялдар менен кыздардын санариптик экономикада гүлдөп-өсүшүнө жана өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн технологиянын күчүн колдонгон инновациялык идеялар үчүн жаңы сынакты баштайт. 

Санариптик трансформация жана жаңы технологиялар бизди алдыга түртүп жатканы менен гендердик санариптик ажырымдын кеңейиши аялдардын түрдүү тармактардагы социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө таасирин тийгизүүдө. Бул ажырымды жоюу үчүн BOOST: Аялдар новаторлор долбоору Европадагы жана Борбордук Азиядагы* аялдар жетектеген стартаптарды, чакан жана орто ишканаларды, социалдык ишканаларды, коммерциялык эмес уюмдарды же академиялык институттарды төрт негизги тематикалык чөйрөдө инновацияларды көрсөтүүгө үндөйт: аялдар жана санариптик технологиялардын жеткиликтүүлүгү. жана алардын колдонулушу, аялда санариптик экономикадагы жана STEMде, аялдар дата маалыматтарда жана технологиялык инновацияларда.

"Коомдорубузда жана экономикабызда санариптик трансформация тездеген сайын, жаңы жана өнүгүп келе жаткан технологиялар жана санариптик инструменттер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү куралы катары зор мүмкүнчүлүктөрдү берет. BOOST аймактагы новатор аялдардын экосистемаларын бекемдөөгө жана алардын создөрүн угууга, экономикалык катышуу жана жарандык активдүүлүктү технология аркылуу жогорулатууга  мүмкүнчүлүк берет», - дейт Герд Трогеманн, Стамбулдагы БУУӨПнин Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык борборунун башчысы.

Мамлекеттик жана жеке өнөктөштөр менен биргеликте башталган сынак ар кандай түрдөгү талапкерлер үчүн ачык болуп,  эки бөлүктөн турат. 1-бөлүк Европада жана Борбордук Азияда* иштеген аялдардын стартаптарынын, чакан жана орто ишканалардын, социалдык ишканалардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана академиялык мекемелердин өтүнмөлөрү үчүн ал эми 2- бөлүк Түркияда катталган жана бардык тармакта инновация боюнча иштеген аялдардын стартаптарына  сынакка катышууга арыздар ачык

"Гендердик теңчиликке умтулган глобалдык лидер катары биз лидерликте жана технология менен инновацияга катышууда гендердик ажырымды жоюу үчүн иштейбиз. BOOST: Түркиядагы Новатор аялдар жетектеген стартаптарды колдоо жана биздин ар түрдүү тажрыйбабызды, көндүмдөрдү жана ресурстарыбызда мобилизациялоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.  “Өнөктөштөрүбүз жана Коч университетинин Ишкердик изилдөө борбору (KWORKS) менен бирге биз инклюзивдик дизайн моделин иштеп чыгууда, санариптик чечимдерди жана инновациялык практикаларды жетектөөдө жана ишке ашырууда пионерлерденбиз”, - дейт Коч холдингинин туруктуу өнүгүү жана сырткы байланыш боюнча корпоротивдик коммуникация вице- президенти Оя Унлю Кызыл

Европа жана Борбордук Азия боюнча 30дан ашуун новаторлор BOOST аймактык акселератор программасына катышуу үчүн тандалып алынат, алар инновацияларды иштеп чыгуу, кайра элестетүү жана масштабдоо боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги окутууга жана насаатчылыкка жетүү жана акционердик капиталдан 10 000 долларга эркин капитал үчүн ат салышат. Бул инновациялар жакшыраак жана инклюзивдик келечекке негиз түзө турган жалпы региондук портфелдин бир бөлүгүн түзөт.

"Ар түрдүүлүк адамзаттын өнүгүүсүнүн бардык аспектилеринде, анын ичинде технологияда абдан маанилүү. Ал сүйлөшүү үстөлүнө уникалдуу идеяларды жана перспективаларды алып келип, коомдун бардык катмарларына пайда алып келүүчү натыйжаларды түзүүгө жардам берет. BOOSTтун максаты - аялдарды өнүктүрүүдө активдүү роль ойноого колдоо көрсөтүү болуп саналат. Баарлашуулар жана процесстер биздин жалпы келечегибизди аныктайт жана бүткүл региондун инноваторлорунун жамаатын бириктирүү үчүн аянтча түзөт”, - дейт Татьяна Зилкова, Словакия Республикасынын Финансы министрлигинин Өнүктүрүү боюнча кызматташуу тобунун жетекчиси.

BOOST аймактагы жана анын чегинен тышкаркы өнөктөштөр тарабынан каржыланат жана колдоого алынат, анын ичинде Коч Холдинг, Словакия Республикасынын Финансы министрлиги жана Ислам өнүктүрүү банкы өзүнүн Tadamon платформасы аркылуу. BOOST ошондой эле STEM4ALL, Startup Grind, KWORKS жана ImpactAIM менен өнөктөш болуп, аймактагы чакырыкты күчөтүү жана жаңы BOOST когорты үчүн эффективдүү программаны камсыз кылуу үчүн кызматташат.

BOOST Новатор Аялдар программасы үчүн арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 1-март. Бул жерден өтүнмө жөнөтсөңуздөр болот: boostimpact.org/challenges/boost-women-innovators.

* Сынакка катыша ала турган өлкөлөр/аймактар ​​төмөндө келтирилген: Албания, Армения, Азербайжан, Беларусь, Босния жана Герцеговина, Грузия, Казакстан, Косово1, Кыргызстан, Түндүк Македония, Молдова, Черногория, Сербия, Тажикстан,